Чавушоглу: Алда качан эле АКШ менен биргеликте план түзүп койгонбуз

323
0

Чавушоглу: Алда качан эле АКШ менен биргеликте план түзүп койгонбуз

Түркиянын Сирияга башталган аскерий операциясы алдын ала АКШ менен түзүлгөн план негизинде ишке ашырылууда. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, Түркиянын Жарабулус операциясынан көздөгөн максаты ИШИМди сүрүп чыгаруу.

“Биз АКШ менен алда качан эле план түзүп койгонбуз. АКШ HIMARSты (жогорку деңгээлде аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон артиллериялык ракета системасын) алып келиши керек болчу, өкүнүчтүүсү, ушул убакытка чейин келе элек. А бирок, азыркы аскерий операцияда биз танктар жана башка бардык каражаттар жардамында күрөштү улантып жатабыз. Азат Сирия армиясы да бул жерге кирди. Танктарыбыз өтүүдө коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулууда”, “Түркия куралдуу күчтөрүнүн аракети планда көрсөтүлгөндөй жүрүп жатат. Авиация аркылуу колдоп-кубаттоо жаатында коалиция менен кызматташып жатабыз”, — деди Чавушоглу.

АКШ вице-президенти Жо Байден да Түркияга келе жатып, самолётто журналисттерге ушул тууралуу маалымат берген. Байдендин айтымында, Жарабулус операциясы үчүн бир жыл аракет кылынган.

АКШ жооптуусу: “Биз түрктөр менен Ефрат-Маре чегарасында ИШИМге каршы аскерий операцияны баштоо тууралуу бир жылдан бери сүйлөшүп келебиз. Себеби, бул жер чет өлкөлүк согушкерлер жана сырьёлор өтүүчү негизги транзиттик чекит болуп эсептелет”, — деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here