Россия Халаб калкынын эркин сындыруу үчүн жалган айтууну улантып жатат

353
0

Россия Халаб калкынын эркин сындыруу үчүн жалган айтууну улантып жатат

Россия АКШнын буйругу менен Сирияда ырайымсыз чабуулдарды баштаганына бир жылдан ашты. Ошондон бери Россия өзүнө тапшырылган ыпылас тапшырманы аткаруу үчүн жүргүзүп жаткан саясат өзгөрбөдү. Россияга жандуу-жансыз нерселерди бомбалоо, социалдык обьекттерди урандыга айлантуу аркылуу сабырдуу козголоңчулардын эркин сындыруу милдети жүктөлгөн эле. Ал маал-маалы менен (миналаштырылган т.а. күтүүсүздөн жарылышы мүмкүн болгон) «гуманитардык паузаны» жарыя кылды. Шам калкын үмүтсүздүккө түшүп моюн сунууга о.э. Американын карамүртөз чечимине моюн сунууга мажбур кылар деген үмүттө бул «гуманитардык паузаны» өзү каалаган убакта жарыя кылды, каалаган убакта мөөнөтүн узартып, каалаган убакта жокко чыгарды.

Ачык көрүнүп тургандай, ар дайым бирер демилгени көтөрүп чыгуу, же конференция өткөрүү сыяктуу эл аралык саясий ишмердүүлүк боло турган болсо, албетте андан мурда бомбалоо кылмышы ишке ашырылат. Бул кылмышка сүкүт сактоо, аны токтотуу үчүн бирер иш кылбастык о.э. АКШ жана Батыштын тынчтыгын бузган козголоңду муунтуп таштоо үчүн эл аралык тил бириктирүү шерик болот… Анткени, төгүлүп жаткан кан мусулмандардын каны…

Дагы ушул нерсе да белгилүү, канкор режим өзү үчүн келишим жана сүйлөшүүлөрдөн жакшыраак курал жок деп билүүдө, анткени ал ушулар аркылуу региондор артынан региондорду басып алууда же курчоого алып, урандыга айлантууда, андан соӊ башка регионго өтүүдө…

Жогоруда айтылгандардан келип чыгып, Россиянын билдирүүлөрүн жана бир нече күн мурдагы жарыясын түшүнүүгө болот. Ал «гуманитардык пауза»га ыраазы болгонун, «тынч коридорлор» ачып, куралдуу кишилерди Халаб шаарынан ушул коридорлор аркылуу чыгууга чакырып жатканын, бул куралдуу кишилер курчоодо калганы себептүү өтө чоӊ көлөмдө зыян тарткандыгын билдирди. Ошол эле убакта, бир нече куралдуу топтор Халабдагы боордошторун курчоодон куткаруу үчүн чабуул баштагандыгын жарыя кылышты. Рейтер маалымат агенттигинин билдиришинче, Россия «шаршемби күнү Халабда курчоодо калган Сирия оппозициялык күчтөрүнөн жума күнү кечке маал шаардан чыгып кетүүнү талап кылган жана шаардын ичкерисиндеги буталарга каршы авиа соккуларды токтотуп, бул мөөнөттү узартышы мүмкүн экендигин баса белгилеген». Россия коргоо министрлиги оппозициялык согушкерлерге 4-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 09:00дөн 19:00гө чейин эки коридордон куралдары менен тынч чыгып кетүүгө уруксат берилгенин билдирди. Мындан мурда шаршемби күнү болсо ушул министрлик согуш учурунда оппозициялык согушкерлер өтө чоӊ зыян тарткандыгын жана алар амалий курчоо абалында экендигин кабарлаган болчу. Андан соӊ «оппозициялык согушкерлердин Халабда жеӊишке жетүүгө болгон бардык аракеттери ийгиликсиз болгонун» кошумчалады.

