Сирия жана Ливия майданындагы саясий өзгөрүүлөр

346
0

Суроого жооп

Сирия жана Ливия майданындагы саясий өзгөрүүлөр

Суроо:

Сириядагы акыркы келишимге тиешелүү иштердин жараянын күзөтүүдөн Америка Сирияда оппозиция жана режимден турган илманий өкмөттү орнотуу үчүн бул ирет сулх ишинде жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө олуттуу аракетке киришкендей көрүнүүдө. Бул туурабы? Бул нерсе Америка малай Башардын ордуна жаңы малайды алып келүү пикиринен кайтканын жана Башардын бийликте калышына таянып  жатканын түшүндүрөбү?

Уруксат берсеӊиз, дагы бир суроо бермекчимин. Ливиядагы кырдаал чечимге жакындашары менен дагы кайрадан чаташып жатат. Мисалы, алар Схиратта келишип алышкан жана бул келишим Табрук парламентин мыйзамдуу деп моюнга алды, бул болсо, Табрук үчүн утуш болду… Ошого карабастан, ал (парламент) өкмөткө ишеним көрсөтүүнү кечиктирип жатат. Акыйкатта болсо, Сарраж министрлердин санын 32ден 18ге азайтуу менен алардын талабын кабыл алды. Ушундай болгон соӊ, бул кечиктирүүнү кандай түшүнүүгө болот? Аллах сизге жакшылык тартуу этсин.

Жооп:

Биз 2016-жылы 19-январда «Ливия кризисиндеги акыркы окуялар» деген «суроо-жоопту» чыгарып, Ливия проблемасын ачыктап берген элек… Сирия жөнүндө да 2015-жылдын 11-декабрында Эр-Рияд конференциясы жана сүйлөшүү комитетин түзүү жөнүндөгү «Бири-бирине байланышкан эки жамандык…» деген баракчаны чыгарган элек. Ал эми, 2016-жылы 24-февралда «Америка, кийин Россия режимди сактап калуу үчүн Мюнхенде кандуу жиптер менен токуган тынчтык келишими…» деген темада дагы бир баракчаны чыгарып, азыркы тынчтык келишими жана сүйлөшүүлөр темасын ачыктап бердик. Бул баракчаларда тема кеӊири ачыкталгандыктан андан жоопту түшүнүп алууга болот. Себеби, окуялар картасы биз ошол чыгарылган баракчаларда баян кылган негизги багыттын алкагында калды. Ошондой болсо да, кошумча баян жана түшүндүрмөнү сунуштаймын. Бирок, оболу бул күрөштөгү Сирия менен Ливия ортосундагы айырманы түшүндүрүп өтөмүн:

Ливия маселеси Сирия маселесинен айырмаланат. Себеби, Сириядагы күрөш Америка, союздаштары жана тарапкерлери менен Сирия калкынын ортосундагы күрөш. Ал Америка менен башка ири мамлекет ортосундагы күрөш эмес. Россия бир ыпылас келишим боюнча Америка планын аткарып жатат. Путин Америкага Сирияда көрсөткөн бул кызматы себептүү Америка аны Украина проблемаларынан тынч коёт деп ойлоодо… Европа болсо Американын айланасында тегеренип, Америка эмнени айтса ошону тоту куштай сайрап жатат. Европанын максаты – олжодон бирер нерсеге же нерсенин бирер бөлүгүнө ээ болуу! Себеби, Россия жана Европа таасир Американын колунда экенин жакшы түшүнөт. Ошондуктан, бул эки колонизатор Американын Сириядагы таасирин чыгарууга үмүттөнбөйт… Т.а. бул күрөш Америка менен сириялык момун мусулмандар ортосундагы күрөш болуп эсептелет.

Ливияга келсек, күрөш – Америка менен Европа ортосундагы, айрыкча Британия жана кандайдыр бир даражада Франция ортосундагы, андан соӊ бир аз Италия ортосундагы таасир талашуу күрөшү… Ошондуктан, Америка Сирия калкы Сирия козголоңунун беш жылында Америка пландарына каршы бекем турганын көрүп эс-учун жоготту. Бирок, Америка Ливия жаатында Европага каршы күчтүү экенине кадыржам. Ошондуктан, ал ушул кубат себептүү Европага каршы кадыржамдык менен күрөшүүдө…

Бул айырманы баян кылганыбыздан кийин суроодо келген нерселер боюнча дагы да көбүрөөк баян жана түшүндүрмө берип өтөбүз:

Алгач: Сирия маселеси:

  • Американын келишим жана сүйлөшүүлөр маселесинде олуттуу аракетке түшкөнүнө келсек, бул – туура. А бирок, «Америка малай Башардын ордуна жаңы малайды алып келүү пикиринен кайтты» деп айтуу туура эмес. Себеби, Америка бул малайынын ордуна башка малайды тапкан учурда Башардын милдети бүтөт. Америка бул малайлардын тарапкерлерине карата да буга чейин кудум ушундай кылган. Мунун баяны төмөнкүдөй:

