Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын кабар беришинче, 10-апрелдеги “Ислам – тынчтыктын жарчысы” аттуу китеп окуу конкурсуна република боюнча 9 миӊ адам катышты.
Конкурстун ачылыш салтанатына Уламалар кеӊешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, КИУнун ректору Марс Ибраев жана “Адеп Башаты” коомдук фондунун өкүлдөрү катышып, өз күчүн сыноого келген жарандарга ийгилик каалашты.
Марс Ибраевдин айтымында, конкурска Бишкек шаары боюнча 4 миӊ, ал эми республика боюнча 9 миӊ адам катышты.
“Негизинен конкурс жылдан жылга өзүнүн жакшы натыйжасын берип, катышуучулардын купулуна толуп келет. Бул дагы чек эмес. Иш-чара Ислам динин, Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын өмүр баянын билүүдө, элибизге туура динди жеткирүүдө өзүнүн эбегейсиз салымын кошуп келүүдө”, – деди Ибраев.
Бул конкурс Коргоо Кеӊешинин чечимдерин ишке ашырууда, экстремизм жана терроризмдин алдын алууда уюштурулду. Иш-чара мамлекеттин бардык аймактарында өткөрүлдү. Конкурстун байге фонду 400 миӊ сом жана 3 Умра сапары. Конкурстун жыйынтыгы 20-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чыгарылат.
Бул конкурс муфтият, Ислам университети жана “Адеп Башаты” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Туркистон:
Ислам дини тынчтык, бейпилдик жана кадыржамдык алып келет. Бирок, ал жогорудагылар айтып жаткандай тынчтык жана бейпилдик дини эмес! Ислам дини бизге тарыхты баян кылат, бирок ал бизге тарыхты үйрөтүү үчүн түшүрүлгөн эмес.
Т.а. Ислам динине амал кылып жаткан адамдарда кадыржамдык жана бейпилдик пайда болот. Алар, а түгүл согуш майданында, өмүрүнүн акыркы ирмемдеринде да кадыржам жана ыраазы абалын сактай алышат. Бул адамдар, напистерин Аллахтын өкүмдөрүнө толук моюн сундуруп алгандыктан, ал тургай куфрдун үстүнө жеӊиш менен басып кирип барган учурда да чектен чыгышпайт. Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн аракет кылбагандыктан, башка адамдарга карата чектен чыгышпайт. Муну биз сахабалардын жашоосунан билебиз жана ал заттарды ээрчиген чыныгы момундардын жашоосунан көрүп келе жатабыз.
Жогорудагы “ислам – тынчтыктын жарчысы” деген сыяктуу аракеттер “Ислам дини бир тараптуу, ар кандай абалга ыраазы болуп, ал тургай куфр аракеттери менен да киришип кете бере турган ылайыкташуучу реалисттик рухий дин” деген бузук түшүнүк негизиндеги аракеттердин бири. Ислам дини Аллах жана Расулу С.А.В. тарабынан толук абалда түшүрүлгөн. Ал бүгүнкү күндүн талабы менен өзгөрүп калбайт. Мусулмандарда болсо, ылайыкташуу сыпаты болушу мүмкүн эмес. Бул сыпат мынафыктын белгиси. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Оӊ ийниме күндү, сол ийниме айды коюшса да бул ишке ыраазы болбоймун. Же Аллахтын өкүмү болот, же мен өлөмүн”, – деген.
Мисалы, адам өлтүрүү түпкүлүгүндө кандай иш? Адам өлтүрүү иштин өзү гана. Ал жакшы же жаман иш деп сыпатталбайт. Себеби, исламий дүйнөкараш менен каралганда, ар-намысты коргоп, же Аллахтын жолунда жихад кылып бирер адамды өлтүрүү жакшы иш болуп эсептелет. Тескерисинче, бирөөнүн мүлкүн же аялын тартып алуу үчүн өлтүрүү т.а. Аллах арам кылган ишти жүзөгө чыгаруу үчүн адам өлтүрүү жаман иш болуп эсептелет. Адам өлтүрүүгө баа берүү адамдын дүйнөкарашына байланыштуу болот. Мисалы, Израилде боордошторубузду, эже-карындаштарыбызды көчөдө эле атып өлтүрүп жатышат. Алар өздөрүнүн дүйнөкарашы менен бул өлтүрүүгө оӊ баа берип жатышат. Ал тургай, бүт дүйнө бул канкордуктарда жамандык көрүп жаткан жок. Биз мусулмандар гана бул яхудийлердин адам өлтүрүүсүндө арам ишти көрүп, аны жаман иш деп баалап жатабыз.
Демек, Ислам дини кандай абал болсо деле тынчтык-бейпилдик издей берүүгө буюруучу дин эмес! Ислам дини – ар кандай абалда Аллахты ыраазы кылуучу жолду издөөгө жана аны иш жүзүндө аткаруу үчүн жан үрөп аракеттенүүгө буюруучу дин! Мусулман адам мына ошондо гана кадыржамдыкка жана эки дүйнө бактысына жетишет!