СОКУР ТАЯГЫН БИР ЖОЛУ ЖОГОТОТ

306
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

СОКУР ТАЯГЫН БИР ЖОЛУ ЖОГОТОТ

 “Демократия” деген балээни бизге колонизатор кафирлер тыгыштырып жатат. Максаты, бизди ар дайым кулдукта кармап туруу. Аларга өзүбүздөн чыккан малайлар жардам берип жатышат. Бул малайлар өтө эле начар, коркок адамдар болушуп, кожоюндарынын алдына барышканда тарыхтагы кулдардан да жаманыраак абалга түшүп калышат. Себеби, кулдар кишенделүү болушса да өз пикирин айтуудан коркушпаган. Ал эми булар “хур” болуп турушуп да, өз пикирлерин айтууга батына алышпайт. Туура, алардын бардыгы эле кулдарга айланып кетишпеген, аларда да эр жүрөк, акыйкатсыздыктарга каршы чыга турган чыныгы жигиттер да бар, бирок кафирге малай болгон бийлик алардын тилин тыйып коюуга бар болгон күчүн жумшап жатат. Кафир кожоюндары кылып жаткан айла-амалдары өздөрүнүн зыянына болуп жатканын түшүнүшпөйт. Мисалы, учурда Исламга каршы турууда имам-молдолорду өздөрүнө шерик кылып алуу менен аларга тапшырылган милдетке ылайык көрүнүштө, колонизатор кафирлер каалаган тарапка эл жүрө берет деп ойлоп жатышат. Жок, эч качан! Бул жаңы балээлердин башталышы болот, эл дагы кыйналат.

Эй аткаминерлер! Эй калктын жетекчилигин өз мойнуна алгандар!

Эл силерге таптакыр ишенбейт. Силердин убадаӊарга да, чыгарып жаткан токтомдоруӊарга да жана таркатып жаткан кабарыӊарга да ишенбейт. Элди алдаганды токтоткула, өзүӊөрдүн зыяныӊарга бейпайда аракет кылууну токтоткула! Кээ бир адамдар өз пайдасын ойлоп, силерге кошомат кылуу менен ачкөздүктөрү негизиндеги максаттарына жетүү үчүн гана силер тарапта болуп жатышат. Момундардын силерге ишенбей койгондугу Расулуллах (с.а.в)дын:

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ

Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах(с.а.в):“момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт”, – деген хадиси негизинде болгон. Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяттары.

Имам-молдолорго – айрымдарынан жүз үйрүп баштаган болсо да – эл ишенет. “Алар акыйкатты айтып жатышат, Аллахтын дининен таалим берип жатышат”, – деген ишеним азырынча жоголо элек. Бирок, ар кандай абалда акыйкатты баян кылышы менен таанылган Рашод карынын камалышы имам-молдолордун оозун жабууга болгон бир ката аракет эле. Эми колонизаторлордун максаттарын ишке ашырууда имам-молдолорду шерик кылууга болгон аракеттер кезектеги оор ката болот, себеби, имам-молдолорго ишенип жаткан эл алардан жүз үйрүп баштайт. Т.а. башка жерлерден өздөрү үчүн жол башчыларды издейт, суроолоруна жооп берүүчү ишенимдүү аалымдарды табышат, бул азыркы учурда өтө оӊой. Же адашып АКШ сыяктуу жырткычтар жасалма түрдө пайда кылган аракеттерге байланышат. Мында негизги кылмышкер силер болосуӊар!

Эй имам-молдолор! Эй Расулуллах(с.а.в)дын мураскорлору!

Оор сыноо мезгили өтө аз калды. Ислам эшик кагып келе жаткан бир учурда куфр тарабында туруудан этият болууга чакырабыз. Эгерде сыноодо бекем болуп, акыйкатты баян кылууда туруктуу болсоӊор эки дүйнө азиздигине жетишесиӊер. Кокустан куфр жана анын малайлары тарапта болсоӊор, анда эки дүйнө шерменделигине акылуу болуп каласыӊар. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбай турган акимдер менен достук мамиледе болуу Исламдагы чоӊ кылмыштардан о.э. алардын каталарына “алакан чабуу” жана алардын алдында мунафыктык менен туруу – булар ыраазы болуунун белгилеринен. А бирок, аларга зулумдары жана бузукулуктарында моюн сунуу, куфр пайдасына чыгарылган буйрук-токтомдорун аткаруу жана аларды өзгөртпөстүк, фитналарын (акыйкаттан бурууларын) четке какпастык залимдерди дагы да кыянаттарга шыктандырат о.э. мусулмандарга каршы рухтандырат, бирок негизги жоопкерчилик силерде. Расулуллах(с.а.в) бул тууралуу эскерткен: “Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириӊер өз раиятыӊардан жоопкерсиӊер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер…”.

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Таала пенделерине ар бир иште эң туура өкүмдөрдү жеткирди жана аларды адам өз ыктыяры менен кабыл алышын каалады. Өз ыктыяры менен Исламды кабыл алган адам момун болуп эсептелип, анда эч кандай ыктыяр калбайт. Кээ бирин алып, кээ бирин тан албастык да бардыгын четке каккандай эле куфр болуп эсептелет. Бул өкүмдөрдөн жүз үйрүгөн адамдардын оор турмушта жашаганына тарыхта өтө көптөгөн мисалдар бар. Азыркы жырткычтыктын да себеби Аллахты коюп, адамдар чыгарган өкүмдөргө карап иш кылышыбызда. Аллах Таала айтат

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا

 „Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот“. [20:124]

“Ислам аалымы”  деген сөз “Аллах Тааланын амр-буйруктарын жакшы билүүчү, өз коомуна салыштырмалуу шарият негизиндеги жашоону билүүчүрөөк” деген маанини түшүндүрөт. Мисалы, демократияда дин жана саясат бири-биринен башка эки нерсе, бири-бирине аралашуусу мүмкүн эмес деп уктурушат да, а бирок демократтар буга амал кылышпайт, тескерисинче саясий иштерде динден пайдаланышат. Исламда дин өзү саясат, саясат менен алектенүү ар бир мусулманга фарз. Саясий хизбдерди түзүү болсо фарзи кифая. Расулуллах (с.а.в): «Этибарын Аллахтан башкага караткан абалда таӊ атырган адам Аллахтан эмес. Мусулмандардын ишине маани бербеген абалда таӊ атырган адам мусулмандардан эмес», деген. Аллах Таала айтат:

وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنْكَرِ وَأُوْلَئِكَ هُمْ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар”. [3:104].