Америка келишим, ок атууну токтотуу, согуштарды токтотуу, душмандык операцияларды токтотуу деген аталыштар астында бул козголоңду токтотуу жана аны жок кылуу үчүн бүт басымын ишке салды. Ушул максатта Женевада, Венада жана Эр-Риядда конференцияларды өткөрдү, Коопсуздук Кеңешинде резолюцияларды чыгартты. Буга кошумча, Америка козголоңду өзүнүн малайы Башар, Иран жана анын Ливандагы Хизби о.э. Россия тарабынан ишке ашырылган аскерий операциялар менен муунтууга да аракет кылды. Американын өзү да түздөн-түз аралашты о.э. «Ислам Мамлекети уюмуна жана терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен эл аралык коалиция чүмбөтү астында башка мамлекеттерди да шерик кылып согушка тартты. Ошентип, Америка 2016-жылы 12-февралда Мюнхен жолугушуусунда өзү үчүн чыгуу жолун тапты. Бул жолугушууда Америка козголоңду ок атууну токтотуу келишими менен бир апта токтотууга аракет кылды. Бул ишке ашпаган соӊ, Америка мамлекеттик катчысы Керри орус кесиптеши Лавров менен 2016-жылы 22-февралда жолугушту. Экөөсү ортоктош билдирүүдө согуштарды токтотуу 2016-жылы 27-февраль түн жарымдан тартып күчкө киришин жарыялашты. Булардын бардыгы Американын илманий долбоорун сүйлөшүүлөрдө макулдатуу үчүн кириш сөзү болду. Америка бул сүйлөшүүлөрдү Женевада кийинки күндөрү олуттуулук менен даярдады… Ал ушул багытка кызмат кылган иш-чараларды көргөндүгү Американын олуттуу экендигине далил болот. Америка айрыкча 2015-жылдын 9-10-декабрынан баштап ушундай чараларды көрдү. Себеби, Эр-Рияд конференциясы болуп өттү. Бул конференция режим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн сүйлөшүү комитетин түзүү үчүн өткөрүлдү. Ушул чаралардын айрымдары:

  1. Америка сүйлөшүүлөргө эч бир каршылыксыз мажбурлай турган абалды пайда кылуу менен Сирия ичинде өзүнүн малайлары Түркия жана Саудия таасири менен бир демөөрчү даярдады:

а)   Америка Саудияга малайлар жана тарапкерлерди, айрыкча куралдуу отряддардан ушундай кимселерди Эр-Риядда чогултуп сүйлөшүү комитетин түзүү милдетин жүктөдү, муну акча жана курал-жарак берип ишке ашырууну буйруду. Америка буга жетишти жана акыретин башкалардын дүнүйөсүнө саткан кимселерден ушул комитетти түздү. Ошентип, Америка Сирия козголоңу башталгандан бери алгачкы жолу, бир башкарууда режим менен шерик болуу үчүн сүйлөшүү алып барууну кабыл алган куралдуу отряддарды сүйлөшүү комиссиясынын курамына киргизүүгө жетишти: «Бейшемби күнү өткөргөн маалымат конференциясында Булуӊ изилдөөлөр борборунун башчысы Абдулазиз Сакар оппозициядан бир делегация январь айында режимдин делегациясы менен жолугушарын айтты. Келишимде 32 мүчөдөн турган жогорку кеңеш түзүлүшү көрсөтүлдү, алардын ону отряддардын мүчөлөрү, тогуз адам коалиция мүчөлөрү, беш адам координациялык кеңештин мүчөлөрү, сегиз адам көз карандысыз кишилер». (Ал-Жазира нет, 2015-жыл, 11-декабрь). Сүйлөшүүчүлөр мындан мурун чет өлкөдө жашаган жана Сирия ичинде баш баанеги жок кимселерден турган… Ошондуктан, кеңештин курамына кирген ушул отряддар адамдарды, айрыкча аларды колдоп-кубаттап келген адамдарды жардамсыз таштап койду. Ушул адамдар «бул отряддар бизди тогуттан куткарат» деп аларды колдоп-кубаттап келишкен!

б)   Эрдоган Сирияда Америка долбоорун ишке ашыруу үчүн жана Сириядагы отряддарды сулхка жана сүйлөшүүгө катыша турган оппозициядан бир кеңеш түзүүгө ыраазылык берүүгө көндүрүү үчүн Саудияга барып сулх жана сүйлөшүүлөр темасын талкуу кылды: «Түркия президенти Эрдоган шейшемби күнү Саудияга келди, бул сапардын алкагында ал жооптуулар менен региондогу маселелерди, айрыкча Сирия жана Яман маселесин талкуулашат. Эрдоган Эр-Рияддагы король Халид эл аралык аэропортуна келери менен Ямама сарайына барды. Ал жерде аны Саудия королу Салман ибн Абдулазиз тосуп алды. Саудия расмий маалымат агенттиги». (Кудс, 2015-жыл, 29-декабрь).

в)   Америка сүйлөшүүчүлөр үчүн – аларды өзүнүн чечимине көндүрүп «колго үйрөтүү үчүн» – даярдык жыйындарын өткөрдү. Америка иштер ал каалагандай нукта бара  жатканын көргөн соӊ, Түркия менен Иранды өз ара жакындаштырды. Ошондуктан, Түркия менен Ирандын бири-бирине карата курч билдирүүлөрүнө карабастан, Давутуглу Иранга барды. Анын бул сапарынан Түркия менен Ирандын Сириядагы отряддарына болгон таасиринен Американын Сирия жаатындагы долбоорун ишке ашыруу үчүн пайдаланууда өз ара келишип алуу көздөлгөн… «Түркия премьер-министри Ахмет Давутуглу 4-мартта бир нече министрлерден турган делегация менен Ирандын борбору Тегеранга келди. Бул – түрк премьер-министринин Иранга жасаган эки жылдан берки алгачкы сапары… Ирандын «Фарс» агенттиги билдиришинче, түрк премьер-министри ирандык ири жооптуулар менен жолугушуп өнүгүү жана эки мамлекет ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтыгын бекемдөө жолдорун талкуулашат…». (Россия Сегодня, 2016-жыл, 4-март). Бул малайлардын ушул сапарды тамтыгы чыккан сөздөр менен чүмбөттөшү ачык-айкын-көрүнүп турат. Алар бул жолугушуу соода максатында өткөрүлдү деп маалымдашты. Буга, ал тургай, эң аӊкоо адамдар да ишенбейт!

  1. Америка сүйлөшүүлөргө региондогу жана Сирия ичиндеги чөйрөнү даярдоо үчүн өзүнүн малайларынын мына ушул ыпылас саясий иштери учурунда өзүнүн долбоорун ишке ашыруу үчүн түрдүү көрүнүштөрдө басым өткөрүүчү чөйрөнү пайда кылууга аракет кылды. Бул иштер Америка сунуштап жаткан сүйлөшүү чечими Сирия үчүн эң жакшы чечим деп көрсөтүү үчүн акыйкаттарды бурмалоодон баштап, Америка тарабынан, же аны менен ыпылас келишим боюнча биргеликте аракет кылып жаткан Россия тарабынан, же Американын регионалдык жана жергиликтүү жүгүртөктөрү тарабынан ишке ашырылган аскерий операцияларга чейинки иштерди камтыйт. Бул иштердин айрымдары ушулар:

а)   Америка Сирия калкы эки варианттын бирин тандашы керек: сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Американын Сирия боюнча илманий долбооруна ыраазы болушу керек же Сириянын бөлүнүп кетишин тандашы керек деген пикирди сиӊдирүүгө астейдил аракет кылды… Америка Сирия калкы бөлүнүп кетүүнү каалабастыгын жакшы билет. Ошондуктан, Америка сириялыктар анын режим менен оппозиция ортосундагы ортоктош башкарууну түзүү жөнүндөгү илманий долбоорун макулдоо үчүн сүйлөшүүгө киришет деген ойго келди. Америка аларды ушул пикирге ишендирүү үчүн төмөнкүнү ишке ашырды: Америка менен Россия биргеликте бөлүп таштоо жөнүндө сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлаган билдирүүлөрдү берди. Бул билдирүүлөр сүйлөшүүчүлөрдү кабатырга салып, Сирия калкына каршы катаал чөйрөнү пайда кылды. Ал «Эгер, Сирия калкы Американын режим менен оппозициядан турган илманий мамлекетти куруу жөнүндөгү долбооруна ыраазы болбосо, Сирия бүтүн абалда сакталып калбайт, тескерисинче бөлүп ташталат» деген чөйрө эле… Ушундай максатта Керри мындай деп билдирүү берди: «Эгерде, узак күтө турган болсок убакыт өтүп, Сириянын бүтүн абалда калышы колдон чыгышы мүмкүн». (Рейтер, 2016-жыл, 23-февраль)… Россия болсо федерация жөнүндө сайрай баштады. Мисалы, Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков ушуларды айтты: «Москва Сирия сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткандар федерациялык республиканы тургузуу пикирине келишет деп үмүттөнөт. Себеби, ал – күрттөрдүн талабы». (Хадас каналы, 2016-жыл, 29-февраль)… Булардын бардыгынан оппозициянын атынан сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарга басым өткөрүп, Америка орното турган саясий режимге ыраазылык берүүгө мажбур кылуу көздөлгөн. Америка жана анын союздаштары Сирия калкы бөлүнүүнү четке кагып жатышкандай эле Американын илманий долбоорун да четке кагып жатышканын унутуп койду же өзүн унутканга салышты. Сирия калкы бул эки долбоорду теӊ Америка иштеп чыккан эки карамүртөздүк деп эсептешет. Ошондуктан, бул эки долбоорду Үммөткө кыянаттык кылып жаткан чыккынчылар гана колдойт. Бул чыккынчылар – Аллахтын уруксаты менен – шексиз жок болуп кетишет…

б)   Сүйлөшүүлөр учурунда орустун баскынчылык чабуулдары ого бетер күчөдү. Бул сүйлөшүүчүлөргө – алар Америка долбоорун макулдоо үчүн сүйлөшүү алып барууну кабыл алууга мажбур экендиктери, антпесе бул чабуулдар дагы күчөшү туурасында – жолдонгон «ишарат» эле. Ошондуктан, орустардын баскынчылык чабуулдары 2016-жылы 1-февралда башталган Женева-3 сүйлөшүүлөрү учурунда этибарды тарта турган көрүнүштө күчөдү. Бул чабуулдар Халабды курчоого алууда дагы да курчуду. Бул сүйлөшүүчүлөргө басым өткөрүүнүн бир жолу эле…

в)   Сүйлөшүүлөрдү четке кагып жаткан бардык адамдарды коркутуп ишарат кылуу. Ушул мазмунда Керри 2016-жылы 24-февралда мындай деди: «Альтернатива план жөнүндө – эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкпаса – маанилүү бир талкуу бар». (Рейтер, 2016-жыл, 24-февраль). Жубайр да өзүнүн бул «устазынын» сөзүн тоту куштай сайрап мындай деди: «… Эгер, сулхту узартууга жетише албасак – Америка мамлекеттик катчысы айткандай – башка варианттар бар. Бул жерде «б» планы бар. Эгерде, Сирия режиминин же союздаштардын олуттуулугу жок экени анык болуп калса, анда, жогорудагы башка вариант жүзөгө келет жана ага чоң маани бериле турган болот». (CNN, 2016-жыл, 28-февраль).

Жогоруда айтылгандардан белгилүү болгондой, Америка Сирия жаатындагы өзүнүн илманий долбоорун ишке ашыруу үчүн сулх жана сүйлөшүүлөр маселесинде чындап эле олуттуу аракет алып барды.

