Кыргызстан терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Тажикстан менен кызматташат

320
0

 Терроризмге каршы күрөш деген аталыш менен жылдан-жылга Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп келе жаткан  Тажикстан бийлиги алгач мектеп жашындагы балдардын жума намазга барышына тыюу салып, окуучу жана студентка кыздардын жоолугуна каршы күрөшкөн болсо, кийинчерээк ак топу, сакал жана хижабга каршы күрөшө баштады. Каттоодон өтпөгөн деген шылтоо менен мечиттерди жаап, аларды көӊүл ачуучу борборлорго айландырды.

 Ислам динине каршы душмандык менен күрөшүп жаткан Эмомали Рахмон өткөн жылдын сентябрь айында генерал Абдухалим Назарзоданын катышуусунда жасалма операцияларды уюштурду.  Бул аркылуу, өзү демократияга негизделген болсо да, бирок аталышында Ислам сөзү бар болгону себептүү “Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын” ишмердүүлүгүнө тыюу салып, аны террорчу уюмдардын тизмесине киргизди. Андан кийин мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн ого бетер күчөтүп, ал тургай уюмдун жетекчиси Кабиринин 95 жаштагы атасы Тилло Кабировду да камакка алды.

 Аллах тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдү “сыноо жана жоопкерчилик” деп эмес, тескерисинче бийлик жана кудурет деп билген бүгүнкүнүн Фараону Эмомали Рахмон Ислам дини жана анын баалуулуктарына каршы күрөштө ушунчалык чектен чыгып, ал тургай жаӊы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга да тыюу салды. Өзүн болсо “улут көсөмү” деп жарыя кылды.

 Бүгүнкү күнгө келип, Тажикстан бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштөгү “тажрыйбасын” Кыргызстан менен бөлүшкөнү жатат.

 Кыргызстандын Ички иштер министри Мелис Турганбаев тажикстандык кесиптеши Рахимзадо Рамазон Хамро менен жолугушуп, терроризмге (Исламга) каршы күрөштө кызматташа турган болду.

 Тажикстандын Согди областында өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан эл аралык терроризм, мыйзамсыз экстремисттик топтордун катарына кошулуп жаткан жаштар агымына бут тосуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, курал-жарак жана маңзаттарын ташуунун алдын алуу багытында атайын иш-чараларды иштеп чыгууга келишип алышты. Мындан тышкары, бул иштерди турмушка ашыруу үчүн эки өлкөнүн ички иштер кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган координациялык жумушчу топ түзүлдү.

Туркистон: 

АКШ башчылык кылып жаткан дүйнөлүк куфр системасы Ислам жана мусулмандарга каршы бирикти. Алар АКШдагы саясий институттардын жардамында бир катар стратегиялык максаттарын биргеликте ишке ашырып жатышат.

Ал саясий институттардын эң көрүнүктүүсү – бул Брукингс мекемеси “BROOKINGS INSTITUTION”. Ал Америкадагы жана дүйнөдөгү эң алгачкы аналитикалык мекемелердин бири болуп эсептелет. Брукингс мекемеси – Брукингс институту деп да аталат – Американын пикирий мекемеси болуп, башкы штабы Вашингтондо жайгашкан. Анын аталышы 1916 –жылы ушул мекемени негиздеген Роберт Брукингстин (Robert S. Brookings 1850 – 1932) атынан алынган. Ал түрдүү тармактарда изилдөө иштерин жүргүзүүгө о.э. көптөгөн тармактарда билим берүүгө адистешкен коммерциялык эмес атайын мекеме. Ошондуктан, кээ бирөөлөр бул мекемени “чечим кабыл алууда таасир өткөрүүчү эң маанилүү изилдөө борборлорунун бири” деп эсептешет. Бул мекеме өзү жана изилдөөлөрү үчүн ар түрдүүлүктү о.э. көз карандысыздыкты ураан кылып алган.

Бул мекеме акыркы отуз жылдагы изилдөө жана басылмаларында региондо саясий Ислам күчөп бара жатканына көӊүлдү буруп, АКШнын бул маселеге кандай мамиледе болушу туурасында кеӊештерди бере баштады. Т.а. саясий Исламга репрессивдүү чара көрүү же аны саясий иштерде шерик кылуу туурасында кеӊештерди бере баштады. Бул тууралуу бир катар изилдөөлөр чыгарылды, прогноз-божомолдор мониторинг кылынды, региондогу бул жаңы жана маанилүү абалга тиешелүү стратегиялык кеӊештер менен сунуштар берилди.

2006-жылы “RAND” корпорациясына “радикалдык” багыттагы мусулмандарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды. АКШ Афганистанда жана Иракта аскерий жактан ийгиликсиздикке дуушар болгондон кийин, Ислам жана мусулмандарга карата мамилесин өзгөртө баштады. 2014-жылы Обама: “Биз эми Исламий мамлекеттерге аскер алып кирбейбиз”, – деди. Ал дагы: “Өз өлкөсүндөгү радикалдык күчтөрдү Исламий мамлекеттердин өздөрү жок кылышы керек. Биз алар менен кызматташууга даярбыз”, – деди.

Акыркы жылдарда Америка менен Бишкек бир катар иштерди биргеликте аткарып жатышат. Бирок, АКШ мурдагы стратегиясын өзгөрткөнү көрүнүп калды. Ал мусулмандарды коргоо, алардын акы-укуктары үчүн күрөшүү принциби негизинде иш кылуудан баш тартты. Анын Бишкекте таасири күчөп барууда. Бирок, Бишкектин өзүндө мусулмандарга карата болуп жаткан зулумдарга эч кандай чара көрбөй жатат. Тажикстанда да таасири күчөп барууда. Ал жерде да адам чыдагыс зулумдар болуп жатканы АКШчыл күчтөрдү кызыктырбай койду. АКШ бул региондордон – кудум Өзбекстан сыяктуу – стратегиялык өнөктөш катары пайдаланып, алардын Ислам жана мусулмандарга каршы зулумдарына көӊүл бурбай жатат.

Демек, куфр системасынын Ислам жана мусулмандарга карата стратегиялык көз карашы өзгөрдү. Алар мусулмандар мамлекеттеринде, “RAND” корпорациясынын ар кандай абалда “секулярист мусулмандар” тайпаларын колдоп жиберүү кеӊеши негизинде иш алып барышат. Алар демократия негизинде жашоону жактаган мусулмандарды “секулярист мусулмандар” деп аташат.

Мусулмандарга каршы иш алып баруу долбоорун Кыргызстан менен Тажикстан кызматташтык негизинде кеӊешип жаткан жок. Булар, ал тургай жөнөкөй эле чегараларды аныктап алуу маселесинде да тил табыша алышпайт. Бул жерде: “Кыргызстан дүйнөлүк системанын талабы боюнча Тажикстанга белгилеп берилген куфр долбоорунан көчүрмө алганы жатат”, – деп айтсак туура болот. Бул эки мамлекет Борбор Азиядагы эле эмес, бүт дүйнөдөгү эң алсыз жана көз каранды мамлекеттердин катарынан орун алышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here