Үчүнчү март – муслима аялдардын калканы болгон Халифалык кулатылган кайгы күн

349
0

Үчүнчү март – муслима аялдардын калканы болгон Халифалык кулатылган кайгы күн

2016-жылы 3-март күнү Ислам Үммөтүнүн башына чоң бактысыздык түшкөнүнө 92 жыл толду. Бул күндө колонизатор Батыш жана анын саткын жуундукору Мустафа Камалдын колу менен Исламдагы башкаруу түзүмү болгон Халифалык бекер кылынды. Ошол каргаша күндүн акыбеттеринен, анын мусулмандарга жана алардын динине тийгизген таасиринен дагы эле жүрөктөр сыздайт. Бул окуяны сүрөттөөгө тил ажыз. Ушул улуу түзүмдүн бекер кылынышы акыбетиндеги үлкөн зыян көбүрөөк Үммөт аялдарына тийди. Бул түзүм алардын акы-укуктарын, ар-намыстарын коргоп, адилеттик кылып, жыргал жана сый-урматтуу жашоо менен камсыздап келген эле.

Халифалык аял өмүрүн жана сыймыгын коргоо үчүн Аллах Субханаху ва Тааланын буйругуна итаат кылып, армияны сапарбар кылган. Бул түзүмдү таква заттар башкарган жана алар аялдарга кызмат кылышкан. Халифалык түзүмү оор экономикалык жүктөрдү көтөргөн: ар дайым аялдардын бардык муктаждыктарын камсыздап келген. Исламий түзүмдө аялдар акимдерди шайлашкан, акимдерди эч кандай кооп-коркунучсуз ачык-ашкере тергеп-тескөө укугуна ээ болушкан. Халифалык мамлекети миңдеген аалым аялдарды жетиштирип чыгарган жана аялдарды улуу даражага көтөрүү, укуктарын кепилдөө жана жакшы мамиле кылуу менен дүйнөгө жетекчилик кылган.

Ал эми, Халифалык бекер кылынгандан кийин муслима аялдар токсон жылдан ашуун убакыт ичинде караңгылыкка, болуп көрбөгөн кыйынчылыктарга, жан чыдагыс азап-укубаттарга туш болушту. Батыштын аялдарга ырайым кылууну билбеген, аялдардын жанын жана намысын коргобогон режимдер астында аялдар кыргын, ойрондулук, жакырчылык, кордуктан башы чыкпады.

Ушул Үммөт аялдары үстүнөн диктаторлор өкүм жүргүзүштү, мал-дүйнөлөрүн уурдашты, террорчулук жана коркунучтар менен башкарышты. Алар аялдарды Исламий кийимдери жана акыйдасы үчүн репрессия кылышты, алардын зулумуна каршы чыгышканы жана Исламга даъват кылышканы үчүн камактарга алып, кыйноолорго салышты, өлтүрүштү… О.э. бул залим режимдер муслима аялдарды финансылык жана башка муктаждыктарын камсыздаган Исламдагы укуктарын да тебелеп урматтуу эже-сиңдилерибизди көчөлөрдө тилемчилик кылууга, денелерин сатууга о.э. өзүлөрүн жана бала-чакаларын багуу үчүн чет малекеттерге кетүүгө мажбур кылды. Бул муслима аялдардын муктаждыктары бүгүн өтө көбөйгөн учурда, коррупциячыл жетекчилер, режимдер алардан бүтүндөй баш тартышты, алар өз өлкөлөрүндө Ислам душмандарынын колу менен кыргын кылынышына, мындай тозоктон качып деңиздерде чөгүп өлүшүнө себеп болушту, тынч башбаанекке ээ болуу укуктарын тебелешти. Бул режимдер аялдарды коргоо үчүн армияларын сапарбар кылууда суздук кылганы жетишпегендей, ал тургай, аларды кыргын кылуу үчүн душман менен тил бириктиришти…

Эй мусулмандар, эй момун күч-кубат ээлери!

Токсон жылдан бери аялдарыңар куфр түзүмдөрү астында караңгылыкта, кордукта, репрессия жана кыйынчылыкта жашаганы жетиштүү эмеспи?! Энеңерге, эже-карындаштарыңарга, аялдарыңарга жана кыздарыңарга урмат-сыйларын кайра алып берүүнү арзуу кылбайсыңарбы?! Исламды кайра өз кубатына, улуулугуна кайтарууну, Аллах Субханаху ва Таала буйругандай, бүткүл дүйнөгө Ислам адилетин жана нурун жаюуну каалабайсыңарбы?!

Биз силерди өлкөлөрүбүзгө рак сымал жабышып алган о.э. Үммөттү жана анын аялдарын коргобогон, укуктарын тебелеген бул режимдерди кулатууга чакырабыз. О.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге тезинен аракет кылышыңарды талап кылабыз. Рошид Халифалык мамлекети Исламдын бүткүл дүйнөдөгү кубатын жана улуулугун кайра тикелейт, бузукулук жана зулумду тамыры менен кулатып, ордуна бүткүл муслималар жана Үммөт үчүн жаңы Таңды алып келет! Расулуллах A айтат:

»إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ«

«Имам анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Ушул шилтемеде https://youtu.be/ZoqfcHl-s7I Халифалык мамлекетинин кулашы муслима аялдардын жашоосуна кандай акыбеттерди алып келгени айтылат.0hizb

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here