Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек 16-17-мартта расмий сапар менен Кыргызстанга келет.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиришинче, Гамачектин расмий сапары Жогорку Кеңештин чакыруусу менен болот.
Чехия делегациясы Кыргызстан жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт жана Соода-өнөржай палатасы Экономика министрлиги менен биргеликте уюштурган кыргыз-чех бизнес форумуна катышат.
Мындан тышкары, Ян Гамачек Кыргызстандагы “Интергельпо” кооперативи уюшулгандыгынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышат.