“Фикхул вакиъ” же Исламда аклдын орду

484
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

 “Фикхул вакиъ” же Исламда аклдын орду

Ислам Аллах Тааланын пенделерине берген үлкөн неъматы болуп, анын жоопкерчилигин акылдуулардан гана талаб кылды. Себеби, Исламга ыйман келтириш да, ал алып келген нерселерди түшүнүү да аклга байланыштуу. Ислам бардык фикрлер сыяктуу: анын вакиъси мавжуддугу же анын аслинин вакиъси мавжуддугу акл аркылуу идрек кылынат. Ушул эле учурда, анын фикрлерин өз ичине алган нусусту да албетте акл түшүнүшү жана маанилерин идрек кылышы зарур болот. Ислам нусустарында – не Куръанда, не хадисте – Аллахтан башка эч ким билбей турган сырдуу сөздөр жок:

وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

–Сага адамдарга назил кылынган нерселерди (яъни, шариат ахкамдарын) баян кылып беришиң үчүн жана тафаккур кылышса деп, бу эстетмени – Куръанды назил кылдык.[16:44]

Ислам аклга бойсунат делсе, бу туура сөз, лекин бу – Исламдын асасы болгон Аллах Таалага жана Анын Китебине ыйман келтирүүдөгү асас – деген мааниде туура. Ошон үчүн аклы жок жиндиден, же балагатка жетпеген жаш баладан таклифтерди Аллах Таала сакыт кылган, себеби, шариатты талаб кыла турган асас, яъни, акл аларда жок. О.э. Исламдын өлчөөсү акл делсе, бу да туура сөз болот. Себеби, акл Исламдын асасы жана аны тушүнүп амал кылуудагы зарурий васита-куралы болуп саналат, яъни, хидаят же залалат экенин акл аныктайт. Хидаят жолун Аллах Таала Китебинде жана Росулунун (с.а.в) суннатында баян кылып койгон. Амма ага аклсыз жетип болбойт. Шариат деп демоктарияны да ала берүүдөн сактоочу жана шариатка жолдоочу асас да аклдыр.

Муну мындай түшүнөбүз:

Аклдын вакиъси ушундан ибарат-ки, идрек болушу үчүн хис кылына турган вакиъ болушу зарур. Эгер хис кылына турган вакиъ болбосо, аклий жараян да болбойт, яъни, акл иштебейт. Демек, идрек да факот хис кылына турган вакиъ болсо гана болот, фикр да факот хис кылына турган вакиъ болсо гана мавжуд болот. Эгер хис кылына турган вакиъ мавжуд болбосо, маселе кыял жана жасалма болуп калат да – акл, фикр, идрек болбойт. Ушуга карай, аклдан хис кылынбай турган вакиъни идрек кылуу талаб кылынбайт, себеби, аны идрек кылуу, яъни аклий жараян жүрбөйт.

Акыйдалар маселесинде аклдын вазыйфасы алардын туура же бузуктугун идрек кылуудан турат, анткени акыйдаларга акл далил болот. Ислам келген алгачкы доорлордо да акыйдаларын ата-бабаларынан акл иштетпестен кабыл кылып алган мушриктерди каралап абдан көп аяттар назил болгон. Мисалы, Аллах Таала “Бакара” сурасынын 170- аятында: “Качан (мушриктерге): «Аллах назил кылган хукмдарга моюн сунгула» делсе, алар: «Жок, биз аталарыбызды кандай жолдо тапкан болсок, ошого ээрчийбиз » дешет. Эгер аталары эч нерсеге аклдары жетпей турган, туура жолду таба албай турган болушса дагыбы?”дейт. “Маида” сурасынын 5-аятында: “Качан аларга: «Аллах назил кылган нерсеге жана пайгамбарга келгиле» делсе, алар:«Биз үчүн ата-бабаларыбызды эмненин үстүндо тапкан болсок, ошол жетиштуу»дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбей турган жана хак жолду таба албай турган болушса дагыбы?!” дейт.

Шариат талабы боюнча Ислам акыйдасын аклий далил асасында же асли акл менен исбатталган катъий накл асасында кабыл кылуу фарз. Аллах Таала жахилияттагыларды бир нече аяттарда: “…аталары эч нерсеге аклдары жетпей турган…” деп, аларды каралоо менен акл иштетүүнү фарз кылууда. «Бакара» сурасында: – „Албетте, асмандар жана жердин жаратылышында,түн менен күндүздүн алмашып турушунда, деңизде адамдарга керектүү нерселерди алып жүргөн кемелердин (сүзүшүндө) жана Аллах асмандан түшүргөн жана ал себептүү өлүк жерди тирилтип, бар жанзатты таркатып-жайып жиберген суу деген неъматта жана шамалдардын багыттандырылышында, асман жана жер арасындагы итааткөй булутта – (булуттардын баарында) аклдуу кишилер үчүн аят-аламаттар бар“   [2:164]

Аклдан акыйданын туура же бузуктугуна хукм чыгаруу талаб кылынат. Мына ушу Исламда акл иштетүүнүн усулу акыйдаларда далил сыфатында иштетилет жана акыйданын туура же бузуктугуна акл хаким кылынат, себеби, акл акыйдага Куръан жана Суннаттай далил боло алат,  яъни, “Жаннатка” же “Кыямат күнүнө” Куръан жана хадистер негизинде ыйман келтирсек, Исламдын асасы болгон Аллах Таалага жана Анын Китебине ыйман келтириште акл асасында ыйман келтиребиз. Амма шаръий ахкамдарга болсо акл далил боло албайт, анткени, шаръий ахкамдардын далили шаръий нусустардан башка нерсе эмес, яъни Куръан, Суннат жана Куръан менен Суннат далалат кыла турган Сахабалар ижмасы жана Кыяс сыяктуу далилдер. Шаръий ахкамдарда акл ахкамдар далалат кылган ибараларды түшүнүүгө тарикат кылынат, яъни, андан түшүнүлгөн далилдер шаръий ахкамдар экенин түшүнүүгө васита кылынат. Шариатка ишениш-ыйман келтириш аклга байланыштуу эмес. Балким, Аллах Таала тарафынан келген Шариат ахкамдарынын баарына мутлак таслим болуу лазым.

– „Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени хакам кылышмайынча жана кийин сен чыгарган хукмдан дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук таслим болушмайынча эч качан мумин боло алышпайт“.         [4:65]

Демек, акл ахкамдардын тууралыгы же бузуктугу үстүнөн хукм чыгарбайт, себеби, акл ахкамдарга далил эмес. Ахкамдардын далили – шаръий ибаралар жана шаръий ибаралар далалат кылган далилдер. Себеби, аклдан ибарадагы нерсе туура же хаталыгына хукм чыгарыш эмес, балким, ибараны түшүнүү жана аны өз вакиъълигине байлоо талаб кылынган. (“Хизбут Тахрирдин мусулмандарга жалындуу кайрылуусу”нан муфассал үйрөнүшүңүз мүмкүн).

