Өзбекстандагы муслима аялдар көчөдө жоолугуна асылышынан коркуп, үйлөрүнөн чыга албай калышты

300
0

Өзбекстандагы муслима аялдар көчөдө жоолугуна асылышынан коркуп, үйлөрүнөн чыга албай калышты

Кабар:

1-декабрда “Азаттык” радиосу таркаткан кабарга ылайык: ”Ташкент шаарында кийинүү маданиятына амал кылбаган аялдар тизмеси түзүлүүдө. Хижабдуу аялдарды коомдук жайларда жоолук оронуп жүрүүгө мыйзам менен тыюу салынгандыгынан эскертип, бул тууралуу кагазга кол койдуруп жатышат. Расмийлер тизмени жогору жактагы жетекчилик талап кылып жаткандыгын айтышууда.”

Комментарий:

Акыркы жылдарда залим Каримовдун кылмышкер режими Өзбекстанда муслима аялдарды катуу куугунтуктап жатат. Ислам дининин бул өлкөгө кайтышынан коркуучу жана жек көрүүчү куфр режими абийирдүү муслима аялдарды коомдук жайларда кармап, жоолуктарын чечүүгө мажбурлап жатат. Алгач бул иштер аялдарды  кармап, акаараттар менен сурак кылуу, көбүнчө уятсыздык менен көчөдө жоолуктарын жулуп алуу көрүнүшүндө болчу эле. Эми болсо бул режим  жоолук оронгон аялдарды каттоого ала баштады.

Биринчи жолу колго түшкөн муслима аялдар коомдук жайларда ислам динине ылайык кийинүү мыйзамга тескери келиши туурасында эскертилип, алардан диний кийим кийүүгө тыюу салынганы туурасындагы документке кол коюу талап кылынууда. Документе “Ишеним эркиндиги жана диний уюмдар туурасындагы” мыйзамдын 14-беренеси жана админстративдик жоопкерчилик туурасындагы кодекстин 184-берене, 1-бөлүмү тууралуу сөз болот. Админстративдик жоопкерчилик туурасындагы кодекстин 184-берене, 1-бөлүмүндө: “Жарандардын коомдук жайларда ибадат кылуучу кийимдерде жүрүшү – эң төмөнкү айлык акынын беш эседен он эсеге чейинки өлчөмүндө штраф салууга же он беш сутка мөөнөткө админстративдик камакка алууга себеп болот”, – деп жазылган. Мунун натыйжасында, кармалган аялдар жоолуктарын чечпесе, биринчисинде 250 доллардын тегерегинде штраф салынат. Эгерде экинчи жолу колго түшсө, 15 суткага камалышат, эгерде мында да чечпесе узак мөөнөттүү камак жазасына өкүм кылынышат.

Көпчүлүк муслималар колго түшүп жана  көчөдө хижабына кол салынышынан коркуп. Коомдук жайларга чыга албай үйдө отурууга мажбур болушууда. Көчөгө чыгууга мажбур болгондор болсо, ар-намыстарын коркунуч астына коюп болсо да, такси кызматынан пайдаланып жатышат, себеби жолдорду тынымсыз көзөмөл кылуучу милиция  кызматкерлери таксисттерден акча өндүрүшөт. Эгерде таксиде хижабдуу муслима аялды токтотсо, мындай абалда штраф төлөөдөн же камакка алуудан кутулуп болбойт.

Эй мусулмандар! Залим Каримов режими Жаратуучуну четке кагуучу куфр түзүмү, демек анын өзөгүндө Ислам жана мусулмандарга болгон душмандык жатат. Өзбекстанда жана Орто Азияда мындай түзүм бар болуп турган соң,  пакиза кыздарыбызды, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди жана аялдарыбызды бул жана бул сыяктуу куфр түзүмдөрү куугунтуктай берет. Аллахка жана Акырет күнүнө куфр келтиргендер мусулмандарды дининен кайтарганга чейин куугунтуктай беришет. Кудуреттүү Аллах Таала Өзүнүн китебинде айтат:

وَلَايَزَالُونَيُقَاتِلُونَكُمْحَتَّىٰيَرُدُّوكُمْعَنْدِينِكُمْإِنِاسْتَطَاعُوا

Алар (кафирлер) колдорунан келсе диниңерден кайтарганга чейин силер менен согуша беришет(2:217)

إِنَّالَّذِينَكَفَرُواْيُنفِقُونَأَمْوَالَهُمْلِيَصُدُّواْعَنسَبِيلِاللّهِفَسَيُنفِقُونَهَاثُمَّتَكُونُعَلَيْهِمْحَسْرَةًثُمَّيُغْلَبُونَوَالَّذِينَكَفَرُواْإِلَىجَهَنَّمَيُحْشَرُونَ

Албетте, кафир болгон кимселер мал-дүйнөлөрүн адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн сарпташат. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (малдары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кимселер тозокко топтолушат”                               (8:36)

وَدُّوالَوْتَكْفُرُونَكَمَاكَفَرُوافَتَكُونُونَسَوَاءًۖفَلَاتَتَّخِذُوامِنْهُمْأَوْلِيَاءَحَتَّىٰيُهَاجِرُوافِيسَبِيلِاللَّهِۚفَإِنْتَوَلَّوْافَخُذُوهُمْوَاقْتُلُوهُمْحَيْثُوَجَدْتُمُوهُمْۖوَلَاتَتَّخِذُوامِنْهُمْوَلِيًّاوَلَانَصِيرًا

Алар өздөрү кафир болушканы сымал силер да кафир болуп, алар менен тең болуп калышыңарды каалашат.”    (4:89)

 Эй Мусулмандар! Мындай кор жана оор абалдан кутулуунун бирден-бир жолу Орто Азияда жана мусулмандарга тийиштүү болгон бардык Исламий өлкөлөрдөгү мусулмандар үстүнө орнотуп коюлган тогуттардын кудайсыз системасынан кутулуу үчүн катуу аракет кылууда. Ислам динин кайрадан турмушка алып келүү биздин коопсуздугубузду, намысыбызды жана сый-урматыбызды кайтарат. Эч качан унутпагыла, Куран жана Сүннөт менен башкара турган адилеттүү аким башчылыгындагы рошид Халифалыктын кайрадан тикелениши гана аялдарыбыз, эже-карындаштарыбыз жана энелерибиздин коопсуздугун камсыздай алат.

يَاأَيُّهَاالَّذِينَآمَنُواإِنتَنصُرُوااللَّهَيَنصُرْكُمْوَيُثَبِّتْأَقْدَامَكُمْ

“Эй ыйман келтиргендер! Эгерде Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекем кылат”.(47:7)

 Хизб утТахрирдин Борбордук Медиа Офисинин кызматкери Элдар Хамзин

20.12.2015

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here