Ооба, Россия келишим аркылуу европалыктардыыраазы кылууга аракет кылууда. Бирок ошого карабастан, Сирия майданындагы абал анын билдирүүлөрү жалган экенин ачып коюуда. Россиянын жалгандарын ачыктап жаткан көрүнүштөр төмөнкүлөр: Курчоого алынган Халабдын ичкерисинен чыккан көптөгөн видеолордо Халаб калкынын бекемдик менен тургандыгы, сабырдуулугу көрүнүп турат. О.э. алар динин, өлкөсүн жана намыстарын коргоо жолунда шейит болмоюнча ал жерден чыкпастыгын баса белгилешкен;

  • Согуш майданында бекем турган бир нече топтор бир катар билдирүүлөрдү чыгарып, бул билдирүүлөрдө Халабдан чыгууга ыраазы эместигин билдиришкен;
  • Бирер топ тарабынан келишимге ыраазы болгону тууралуу билдирүү чыгарылган эмес; курчоону бузууга келишип алган согушкерлерде күчтүү акыйда бар, алар эӊ оболу Аллахка тобокел кылып, буга керектүү себептерди колдонуп, жакшы даярдыктарды көрүп жатышат;
  • Россия коргоо министрлиги мындай билдирүү берди: «Халабдагы Кастелла аркылуу батыш бөлүктөгү куралдуу топтордун бомбалоосу натыйжасында Россиянын Сирияда келишимди ылайыкташтыруучу борбордогу орус аскерлери жараат алышты, кийинчерээк башка аймакта да жараат алгандар болду”;
  • Курчоонун ичкерисинде курчоону бузуу үчүн аракет кылып жаткан топтор менен өз ара ылайыкташтырылган операциялар өткөрүлдү; бул топтор өткөн бейшемби күнү душмандын жүрөгүн титиретти, мындан мурда козголоңчулар күтүүсүздөн жаӊы Халаб кварталына чабуул кылып, душмандын бир нечесин өлтүргөн эле;
  • Калыс согушкерлер канкор режим курчоого алынган шаар тараптан бир нече позицияга кылган чабуулдарды тосуп калууга жетишишти;

Канкор режим абадан баракчаларды таштап, анда адамдарды «Сирия армиясынын баатырлары» жетип келе элегинде моюн сунууга чакырды, натыйжада болсо ошол «баатырлар» бардыгына шылдыӊ болду;

  • Режим көптөн бери мобилдик телефондор аркылуу «Асад-арстан сөөлөтү алдында мышык сыяктуу мыёолойсуӊар», деген билдирүүнү таратып келет. А бирок, бул нерсе Халаб калкынын Аллахтын нусратына жана Аллахтын уруксаты менен фатх жакын экендигине болгон ишенимдерин ого бетер бекемдеп жатат;
  • Ал тургай, маалымат каражаттарынын орус кемелери, түрдүү типтеги бомбалоочу учактар жана бомбалар келгени, миӊдеген жаӊы орус аскерлери жетип келгени туурасында тынымсыз кабар таратышы да орустардын өзүнө тескери таасирин тийгизүүдө. Анткени, алар 14 айдан бери максатына жетише албады, бул нерсе «орус аюусу» болгону америкалыктар колундагы акчага жалданган канкорлор экендигин көрсөтүүдө;
  • Курчоону жарып кирүү согушу де Мистуранын тили менен «жаман иш» деп айтылууда. Мунун себеби, бул нерсе курчоону жарып кирүү согушу эле эмес, Американын эркин сындыруучу согуш болуп эсептелет о.э. АКШ баштаган саясий чечимге да, БУУ жетекчилик кылып жаткан сүйлөшүүлөргө да, анын шериги болгон орустар менен канкор режимдин куралдангандардын Халабдан чыгышы акысына, бомбалоону токтотууга жана гуманитардык жардамдарын киргизүү туурасындагы убадаларына да ыраазы болбостук согушу болуп эсептелет… Бардыгыбызга жашыруун эмес, Россия АКШ пландарына каршылык көрсөтүп жаткан согушкерлерден Халабды бошотуу үчүн жасалма келишим ийгилигине жетишүү жолунда өлүп-тирилүүдө. Ушул аркылуу Американын де Мистура тили менен тынымсыз «Сирия светтик мамлекет, бийлик бөлүшүү мамлекети», деп айтылып жаткан зыяндуу чечимди зордоп өткөрүүсүнө шарт түзүп бермекчи. Ошондуктан, Россиянын Халаб калкы жана согушкер топтор шаардан чыгышына болгон ишеними жокко чыккан соӊ, режим жана алардын артында турган АКШ менен биргеликте кезектеги аракетин т.а. келишим мөөнөтүн узартууну баштады… Россия ушул аркылуу аларды шаарды таштап чыгууга кызыктырып, курчоону бузуу аракетинен чалгытып жибермекчи болууда. Себеби, алар курчоону бузууга жана АКШ менен анын малайларынын айбатын сындырууга аракет кылып жаткан башка согушкер топтор менен ылайыкташкан абалда кайраттуулук менен аракет кылып жатышат…
  • Россиянын ооруканалар, мектептер, базарлар, жылытуучу мештер жана шаар калкынын жашоосуна байланышы бар болгон бардык жерлерди бомбалоосу элдин эркин сындырууга болгон арзыбас бир ыкма болуп эсептелет. Бирок, алар канчалык курмандык талап кылбасын, Аллахтан башкага моюн сунбастыкка ант ичкен калк болуп эсептелет.