Бул иштер режим менен сүйлөшүүнү улантуу үчүн оппозициядан сүйлөшүүлөр комитетин түзүүнү актаган шылтоо жаратууда ийгиликтүү чыкканы көрүнүп турат. Себеби «БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стаффан де Мистура кечээ Сириядагы жаӊжалды токтотуу максатындагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы Женевада 14-марттан 24-мартка чейин ушул эл аралык уюмдун колдоосу астында өткөрүлүшүн жарыялады…». (Эр-Рияд, 2016-жыл, 10-март). Ошондон кийин оппозициянын сүйлөшүүлөр комитети бул сүйлөшүүлөргө ыраазылык берилиши үчүн чөйрөнү даярдоого киришти. «Сирия оппозициялык отряддардын өкүлү болгон сүйлөшүүлөр жогорку комитети (кеңеши) 2016-жылы 9-март күнү билдиришинче, бул комитет БУУ тарабынан тынчтык сүйлөшүүлөрү жөнүндө сунушталган иштер жадыбалын алгылыктуу деп билет жана өкмөт күчтөрүнүн сулхту бузган абалдары азайганын билдирет. Сүйлөшүүлөр жогорку комитетинин расмий өкүлү Салим Мусаллиттин айтымында, комитет жакында Женевада өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө катышуу жөнүндө чечим кабыл алат». (АFP, DW, 2016-жыл, 9-март). Ошондон кийин «Россия Сегодня» сайты 2016-жылы 11-мартта ушул кабарды таратты: «Сирия оппозициясынын сүйлөшүүлөр жогорку комитети эмдиги дүйшөмбү күнү Женевада өткөрүлүшү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр раундуна катыша тургандыгын жарыялады ». (Россия Сегодня сайты, 2016-жыл, 11-март).

  • Ал эми, Американын альтернатива малайды издөөдөн баш тарткандыгына келсек, бул, туура эмес… Себеби, Башар Сирияда туруктуу башкарууну – Америка кызыкчылыктарына кызмат кылган көрүнүштө – кепилдөө кудуретин жоготту. Ошондуктан, Америка анын өткөөл баскычта гана калышын каалап жатат. Себеби, Америка өткөөл мезгилде Башарга караганда азыраак карамүртөз болгон, адамдарды алдай алган, адамдарга жылмайып Америка кызыкчылыктары ишке ашыра алган жаңы малайды издей алат! Себеби, Американын бүткүл ою – Сирияда дагы бир малай илманий башкарууну тургузуу. Бул башкаруу Америка кызыкчылыктарына кудум Башар жана анын атасы кылгандай кызмат кылышы керек. Ал тургай, Америка имиш кылып таратып жаткан ыплас бөлүнүүгө таянышы ыктымалдан алыс. Эгерде, Америка азыркы малайы Башардын ордуна кийинки альтернатива малайды орното албаса, ошондо Америка бул ыплас планга таянышы мүмкүн… Ошондуктан, азыр Америка үчүн маанилүүсү – ок атууну токтотуу. Себеби, ошондо Америка Башардын ордун ээлей турган жаңы малайды тапканга чейин режим жана оппозициядан турган өзүнүн долбоорун ишке ашырууга бемарал аракет кыла алат… Америка бул ок атууну токтотууну жана оппозициянын бул шартка моюн сунушун – анын таасирине жана Шамдагы малайларына каршы көтөрүлгөн бул козголоңго каршы күрөшүүдө – беш жылдан бери жетишкен эң чоӊ утуш деп эсептөөдө. Айрыкча, Америка исламий деп аталып жаткан кээ бир отряддарды бул сулхту жана сүйлөшүүлөрдү кабыл алууда шерик кылууга жетишкени үчүн муну чоң утуш деп эсептөөдө… Россия да муну чоӊ ийгилик жана режимди бекемдөө үчүн бир мүмкүнчүлүк деп эсептеди. Ошондуктан, Россиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда Мюнхен келишимине түшүндүрмө берип: «Дамаск бул нерсе Сирия үчүн ушунча ойрондулуктардан турган беш жылдан кийинки жападан-жалгыз ыңгайлуу учур экенин түшүнөт деп үмүттөнөмүн», – деди. (Франс Пресс, 2016-жыл, 19-февраль). Ошондон кийин Башар Асад ок атууну токтотууга даяр экенин жарыялады.
  • Булар Америка, Россия жана алардын малайларынын эсеп-китептери… Ал эми, Сирия калкынын эсеп-китептери башкача болуп, кафир колонизаторлордун жана алардын малайларынын, алар сызган сызыктан чыкпай аракет кылып жаткандардын пландарын талкалап, бул колонизаторлордун айла-амалдарын – Аллахтын уруксаты менен – өзүлөрүнө кайтарып урат.

وَمَا كَيْدُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ

«(Бирок) кафирлердин айла-амалдары шексиз залалат (т.а. текке кетет)»     [40:25]

Анткени, Шамдагы эр кишилер – Эр-Рияддагы «Интерконтинентал»да акча жана залалатка малынып отурган, сүйлөшүүлөр комитетин түзгөн тигил кимселерден эмес… Бул эр кишилер ыпылас акча аккан жерге чөгөлөгөн тигил чыккынчылардан эмес… Бул эр кишилер режим менен сүйлөшүү өткөрүү керек деп жаткан, ошол эле убакта, режим башчысы үчүн эч кандай орун жок деп алдап жаткан тигил алдамчы кимселерден эмес. Бул тогутту четке каккан киши бул тогуттун режими менен сүйлөшүү жүргүзбөйт! Бул эр кишилер Америка буйруган илманий жарандык мамлекетине ыраазылык билдирип, ошол эле учурда, өзүлөрүн исламчы катары көрсөтүп жаткан тигил кимселерден эмес! Бул эр кишилер Аллахтын өкүмүн четке кагып, адамзаттын өкүмү менен адал жана арамга чыгарган демократия тарапкери экенин айтып жаткан тигил кимселерден эмес. Аллах Таала айтат:

إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ

«Өкүм кылуу бир гана Аллахка таандык» [6:57]

Ооба, ушундай, бул эр кишилер тигил кимселерден эмес… Тескерисинче, алар – Шам арстандары. Үммөт бул арстандардын чыныгы ишенимдүү эр киши экендиктерин жакшы билет. Алар да Үммөттө жакшылык кыямат күнүнө чейин жок болбостугун жакшы билишет… Алар жүрөгү менен «Ал (козголоң) Аллах үчүн, ал Аллах үчүн» деп ачык айтып жаткан чыныгы эр кишилер… Аллах Субханаху жана Расулу A каалагандай, алар:

«عُقْرُ دَارِ الْإِسْلاَمِ بِالشَّامِ»

«Ислам диярынын борбору Шамда» болушун каалап жаткан чыныгы эр кишилер. (Табароний Кабирде Салама ибн Нуфайлдан чыгарган)… Бул эр кишилер Американын илманий долбоорун жана кафирлер менен мунафыктардын бардык долбоорлорун кандай четке кагып жаткан болушса, бөлүнүүнү да ошондой четке кагып жаткан чыныгы эр кишилер… Алар Шам жериндеги калыс кишилер. Алар акыйкат үстүндө бекем турушат. Алар батыл үчүн бир өкүм сүрүү болсо, акыйкат үчүн өкүм сүрүүлөр бар экендигин жакшы билген, ошондуктан өз дини жана Үммөтү үстүндө соодалашпаган эр кишилер… Алар өздөрүнүн козголоңу чындап эле ашкере кылуучу, акыйкатты ачыкка чыгаруучу экенин өз көздөрү менен көрүп турган кишилер. Себеби, бул козголоң фитнага тил бириктиргендерди ашкере кылды жана мунафыктардын жүзүн ачыкка чыгарды. Натыйжада, бул фитначылардын жана мунафыктардын жүзү ачылып калды. Ошондуктан, бул фитначыларга жана мунафыктарга капарсыз гана алданат, алардын айла-мал тузагына жахил гана түшөт… Албетте, ушул эр кишилер кафирлердин долбоорлору алар эсепке албаган тараптан кыйроого учурашына анык ишенишет.

وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ

«Залим кимселер жакында кандай акыбетке карап бара  жатышканын билип алышат»   [26:227]

Экинчиси: Ливия маселеси

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ливия маселеси Сирия маселесинен айырмаланат. Себеби, Сириядагы күрөш Америка, анын союздаштары жана малайлары менен Сирия калкынын ортосунда жүрүп жатат. Ошондуктан, Сириядагы күрөш – Ливияда болуп жаткандай – Америка менен башка ири мамлекет ортосунда жүрүп жаткан күрөш эмес. Себеби, Ливияда күрөш Америка менен Европа ортосунда, айрыкча Америка менен Британия жана кандайдыр бир даражада Франция о.э. азыраак даражада Италия ортосунда болуп жатат. Демек, ал – жергиликтүү малайлар ишке салынып жаткан болсо да – негизинен мамлекеттер ортосундагы эл аралык күрөш болуп эсептелет…

Айырманы баян кылгандан кийин Ливия жөнүндө суроодо келген нерселер боюнча кошумча баян жана түшүндүрмөнү айтып өтөбүз:

