Россия Орто Азияда “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанды куралдандырууда

389
0

Россия Орто Азияда “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанды куралдандырууда

2015-жыл, 23-декабрь күнү Россия Коргоо министри Сергей Шойгу анын мамлекети Орто Азия регионунда “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү максатында кыргыз армиясын кайрадан куралдандыра тургандыгын билдирди.

Ал Москвада КР Куралдуу күчтөрү башкы штабынын башчысы генерал Жаныбек Капаров менен жолугушуу учурунда «Биз Афганистан тараптан келе жаткан мындай коркунучтарга каршы күрөшүүсү үчүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен камсыздоо планы боюнча колдон келген бардык иштерди кылабыз» деди.

Андан соң «Булардын бардыгы бүгүнкү коркунучтарга каршы турууда оң натыйжа берет деп үмүттөнөмүн» деди. Шойгунун айтымында, кыргызстандык кесиптештери да Афганистандагы террористтик уюмдарга кошумча, жаңы ИШИМ уюму пайда болгонуна күбө болушкан. Анткени, алардын саны аз эмес, максаттары болсо террористтик иштерин улантуу акысына финансылык пайдаларга жетишүү.

Шойгу кызматташтыктагы иш-аракеттер “Кыргызстанга бул коркунучтарга каршы коргонуу түзүмүн жаратуу мүмкүнчүлүгүн беришине” ишене тургандыгын билдирди («Спутник» сайты).

Роя гезитинин комментарийи:

Россия коргоо министринин мындай билдирүүсү Москванын айрым Орто Азия республикаларына Афганистан аркылуу «Ислам Мамлекети» уюмунун киришинен жана Россия ичкерисинде куралдуу операцияларды кылышынан кооптонуп жатканына ишара кылат. Америка “Ислам Мамлекети” уюмунун иш-аракеттеринен айрым региондордо пайдаланышын Россия жакшы билет. Ошондуктан, Американын айрым Россия кызыкчылыктарына сокку беришинен чындап эле кооптонууда. Россиялык бир жооптуунун билдирүүсүнө ылайык, Россия Талибан кыймылы менен эки тараптын ортоктош душманы болгон “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы кызматташтыкта күрөшүү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Талибан болсо мындай сүйлөшүүлөр болгонун четке каккан.poya

Роя гезитинин 2015-жыл, 30-декабрдагы 58-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here