Крым мусулмандарына жиндилер сыяктуу мамиле кылынууда

375
0

Крым мусулмандарына жиндилер сыяктуу мамиле кылынууда

Россия тарабынан басып алынган Крымдын куурчак өкмөтү мусулмандарга карата Советтер Союзу доорундагы сыяктуу жиндилердей мамиле кылууда. Т.а. диний айыптар менен айыпталган мусулмандар психиатриалык экспертизадан өткөрүү шылтоосунда психикалык ооруканага алып кетилүүдө. Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта айыпталып камакка алынган жана мажбурий түрдө психиатриалык экспертизага алып кетилген Муслим Алиев беш күндөн бери психиатриалык ооруканада кармалууда.

Докторлор Алиевден психикалык текшерүү (адамдын акылдан азган же азбагандыгын аныктоо) жараянында ага Хизб ут-Тахрирге тиешелүү провокациялык суроолорду беришүүдө. Бул тууралуу Алиевдин адвокаты Эдем Семедляев билдирди.

21-ноябрь күнү Алиевдин абалынан кабар алган адвокат Эдем Семедляев: “Жалпы абалы жакшы. А бирок мени тынчсыздандырган жери, дарыгерлер ага Хизб ут-Тахрирге мүчөлүгү, Крым муфтийи, ИШИМ жана шиялар жөнүндө суроолорду берип жатышат. Менин болжолумда бул суроолор тергөө кызматкерлери тарабынан даярдалган. Себеби, клиника кызматкерлери мындай суроолор менен алектенишпейт”, – деди.

Адвокаттар Эдем Семедляев жана Эмиль Курбединовдор бардык кесиптештерин жана журналисттерди бул маалыматтарды таратууга чакырышты. Алардын айтымында, башка туткундар да кезек менен психиатриалык текшерүүгө жиберилишет.

“Крымдык алты саясий туткундун да рухий оорулар жаткан ооруканага жиберилиши пландаштырылган. Биз Крым татарларына каршы колдонулуп жаткан рухий кыйноолор күчөп бара жатканына күбө болуп жатабыз”, – деди адвокат Эмиль Курбединов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here