  • Америка Ливияда – Сириядагы аракетине тескери көрүнүштө – саясий чечимге жана аны ийгиликтүү ишке ашырууга жан үрөп аракет кылганы байкалбайт. Тескерисинче, Америка Коопсуздук Кеңешинде Ливия жаатында аскерий аралашууга ишара кылды. Америка саясий чечимге жетишүүгө тоскоолдук кылуу менен гана чектелбестен, өткөн жылы ноябрдан баштап түрдүү баскынчылык чабуулдарын ишке ашыра баштады. Себеби, Америка өзү издеп жаткан адамдардын бирин өлтүргөндүгүн билдирди. Мына ошондон кийин Американын 20 аскери Ливиядагы бир базага кирип, кийин андан чыгып кетишти. Ошондон кийин Америка самолёттору 2016-жылы 19-февралда ишке ашырган ушул акыркы операция жүз берди. Бул операцияда Америка «Ислам Мамлекети уюмунун» мүчөлөрү деген 49 кишини өлтүрдү. Алардын көпчүлүгү Тунистен болгон. Ал Америка эң көп санда өлтүргөн эң чоң операция болуп эсептелет… Американын мындай соккуларды улантышы көрүнүп турат: «Обама 2016-жылы 28-январь күнү улуттук коопсуздук кеңешинин Ливиядагы кырдаалга арналган жыйынына төрагалык кылды. Батыштын ири мамлекеттери Ливиядагы конституциялык боштук террорчу уюмдун жайылышы үчүн «түшүмдүү» жер болушу мүмкүндүгүнөн тынчсызданып жатышат… Ошондуктан, Ак Үй билдирүү чыгарып ушуларды маалымдады: «Президент улуттук коопсуздук тобуна учурда Ливияда терроризмге каршы күрөшүү үчүн болуп жаткан аракеттерди колдоп-кубаттоо жана өкмөттү бекемдөөнү улантуу туурасында көрсөтмөлөрдү берди…». (Мидл Ист Онлайн, 2016-жыл, 29-январь). Ошентип, Америка эч бир эл аралык токтом чыкпай жатып «Ислам Мамлекети уюмуна жана терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен аскерий баскынчылык чабуулдарын же аскерий аралашууну ишке ашыруу саясатын жүргүзүүгө чечим кылды…
  • Бул чечим Ливиядагы абал Америкага канчалык кооптуу экенин көрсөтүп турат. Буга себеп – жан үрөп көрөсөтүлүп жаткандай – «Ислам Мамлекети» уюмунун кооп-коркунучтары эмес, тескерисинче, бул коркунучтар Америка аралашуу үчүн себеп катары карманып бир шылтоо гана. Кээ бир ири мамлекеттер Америка Ливияда өз таасирин жайышына тоскоол болууда. Ошондуктан, Америка 2015-жылы 17-декабрда Схиратта кол коюлган корутунду келишимге маани бербей иш кылып жатканын жана бул келишимди ишке ашырууга аракет кылбай жатканын көрүп турабыз. Себеби, Америка «терроризм» деп жар салган нерсеге каршы Ливияда аскерий аралашуу жөнүндө айтууда. Эгерде ушул келишим Америка кызыкчылыганы болгондо, анда Америка аны колдонууга болгон күчү менен аракет кылмак… Булардын бардыгы, Америка 2014-жылдан баштап өзүнүн малайы Хафтар аркылуу Ливияда өкүмдар болуп алууга жана өз таасирин жайып, режимди өз чеңгелине ала албагандан кийин жүзөгө келди. Ошондуктан, Америка Коопсуздук Кеңешинен резолюция чыгартып отурбастан түздөн-түз аралаша баштады. Себеби, Коопсуздук Кеңешинде Британия Ливияда аскерий аралашууга уруксат берген резолюциянын чыгарылышына жолтоо болду. Ошондуктан, саясий чечимди ишке ашыруу кыйын бойдон кала берет.
  • Америка өзүн Схираттагы саясий келишимди кабыл алгандай кылып көрсөтүүдө, ошол эле учурда, бул келишимди ишке ашырууну артка сүрүүгө аракет кылууда. Биздин бул сөздөрүбүздү БРБнын (Борбордук Разведка Башкармалыгынын) директору Жон Бреннандын 2016-жылы 25-февралда айткан ушул сөздөрү тастыкташы мүмкүн: «Кошмо Штаттар Ливияда эки негиздеги саясатты ишке ашырууда, алардын биринде Кошмо Штаттар өз ара атаандашып жаткан эки өкмөттү бириктирүү үчүн о.э. коркунучу күчөп бара жаткан «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы терроризмге каршы күрөш операцияларын уюштуруу үчүн дипломатиялык аракеттерди кылат». (АFP, 2016-жыл, 25-февраль). Америка мамлекеттик катчысы Жон Керри ушуларды айтты: «Биз өткөн апталарда Триполи өкмөтүн түзүүдө өтө олуттуулук менен аракет кылдык. Алар өз ара келишимге жете алышпаса Ливия кыйраган мамлекетке айланып калат». (Рейтер, 2016-жыл, 24-февраль). Демек, Керри өкмөт түзүүгө олуттуу аракет кылганын айтууда! Т.а. Америка өлчөөсүнө ылайык келген өкмөттү түзүүгө аракет кылган. Антпесе, Америка бул өкмөттү кулатат. Себеби, Схират өкмөтү мындай болбогону үчүн (т.а. Америка өлчөөсүнө ылайык келбегени үчүн) Америка Табрук парламентиндеги өзүнүн малайлары аркылуу болор-болбос шылтоо менен бул өкмөттүн түзүлүшүнө тоскоолдук кылууга аракет кылды. Америка малайлары бул өкмөттүн 32 министрден түзүлүшүн четке кагышты. Ошондуктан, өкмөт башчысы Фаиз Сарраж 2016-жылы 22-январда Мисирге барып президент Абдулфаттах Сисий менен жолугушту. Анын бул сапары 6 күнгө созулду. Сарраж Америка малайларын ыраазы кылууга аракет кылды. Себеби, ал сапарынын аягында министрлердин санын кыскартууга даяр экенини билдирди. Сарраж Каирден кетээри менен ал жерге Хафтар натыйжалардан кабардар болуу үчүн, көрсөтмөлөрдү алуу үчүн, кошумча колдоого жетишүү үчүн учуп келди. Демек, бул, Америка өкмөттүн түзүлүшүнө ыраазы эместигин билдирет. Себеби, өкмөттүн түзүлүшү Америка каалаган көрүнүштө болбойт… Анткени, Сарраж өкмөт мүчөлөрүнүн санын кыскартып, өкмөттү 18 министрден түзө турган болуп, аны Табрук парламентине 2016-жылы 23-февралда сунуштаса да бул парламент аны четке какты. Ал тургай, белгисиз куралдуу топ добуш берүү үчүн келе жаткан парламент мүчөлөрүнө чабуул кылып, алардын парламентке киришине жол бербөөгө аракет кылды. Натыйжада, кворум (добуш берүүчүлөр саны) толук болбой калды, себеби, парламенттин толук 200 мүчөсүнөн болгону 89 депутат гана келди. Натыйжада, парламент төрагасы жыйынды таратууга мажбур болду. Демек, Америка өзүнүн топтору жана малайлары аркылуу тоскоолдук кылууга аракет кылууда…
  • Бул тоскоолдук кылуунун себебине келсек, ал төмөнкүдөй: Ливиядагы саясий чөйрөнүн көпчүлүгү Каззафийден калган саркындылар т.а. Европа малайлары болуп эсептелет. Ошондуктан, министрликтердин ар кандай түзүлүшү мына ушул үлгүдөн алынат. Муну жаңы министрликте көрүү мүмкүн. Ал эми, Америка Хафтарга жана анын айланасындагы бир нече аскерийлерге таянууда. Америка Хафтардан ал өкмөттө көбүрөөк үлүшкө ээ боло турган жана өкмөт үстүнөн өкүмдарлык кыла турган жаңы саясий чөйрөнү пайда кылып, өзүнө таяныч базаларын пайда кылышына үмүттөнгөн. Бирок, Хафтар азырга чейин буга жетише албады. Анын бардык аскерий операциялары да ийгиликтүү чыкпады. Ошондуктан, Америка саясий чечимге өзү тарабынан, Хафтар тарабынан жана башка малайлары тарабынан болуп жаткан аскерий аралашуу менен мүмкүн болушунча чоңураак тоскоолдук коюуга аракет кылууда.  Америка бул тоскоолдукту өкмөттө «арстан үлүшүнө» ээ болгонго чейин уланта берет… Демек, аскерий аралашуу – Американын Ливияда өз саясий таасирин орнотуу үчүн ишке салып жаткан ыкмасы. Америка өзүнүн бул каалоосуна жетишмейинче, мындан таптакыр тыйылбастыгы көрүнүп турат.
  • Ал эми, Европанын позициясы буга бүтүндөй тескери. Себеби, Европа келишимди ийгиликтүү ишке ашырып өкмөттү түзүүгө жана бул өкмөттү моюнга алдырууга аракет кылууда. Себеби, Европа Ливиядагы саясий чөйрө үстүнөн дале өкүмдар болуп калууда. Муну көрсөтүп турган далилдер көп. Мисалы, француз президенти Олланд Британия малайы Марокко королу Мухаммад VI менен 2016-жылы 17-февралда Францияда жолугушту. Экөө Ливиядагы кырдаалды талкуулашты жана Ливия парламентин Сарраж башчылыгындагы улуттук биримдик өкмөтүнө ишеним билдирүүгө чакырышын билдиришти. Британия тышкы иштер министри Филип Хэммонд 2016-жылы 19-февралда Алжирге барып, тышкы иштер министри Рамтан Ламамра менен жолугушту. Алжирде Хэммонд: «Ливияда аскерий аралашуу бул мамлекет башынан өткөрүп жаткан кризис үчүн татыктуу чечим болуп эсептелбейт», – деп баса белгиледи жана саясий чечимди табууга чакырды. Алжирдин тышкы иштер министри британиялык кесиптешинин сөзүн колдоп-кубаттап ушуларды айтты: «Биз аскерий аралашуу Ливиядагы кризис үчүн татыктуу чечим деп билбейбиз. Бардык иш-аракеттер Ливияга – терроризмге каршы активдүү күрөшө турган – улуттук биримдик өкмөтүн орнотууга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт…». (Algerian News, 2016-жыл, 19-февраль). Демек, Британия Франциянын колдоосу менен өзүнүн региондогу күчтөрүн саясий жараянды ийгиликке жеткирүүдө жана Америка жар салып жаткан аскерий аралашууга тоскоолдук кылууда ишке салууда…

