Германияда 130 миӊ качкындын дареги жок!  

316
0

Германияда каттоого алынган ар бир 12 качкын дайынсыз кеткени айтылууда. Германиянын солчул партиясы тарабынан федералдык парламентке берилген суроого ички иштер министрлиги тарабынан берилген жоопто айтылышынча, өткөн жылы каттоого алынган 1,1 миллион качкындан болжол менен 130 миӊ адамдын кайда экендиги учурда белгисиз.

“’Süddeutsche Zeitung” гезитинин жазышынча, өткөн жылы каттоого алынган качкындардын 13 пайызы кабыл алуу борборлоруна кайтып келбеген. Жыл бою Германия аймагына кирген качкындар “Easy-System” деп аталган программа аркылуу каттоого алынышат.

Федералдык ички иштер министрлиги тарабынан берилген билдирүүгө ылайык, бул качкындардын кээ бирлери жолун улантып, башка мамлекеттерге өтүп кеткен болушу мүмкүн, же алар мыйзамсыз көрүнүштө бул жерде калууну каалаган болушу да мүмкүн. Федералдык миграция жана башбаанек палатасынын жетекчиси Франк-Юрген Wеисе буга кошумча түрдө өздүгү аныкталбаган 400 миӊ качкын да бар экендигин билдирди.

“Роя” гезитинин интернет сайты мындан бир аз мурда Европа полициясына (Европолго) таянып, акыркы эки жылдын ичинде ата-энесиз Европага хижрат кылган он миӊден ашуун балдардын дайынсыз жоголгону тууралуу жазган эле. Европолдун билдиришинче, алар адам соодасы менен алектенүүчү кылмышкерлердин колуна түшүп калып, сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болушу мүмкүн.

«Европол»дун жетекчиси Брайан Дональд Британияда чыгуучу «Observer» гезитине берген интервьюсунда “бул цифралар Европага жетип барып, мамлекеттик органдар тарабынан каттоого алынгандан кийин жоголуп кеткен балдардын саны” деди. Анын түшүндүрмө беришинче, Италиянын өзүндө эле беш миӊ бала жоголгон. 2015-жылдын октябрь айында Швеция өкмөттүк органдары да Треллеборг шаарына жетип келген миӊ чакты бала дайынсыз жоголгонун тастыктаган. Брайан Дональд жогорудагы гезитке берген интервьюсунда үй-бүлөсү менен чогуу келбеген качкын балдардын айрымдары сексуалдык эксплуатациянын курмандыгы болгонуна ишара кылуучу далилдер табылганын айтты. Ал качкындарды эксплуатация кылуу кылмышына аралашкан көптөгөн адамдар камакка алынганына, айрыкча, акыркы 18 айдын ичинде миграцияга байланыштуу кылмыштуу система өнүккөнүнө көӊүлдү бурду. «Европол» кызматы эки топтун т.а. качкындарды Европага контрабанда кылуу менен алектенүүчү топ менен сексуалдык эксплуатация жана кулчулук максатында адам соодасы менен алектенүүчү топтун жолдору кесилишип жаткандыгын күзөткөн. ЕККУдагы бир жооптуу аял мындай деп билдирди: «Мындай коркунучка көбүрөөк мына ушул балдар дуушар болгон. Себеби, алар ата-энелеринин көзөмөлүсүз көчүп жүрүшөт. Аларды үй-бүлөсүндөгүлөр өздөрү Европага жөнөтүп, өздөрү да алардын артынан кийинчерээк келип кошулуп алууну максат кылышкан же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө-жарымы менен качышкан”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here