Нурсултан Назарбаев элди өзүнүн жеӊиши менен куттуктады

341
0

 20-март күнү Казакстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоодо күтүлгөндөй эле президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы толук үстөмдүк менен жеӊип чыкты. Шайлоонун натыйжалары алдын ала жарыя кылынгандан кийин Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын штабындагы тарапкерлерине кайрылуу жасады.

“Алгачкы маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын көпчүлүгү “Нур Отан” партиясына ишеним билдирди – бул бүтүндөй элдин жеӊиши”,- деп айтты Назарбаев.

Назарбаевдин айтымында, мамлекеттин калкы ушул ишеними менен партия алып барып жаткан багыт, программа жана реформаларды дагы бир ирет колдоп-кубаттады. Президент шайлоодо добуш берген бардык жарандарга ыраазылык билдирди.

Назарбаев башка партиялар тарабынан айтылган сунуштар эске алынышын баса белгиледи.

Алгачкы эсептөөлөргө ылайык, “Нур Отан” 82 пайыз добуш алган. Андан кийинки орунда “Ак Жол” жана Коммунистик партия келе жатат. Бул партиялар 7,20 пайыздан добуш алышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here