Россия Президенти Владимир Путин 2015-жылдын сентябрь айында Сирияга кошуундарын киргизип жатып, ИШИМге каршы күрөшүү максатында кирип жаткандыгын айткан эле. Бирок, Путиндин кийинки билдирүүлөрүнөн орус аба күчтөрүнүн Сирияда кыргын кылуудан көздөгөн негизги максаты ИШИМге каршы күрөш эмес, тескерисинче, Асад өкмөтүн күчөтүү экендиги белгилүү болду.
Интерфакс маалымат агенттиги кабар беришинче, президент Путин Петербург шаарында уюштурулган маалымат жыйынында Россиянын Сирияга болгон баскыны тууралуу айтып өткөн. Интерфакс Путиндин: “Биз ал жерде милдетибизди аткарганыбыз анык. Бирок, Сирияда радикалдык өзгөрүш болду деп айтууга азырынча эрте. Биздин милдетибиз Сирияда мамлекеттик түзүмдү жана мыйзамдуу бийликти бекемдөө эле”, – деген сөздөрүн келтирди.
Путиндин айтымында, Россия кошуундарын Сирияга алып кирүүдөн көздөгөн максатына жетишкен. Ушуга ылайык, Россия армиясынын Сириядагы операциялары Москванын дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер менен болгон мамилелери кайрадан калыптанышына шарт түзөт.
О.э. Сирияда “терроризм”ге каршы күрөш жолунда ишке ашырылган аскерий операциялар учурунда башка мамлекеттер менен кызматташтык болгондугун да айтып өттү. Ал АКШ менен болгон мамилелерин буга мисал келтирди.
Путин: “Биз эки мамлекет (т.а. АКШ менен Россия) ортосунда маалымат алмашуу үчүн бир борбор түздүк. Тынымсыз кеӊешүүлөр болуп жатат. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Сирияда тынчтыкты камсыздоо үчүн жана аны көзөмөл кылуу үчүн механизмдерди пайда кылдык”, – деди.