Темир Сариев отставкага кетти

339
0

Балыкчы-Корумду  жолун реконструкциялоо үчүн өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 9-апрелдеги жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгарын билдирген.

 Темир Сариев 11-апрелдеги өкмөттүн жыйынында парламенттин чечимин күтүп отурбастан отставкага кетерин билдирди.Себеби, ал өзүнө жүктөлгөн милдети аткарып болуп, кызматтан кетиши анык болуп калган эле.

Ал өкмөттү дээрлик бир жыл жетектеп Жогорку Кеңеш эки жолу ишеним көрсөткөнүн айтты.

“Мен президенттин колдоосун сезип жаттым. Биз баардык мамлекеттик органдар менен иштеше алдык”, – деди Сариев.

Премьер өкмөт жасаган иштерине токтолуп, бизнести колдоо менен гана өлкө өнүгүүгө жете алаарын белгиледи.

Ошондой эле, Темир Сариев Кыргызстан ЕАЭБге карата алган багытын сакташ керек деген пикирин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here