Демек, саясий хизбдердин болушуна каршылык кылуу Аллах жана Расулуна каршы чыгуу болот, Аллах сактасын!

Демек, “аалым” болсоң үйрөт, даъват кыл. Айтып жаткан сөздөрүӊдү динден деп билишет, далилиӊди келтир о.э. кимдин ижтихады экенин кошуп баян кыл. А бирок, сага ишенген адамдарды алдаба, динге кыянат кылба! Аллах Таала айтат:

أَأَنْتُمْ أَعْلَمُ أَمْ اللَّهُ وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَتَمَ شَهَادَةً عِنْدَهُ مِنْ اللَّهِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

Силер жакшы билесиӊерби же Аллахпы? Өзү билген күбөлүктү-чындыкты Аллахтан жашырган кимседен да залимирээк адам барбы? Аллах кылып жаткан амалыңардан кабарсыз эмес”.  [2:140]

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ

Аллах жөнүндө жалган жалаа ойлоп тапкан же Анын аяттарын жалган деген кимседен да залимирээк ким бар?! Албетте, мындай залимдер нажат табышпайт-кутулушпайт.  [6:21]

Эй мусулмандар! Эй карапайым калкым!

Качанкыга чейин дос-душманды ажыратпай жүрө бересиӊер? Качанкыга чейин кафирлердин малайларына унчукпай турасыӊар? Мусулмандар жашаган жерлердеги камактарда  жаткан бейкүнөө адамдарды, ар-намыстары тебеленип жаткан аялдарды, ачкалыктан өлүп жаткан наристелерди көрбөй жатасыӊарбы? “Бүгүн ошол мусулмандарга келген абал эртеӊ мага да келгенде каршы турамын” деп өзүӊдү алдаба!

Качанкыга чейин өзүңдөн чыккан саткындарга унчукпай турасыӊар? Акыйкатта болсо, Аллах жана Расулу(с.а.в) мунун арам экендигин баян кылган го. Силер алардын кыянаттарын көрүп туруп унчукпастыгыӊар алардын кылмышына шериктигиӊди түшүндүрөт. Расулуллах(с.а.в) Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте: …«Жок, эч качан, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте, Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт», – деген.

Түшүндүрмө: «Аллах Таалага ишенемин жана ага мюн сунамын» деген адамда ыктыярдуу бирер иш жок. Аллах Таала айтат:

وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ

“Эмнеде ихтилаф кылсаӊар анын өкүмү Аллахка (кайтат)”. [42:10]

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла”.  [4:59]

Дарукутний риваят кылган хадисте Расулуллах(с.а.в) мындай деген:

«كُلُّ أَمْرٍ لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

“Биздин буйругубуздан болбогон ар бир иш четке кагылган”.

Ушулардан белгилүү болгондой, “Ислам”да негиз – шариятты ээрчүү жана аны менен байлануу. Мусулман ар бир ишти кылуудан мурда ошол иштин шаръий өкүмүн билип, андан кийин ага карата мусулмандыгынан келип чыгып, ага ылайык көрүнүштө өзүн калыптандырышы керек. Антпесе, ал мусулмандыкты дааба кылып жаткан жалганчы, мунафык болуп калат.

Аллах Таала айтат:

فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Эгер өзүңөр билбей турган болсоңор, ахли зикрден сурагыла”.  [16:43] жана [21:7].

Абу Давуд Жабир (р.а)дан риваят кылган таяммум туурасындагы хадисте Расулуллах(с.а.в):

«أَلاَ سَـأَلُوا إِذْ لَمْ يَعْلَمُوا فَإِنَّمَا شِفَاءُ الْعِيِّ السُّؤَالُ»

“Билбесе сурабаптыр да. Себеби, билбестиктин дабаасы суроо”, – деген.

Сурап жаткан аалымды текшерүү шарт, фасыктын сөзүн текшерип көрүү Аллах Тааланын буйругу:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ

“Эй момундар, эгер силерге бир фасык бирер кабар айтса, (чыныгы абалды) билбеген абалыңарда, бирер коумго мусийбат жеткирип коюп, кылган ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (ал фасык кимсе алып келген кабарды) аныктап көргүлө! [49:6]

Ал эми аалымдын жашынып алышы же өз мекенин таштап чыгып кетиши анын сөзүн шектүү кылбайт, себеби, Ислам келген алгачкы доордо мусулмандарды эл душманы деген тамга менен коомдо кылмышкерлерге айландырышкан кезде сахабалар Меккеден чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Ал  тургай “Мухаммад Амин”(ишенимдүү) деп таанылган Расулуллах (с.а.в)га да Меккенин эшиктери жабылган соӊ, башка элдерден “нусрат талап” кылган. Ошондо Меккеден куугун кылынган Расулуллах (с.а.в)ды Мадина калкы “толгон ай” сыяктуу күтүп алышканы жана жолдо өзүнүн Пайгамбар экендигин бир аърабийден жашырганы белгилүү.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here