Чүй жана Баткен облсунун имамдары окуудан өтүүдө

334
0

Чүй жана Баткен облсунун имамдары окуудан өтүүдө

 “Ыйман” фонду тарабынан уюштурулган окууга Чүй облусунан 118, Баткен облусунан 134 имам катышууда. Аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун билдиришинче, окуу курстары Ош жана Бишкек шааарларында өтүп жатат.

Кадырбеков: “Бул окуулар имамдардын интеллектуалдык потенциалын көтөрүү жана илим-билимин жакшыртуу долбоорунун алкагында өтүп жатат. ОшМУнун теология факультетинде Баткенден келген имамдар окуп жатат, аларга Ош облусунан 10 имам кошулган. Ал эми Бишкекте Чүй имамдары бир жумалык окууга келишти. Окуулардын өзгөчөлүгү биз имамдарга диний дарстан тышкары, светтик сабактарды дагы окутуп жатабыз”, – деди.

Кыргызстандагы мечиттердин имамдары быйыл экинчи ирет окуудан өтүүнү баштады. Бул иш-чара өлкөнүн 2014-2020 жылдар аралыгында дин саясатын ишке ашыруу концепциясында камтылган. Чүй жана Баткен имамдарынын окуусу 8-январда аяктайт. (Булак, Азаттык радиосу).

Туркистон:

“Ыйман” фонду тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, Кыргызстан мусулмандарын бир нече топторго бөлүп жиберүү негизине курулган. Алар бийликти өз долбоорлору менен таасирлендире алышты. Бул аркылуу орган кызматкерлеринин коргоосу астына кирип алып, алар менен бирге расмий имамдарды тизгиндеп алуу үчүн кеӊири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Максаты, илманий исламий топту пайда кылуу. Бул катмарды алар “муътадил” (байистүү) исламчылар деп атап алышмакчы.

Ар кандай пикирий жетекчилик коомго кирип баруу үчүн үммөттү (калкты) өзүнүн пикирий жетекчилиги менен таасирлендириши керек. Ошондуктан, “Ыйман” фонду, “муътадил” исламчыларды коомдо активдүү аракетке келтириши керек. Ал үчүн “Ыйман” фонду алгач имамдарыбызды Батыштан алып келген, ислам чүмбөтү артындагы теологиялык, илманий жана куфр пикирлеринен таасирлендириши керек. Бул иш-аракетти, кудум, сойкулуктан түшкөн каражат жана пикирлер негизинде динди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан топко окшотууга болот. Себеби, бул топтун максаты, исламий мухит жана мусулмандарды сойкукана, арак соодасы, кумаркана жана сүткордукка негизделген илманий куфр системасын коргоочуларга айландырып берүү. Имам, аалым жана уламаларыбызды Аллахтын өкүмү тебеленишинде өзүн кыпындай да күнөөкөр сезбей турган манкурттарга айландырып алуу. Мусулмандар Халабдагы (Алеппо) сыяктуу массалык түрдө кыргын кылынганда, бир четте сүкүт сактап туруучу кылып алуу. О.э. куфрдун кызыкчылыгы үчүн Куранды бурмалап түшүндүрүп, аларга моюн суна беришибиз үчүн шаръий жолдорду издеген уламаларды пайда кылуу. Муну алар “муътадил ислам” (байистүү ислам) деп атап алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here