Америка-Россия келишүүсү эл аралык токтомго айландырылды

311
0

Коопсуздук Кеңеши Шам калкына каршы курал катары пайдалануу үчүн Америка-Россия келишүүсүн эл аралык токтомго айландырды.

Коопсуздук Кеңеши Сирияда аскерий аракеттерди токтотуу боюнча Америка-Россия келишүүсүн тастыктоочу №2268-токтомду бир добуштан кабыл алды жана бардык кызыкдар тараптардан токтомду аткарууну талап кылды. Вашингтон жана Москва тарабынан сунушталган ушул токтом белгиленген келишим күчүнө киришинен бир саат мурда добушка коюлду. Токтомдо Америка-Россия ортосундагы ок атууну токтотуу келишимине Коопсуздук Кеңешинин «толук ыраазы экендиги» жана «аскерий аракеттердин токтотулушу 27-февраль Дамаск убактысы менен саат 00:00дөн башталышы керектиги» баса белгиленди о.э. «аскерий аракеттерди токтотуу милдети жүктөлгөн бардык тараптардан келишүүнү урматтоосу» талап кылынды. О.э. токтомдо Сирияны колдоочу эл аралык топтун мүчөлөрү «ушул милдеттердин аткарылышын камсыздоо» жана «ок атууну биротоло токтотуунун» бекемделишине шарт түзүү үчүн өз таасирлерин ишке салып, кызыкдар тараптарга таасир өткөрүүгө чакырылат. Айрыкча 4,6 миллион сириялык  блокадада калып, гуманитардык жардамдарды жеткирип берүү кыйын болуп турган бир учурда, Сирияга гуманитардык жардамдардын «тоскоолдуксуз жана кыска убакытта» жеткирип берилиши да талап кылынат. Коопсуздук Кеңеши саясий өткөөл мезгилине алып баруучу сүйлөшүүнү өткөрүү зарыл экендигин баса белгилеп жатат. (Ливанда чыгуучу Нахор журналы).

Роя гезитинин 2016-жыл, 2-марттагы 67-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here