Көӊүл буруу зарыл болгон нерсе, Американын Россия менен келишимди токтотконун жарыя кылышы митайымдык болуп эсептелет. Ушул аркылуу ал кылмыштарга Россияны айыптуу кылып, өзү суудан кургак чыгууну көздөп жатат. Акыйкатта болсо, түпкүлүгүндө, бул кылмыштардын артында өзү турат… Анткени, Халаб калкы бекемдик менен туруп, кыянат көчөсүнө кирбей жаткан соӊ о.э. ушунча төккөн кандарын бейпайда кетирүүчү чечимдерге ыраазы болбой жаткан соӊ, шек-күмөнсүз, душмандын Халаб үстүндөгү кылмыштары күчөгөндөн-күчөй бериши мүмкүн…

Ушундай болгон соӊ, эй Халабдагы калкыбыз жана Шам жериндеги башка боордошторубуз, сабыр кылгыла, Аллахтын уруксаты менен, өтө эле аз убакыт калды! Бул кылмышкерлер силерге каршы түрдүү куралдарын ишке салышты, айла-амал кылышты, силерди машакаттуу курчоого, кыргын салуучу бомбалоолорго, качкындык азабына, жакындарынан айрылуу кайгысына дуушар кылышты. А бирок, силер бекемдик менен турдуӊар жана Аллахтын фазлинен, жардамынан үмүттөндүӊөр. Биз силер тууралуу Расулуллах Aдын:

«طُوبُى لِلشَّامِ»

«Шам калкына бейиш болсун», – деген о.э:

«إذَا فَسَدَ أهْلُ الشَامِ فَلاَ خَيْرَ فِيكُمْ»

«Качан Шам калкы бузулса, силерде жакшылык жок», – деген сөздөрүн этибарга алсак,  Аллах силерди улуу бир ишке даярдап жаткан окшойт… Ошондуктан, бекем туруп, Аллахтын убадасына, нусратына, үстөм кылышына тереӊ ишенимде болгула, кыйынчылык артында албетте жеӊилдик бар. Бул жер жүзү бузгунчулардын алдында алты жылдан бери турган соӊ, демек, берген курмандыктардын натыйжасы албетте Аллахтын ыраазылыгы болот. Ушуну билип койгула, түпкүлүгүндө Халаб согушу ал жердеги аракет агымын түздөп алуу үчүн, кийин болсо калыс күчтөрдү Аллахты ыраазы кылуучу иштерге жамдап, ал жерден борбор тарапка агылып баруу үчүн ташталып жаткан кадам болуп эсептелет. Анткени, хадисте айтылган чечүүчү кандуу согуш Халабда болот, режим кулатылышы жана Ислам башкаруусу орнотулушу да ошол жерде болот. Бул болсо, Аллахтын Өзүнө таянылмайынча, Батыш жана анын малайлары менен болгон бардык алакалар үзүп ташталмайынча ишке ашпайт. Берилген курмандыктар менен шейиттер каны душмандар тарабынан Женева сыяктуу конференцияда арзыбаган тыйынга сатылып, сая кетишинен албетте сактап калуу керек. Албетте, Шам калкы ыйман жана калыстыктары менен о.э. өздөрүнө каршы токулуп жаткан тил бириктирүүлөр, айла-амалдарды түшүнүүлөрү менен АКШ жана анын Россия, Иран, Ливан сыяктуу малайларын шерменде кылууга кудуреттүү. Бул кылмышкерлер каалашпаса да, Шамды мурунку абалына т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Шамды Исламдын борборуна айландырууга кудуреттүү. Т.а. куфр жана анын калкы жер тиштеп кала турган борборго айландырууга кудуреттүү. Инша Аллах, бул нерсе албетте ишке ашат, бул сыяктуу иш үчүн амал кылуучулар амал кылып калышсын. Аллах Таала мындай деди:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [Нур 55]

 

Насир Шайх Абдулхай

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here