Ал эми, аскерий операциялардын зарылдыгы жөнүндө кээ бир Европа мамлекеттери тарабынан берилип  жаткан билдирүүлөргө келсек, алар этияттык үчүн берилип жаткан билдирүүлөр болуп эсептелет, мындан эгерде аралашуудан башка айла калбай, майданды Американын жалгыз өзүнө калтырбоо көздөлгөн. Мисалы, маалымат каражаттарынын жазышынча, Британия Ливияга бир аскерий күчтү жиберди. «Africa Portal» 2016-жылы 12-январда Британиянын «Socialiat Worker» сайтынан алынган ушул кабарды таратты: «Консерваторлор өкмөтү Ливияга 1000 Британия аскерин жөнөттү. Бул аскерлер Ислам Мамлекети уюмуна караштуу күчтөрдүн алга жылышы себептүү коркунуч астында калган нефть булактарын коргоо үчүн жөнөтүлдү. Британия королевасынын деңиз күчтөрүнүн бир эскадра миноносеци да Түндүк Африка жээктерине сапар тартты. Ошол эле учурда, аба күчтөрүнөн Ливиядагы буталарга авиа соккуларды берүү үчүн даярдык көрүү талап кылынды». Франциянын «Le Monde» гезити 2016-жылы 24-февралда төмөнкү кабарды таратты: «Атайын күчтөр бөлүктөрү Ливияда Ислам Мамлекети уюмунун экстремисттерине каршы жашыруун согушта катышат». Т.а. Франция зарыл болгон учурда аралашууга даярдык көрүүдө, бирок, жашыруун түрдө. Франция Американын бир өзүнүн Ливияга аскерий аралашуусуна жол бербөө үчүн Британия менен биргеликте атайын даярдыктагы күчтөрдү жиберет. Франция муну ашкере көрүнүштө кылууну каалабады, тескерисинче жашыруун түрдө кылмакчы. Себеби, Франция аскерий аралашууну Ливияда табигый жана мыйзамдуу нерсеге айландырууну каалабайт. Франция Британия менен биргеликте саясий келишимди ишке ашырып өкмөт түзүүгө жана бул өкмөттү кубаттоого аракет кылууда. Ал тургай, Америка Европаны аскерий аралашуу менен кыйын абалга кептеп коюуга аракет кылып, бирде ал жерде, бирде бул жерде Европа тарабынан аралашуулар болууда деп жар салып билдирүүлөрдү бергенде да Европа ушул билдирүүлөрдү четке кагууга шашылды: «Италия премьер-министри Маттео Ренци жекшемби күнү Италиянын Ливияга 5 миӊге жакын аскерди жөнөтүү ниетинде экенин четке кагып, азыркы шарт Италиянын бул мурдагы колониясында аскерий аралашуу үчүн ыңгайлуу эместигин айтты. Ренци телекөрсөтүүдө ушуларды айтты: «Мен премьер-министр болуп турганда Италия Ливияга бастырып кирүү үчүн ошол беш миң аскер менен эч качан барбайт». Ал минтип кошумчалады: «Эгерде аралашуу зарыл болуп калса, Италия таптакыр артка чегинбейт. Бирок, бул, бүгүнкү абал эмес. Беш миң аскерди жөнөтүү идеясы талкууга коюлган жок». Ренци муну менен Американын Италиядагы элчиси Жон Филипке каршы жооп берди. Себеби, Америка элчиси «Коррьере делла Сера» гезитине интервью берип: «Рим беш миңдей аскерди жөнөтүшү мүмкүн» деген. (News Agencies, Россия Сегодня, 2016-жыл, 7-март)… «Италия ушул аскерлерди жайгаштыруудан мурун Ливия өкмөтү тарабынан – бул өкмөткө парламент ишеним көрсөткөндөн кийин – расмий талап алынышы керектигин билдирди». (Арабийя, 2016-жыл, 8-март). Италия бул аркылуу Америка Коопсуздук Кеңеши тарабынан жана Ливиядагы мыйзамдуу өкмөт тарабынан чыга турган токтомду күтүп отурбастан аралашып жатканына ишара кылууда.