Ушундан улам, ар кандай мусулман үчүн акл шариатты түшүнүүдө да, ага амал кылууда да асас эсептелет. Мужтахидтер оболу вакиъъликти акл асасында жакшылап үйрөнөт, андан соң ошол вакиъъликке тиешелүү нусустардан Аллах Тааланын хукмун түшүнөт жана бу хукм өзү үчүн да, ушу мужтахидге ээрчип жаткан мусулмандар үчүн да Аллах Тааланын өкүмү болуп калат. Ушунда, хукмду издеп табыш үчүн вакиъъликти үйрөнүүдө да, нусустардан ага алакадар хукмду түшүнүштө да, мукалиддер хукмга амал кылуулары үчүн ушу хукмдун вакиълигин билиште да акл асас болот. Мына ушул – ФИКХУЛ ВАКИЪ же МАНАТты (шаръий хукм татбик кылына турган вакиъликти) түшүнүү деп аталат. Мисалы: инсандардын жашоосун тартибге салуучу конун-мыйзамдар керек. Бу мавзуъну мужтахид үйрөнүп, ага алакадар хукмдарды, яъни, конун чыгаруу факот Аллах Тааланын хаккы жана бир да инсан бу ишти кылышы мүмкүн эмес, акс абалда кафир болот о.э. бу иште ким шерик болсо, ал да күнөөдө жана динден чыгууда бир кыл шерик болот – деп, шариатты баян кылды жана бу хукмду төмөнкү далилден истинбат кылган. Аллах Таала айтат:

إِنِ الْحُكْمُ إِلاَّ لِلَّهِ

  • „Хукм жалгыз Аллахка таандык“. [12:67].

Эми бир адам: “Вакалатыңды мага бер. Мени шайласаң, жамиятты жыргалчылыкка алып чыгуучу мыйзамдарды чыгарып берем” деп вакалат сураса, ал да, вакалат берүүчү да кафирлик кылган болот, ал тургай, ага ушу иште жардам бергендер да, дуалар кылып, жеңип чыгышын тилегендер да күнөөдө барабар болушат, себеби, харамга шерик болгондордун да күнөөсү бир кыл болушун мужтахид жеткирди. Бу хукмдарды хадистен түшүнүү мужтахиддердин иши болсо, жашоодо амал кылуу үчүн өз вакиъълигине акл васитасында байлоо (манатын табуу) ар бир муминдин милдети. Анас ибн Маликтен риваят кылат:

«لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ r فِي الْخَمْرِ عَشَرَةً: عَاصِرَهَا، وَمُعْتَصِرَهَا، وَشَارِبَهَا، وَحَامِلَهَا، وَالْمَحْمُولَةَ إِلَيْهِ، وَسَاقِيَهَا، وَبَائِعَهَا، وَآكِلَ ثَمَنِهَا، وَالْمُشْتَرِيَ لَهَا، وَالْمُشْتَرَاةَ لَهُ»

«Расулуллох(с.а.в) арак тууралуу он кишини лаънаттады: даярдатуучуну, даярдоочуну, ичүүчүнү, ташуучуну, буюртмачыны, куюп берүүчүнү, сатуучуну, акчасын жечүнү, сатып алуучуну жана ким үчүн сатып алынган болсо ошону». Термизий риваяты. Аракка кандайдыр бир тарафтан байланган инсан арак ичкен менен бир кыл болгону сыяктуу, мыйзам чыгаруудагы Аллах Таалага шериктик кылуу да так ушундай болот.

Дагы бир мисал: кыз бала да, уул бала да балагатка жеткендик белгилери көрүнбөсө, 15 жаштан тартып эрезеге жеткен эсептелет делсе, буга каршы чыгып, уул болсун, кыз болсун 18 жашта эрезеге жетет деген адам Аллах Тааланын хукмуна каршы чыккан болот жана ишеним менен каршы чыкса кафир болот. Аллах Таала айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

„Кимде-ким Аллах назил кылган дин менен хукм кылбаса, демек, алар кафирлер”.  [5:44]

Адий ибн Хотам Пайгамбар алайхис-салам хузуруна кирген кезде Пайгамбар (с.а.в):

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

– «Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышман жана рохибдерин кудай деп билишти».     [9:31] аятын окуп жаткан эле. Ошондо Адий ибн Хотам: «Алар рохибдерин кудай кылып алышкан эмес» – деди. Пайгамбар (с.а.в): «Аларга харамды халал кылып, халалды болсо харам кылып беришпеген беле. Мына ушу аларды (яъни рохибдерин) кудай кылып алуулары» деп айткан.

Муттакий.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here