Назарбаев: Казакстандыктар Украина окуяларын каалашпайт

338
0

Назарбаев: “Учурда бардык ЖМК ээлери, мүлкчүлүктүн бардык формалары Казакстанды өнүктүрүүдө жоопкерчилигин түшүнүшү керек. Эмне үчүн “мүлкчүлүктүн бардык формалары” деп жатамын? Азыр либерал болуунун убагы эмес, биз мамлекетти сактап калышыбыз керек. Азыр абал кооптуу, казакстандыктар Казакстанда Украина окуялары болушун каалашпайт, мен муну билемин. Бардыгы угуп алсын. Эгерде кимде-ким бул жерге да алып келмекчи болсо, биз эӊ катуу чараларды көрөбүз. Бардыгы билип койсун, кийин эскертпеди деп айтышпасын”, — деди.

О.э. маалымат жана коммуникация министрлиги эмне үчүн кайрадан түзүлүп жаткандыгын түшүндүрүп өттү. Анын айтымында, министрликтин таркатып жиберилиши ката болгон, ошондуктан да кайрадан түзүлүп жатат. Министрликке интернет-ресурстар жана социалдык тармактардагы эӊ курч проблемаларды ыкчамдык менен аныктоо жана аларга жооп берүү максатында мониторинг кылуу миледеттери жүктөлөт.

Ошону менен бирге жаӊы министрлик мамлекеттин маалымат саясатын иштеп чыгуу, бардык мамлекеттик органдардын маалымат ишмердүүлүгү жана активдүүлүгүн ылайыкташтыруу жана көзөмөл кылуу, мамлекеттин маалыматтык буйрутмасы жана өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун пландаштыруу жана иликтөө менен да алектенет.

 “Биз силер менен динамикалык көрүнүштө түрдүү реформаларды өткөрүп жатабыз. Дагы бир жолу кайталаймын, бул – жаңы татаал глобалдык абалда улуттун жашап кетүү маселеси. Дүйнө бизди күтүп турбайт. Биз сөз кылып, митингдер менен убара болуп жүргөнүбүздө, дүйнө алдыга өтүп кетет жана биз түбөлүккө аркада калып кете беребиз”,- деди Назарбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here