Бул болсо, Ливияда иштер жакын арада турукташпастыгын түшүндүрөт. Ошондуктан, Ливияда тынчтыкты же туруктуулукту камсыздай ала турган абройлуу өкмөттүн пайда болушу күтүлбөйт. Ашып кетсе, ал эч кандай күч-кубатка ээ болбогон үчүнчү өкмөт болушу гана мүмкүн. Айрыкча, Америка түзүлө турган ар кандай жаңы өкмөттү кемсинтип жаткан соӊ, ушундай болушу табигый: «… Кээ бир эксперттер Триполи жана Табрук парламентинин мүчөлөрү улуттук биримдик өкмөтүн түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу мамлекетте үчүнчү өкмөттөн башка натыйжаны бербестигинен, бул болсо бөлүнүү жана башаламандык абалын ого бетер чаташтырышынан эскертишти… Башкы штабы Нью-Йоркто жайгашкан Американын «The Soufan Group» изилдөө борборунун отчётунда төмөнкүлөр билдирилди: «Улуттук биримдик өкмөтү түзүлсө, бул өкмөт өз ара күрөшүп жаткан эки өкмөткө караштуу отряддар бул өкмөттүн мыйзамдуулугун кабыл алууну четке кагышына дуушар болушу ыктымалдан алыс эмес». Британиянын «Гардиан» гезити билдиргендей, отчёт «Түзүлө турган өкмөт – күчтүү ыктымалга ылайык – аны түзүү келишиминин сыясы кургабай туруп согушка киришүүсү мүмкүндүгүнөн» эскертти….». (Шурук, 2015-жыл, 19-декабрь). Ошентип, өкмөт түзүлгөн күндө да ал согушкердин бир аз дем алышындай нерсе гана болот. Ошондон кийин күрөш дагы кайрадан башталат. Көрүнүп турган абал ушул, Америка бул сапар Ливияда негизги роль ага тиймейинче аракетин токтотпойт. Себеби, Америка алгачкы жолу ушул көрүнүштө өз малайларына ээ болууда жана ал үчүн  «Ислам Мамлекети уюмуна каршы күрөшүү» деген шылтоо менен аралашуунун учуру жаралды.

Ушуга ылайык, демек Ливияда – ушул колонизатор мамлекеттердин аралашып жаткан чеңгелдери кесилмейинче – эч качан туруктуулук болбойт. Маанилүүсү – бул же ал мамлекетке малайлык кылып жаткан жергиликтүү ыплас малайларды кулатуу. Бул малайлар сатылып жана сатып алынып, ушул колонизаторлорго аралашуу шылтоосун даярдап беришүүдө. Бул аралашууда колонизаторлорго кызмат да кылып жатышат жана алардын атынан согушуп да жатышат! Ошондуктан, калыс, аң-сезимдүү кишилер чет элдик аралашуунун ар кандай түрүн жок кылууга жана колонизаторлорду – европалыктар болобу же америкалыктар болобу, баарын – өлкөдөн кууп чыгарууга олуттуу аракет кылышы керек. Калыс, аң-сезимдүү кишилер колонизаторлордун бардык чечимдерин жана долбоорлорун четке кагышы, бул чечим жана долбоорлорду ыргытып, колонизаторлордун малайларын кулатуусу жана иштер тизгинин колго алып Аллахтын өкүмүн Анын жеринде орнотууга аракет кылышы керек… Биз Курани Карим хафиздеринин өлкөсү болгон Ливия калкында жакшылык калбаган деп эсептебейбиз. Себеби, бул өлкөдө ушундай садик, калыс эр кишилер бар, алар  Ислам жана анын калкына касташкан ушул душмандардын долбоорлорун – Аллахтын уруксаты менен – жок кылууга кудуреттүү. Анткени Күчтүү, Азиз Аллах Өз динине жардам бергендерге албетте жардам берет.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ * وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُم

«Эй момунлар, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем кылат. Кафир болгон кимселер үчүн болсо кыйроо болот жана (Аллах) алардын амалдарын зая кетирет»   [47:7-8]

 

 3жумадус-саний, 1437-х.

12-март, 2016м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here