Жон Керри: «Сирияда түзүм өзгөрүшүн каалабайбыз»

342
0

2015-жыл, 19-декабрда «Россия 1» каналына берген интервьюсунда «Вашингтон Сириядагы режимди кулатып таштоого аракет кылып жатабы?» деген суроого жооп берип, Америка тышкы иштер министри Жон Керри өзүнүн мамлекети «Бул мамлекеттеги башкаруу түзүмүн өзгөртүүгө аракет кылбай жаткандыгын» баса белгиледи. Ал кошумча кылып: «Бул албетте биз Сирия өкмөтүнүн бардык тарабын өзгөртүүнү каалап жатканыбызды түшүндүрбөйт. Жок, андай эмес, себеби биз Сириянын мамлекеттик мекемелерин сактап калмакчыбыз», – деди.

Бул сөздөр Америка саясаты эки жүздүү саясат экендигин ачыктап турат. Себеби, Обама 2011-жылы 18-августта “Асад бийликтен кетиши керек” деген эле. Мына ошондон кийин «Асаддын бийликте эсептелүү күндөрү калды» жана «Ал мыйзамдуулугун жоготту», деген бир нече билдирүүлөр кайра-кайра айтылды. Бул жана мына ошол билдирүүлөр ортосунда Америка админстрациясы Асаддын эсепсиз кылмыштарына көз жумуп коюуда. Ушунча четке кага алгыс күбө-далилдер жана отчётторго карабастан анын кылмыштарын көрмөксөн болуп келүүдө. Хьюман Райц Вотч уюмунун «Эгерде өлүм тилге киргенде: Сирия камактарындагы массалык өлүмдөр жана кыйноолор» деген аталыштагы отчёт мына ушул отчёттордун акыркысы болду. Уюм аны 2015-жылдын 16-декабрында жарыя кылды. Уюм анда «Сирия өкмөтүнүн камактарында кыйноого алуу, ачка калтыруу, таяктоо жана түрдүү оорулардын кеңири жайылганын көрсөтүүчү далилдерди» тапкандыгын баса белгилеген.

Отчёт Асад камактарындагы миңдеген туткундардын жырткычтык кыйноо астында өлтүрүлүп жаткандыгын четке кага алгыс фактылар менен далилдеген.

Ал тургай, Вена конференциясынын 2015-жыл, 30-октябрдагы токтомдорунан кийин да Дамашктагы кылмышкер режим Сириядагы куралсыз тынч калктын үстүнө ок жаадырууну улантууда. Анын кылмыштагы шериги Путин базарлар, ооруканалар, мектептер жана башка инфраструктураларга бомбаларды жаадырып Сирия калкынан көптөгөн адамдарды өлтүрүүдө бул тогуттан да ашып түшүүдө. Бул кылмыштардын бардыгы Американын «жашыл чырак» жагып бериши менен ишке ашууда. Америка мокочо “Мамлекет” уюмунан эле жамандыкты көрүп жатат. Т.а. кылмыш элчиси Керри бул уюмга каршы согушуу үчүн «муътадил оппозиция» күчтөрүн режим күчтөрү менен биригүүгө чакырууда.

Шам калкынын жарааты үстүндө Керри «Америка Сирия мамлекеттик мекемелерин сактап калмакчы» деп жар салууда. Ал кайсы «мекемелерди» назарда тутуп жатат? Албетте, алар Америка саясатына кызмат кылып келген репрессивдик тыңчылык мекемелери. Жырткычтыкта бул мекемелер канкордугу менен тарыхта калган Сталин, Гитлер, Пиночет режимдеринин кылмыштарынан да ашып түшүштү..

Биз албетте Американын Исламий Үммөткө каршы бул кек-душмандыгына жана ачык тил бириктирип жатканына таптакыр таң калбайбыз. Себеби, бул Америка мусулмандар өлкөлөрүндө колонизатор Европанын мураскору болууну үмүттөнүп калгандан бери удаама-удаа бийликке келип жаткан Америка өкмөттөрүнүн кадимки адаты. Бирок, Керринин мына ушул маектеги «Вена сүйлөшүүлөрү Россия, АКШ жана Иран бир позицияны бекем кармап жатат деген акыйкатты көрсөттү, бул позиция Сирия кризисин саясий жол менен чечүүдөн турат». Демек, Иран жетекчилерине куфр башчылары Америка жана Россия менен түзгөн «ыйык эмес» союзу «кут» болсун. Биз аларга мындай дейбиз: Өзүңөр да кыйроого учурадыңар, аракетиңер да кыйроого учурады, Шам калкын кыргын кылуу үчүн «эң чоң шайтан»га кызмат кылышыңар менен Аллахтын рахматынан куулдуңар. Эр-Рияд, Стамбул, Женева, Вена жана Нью-Йорк конференцияларына желип-жортуп барып жаткан тиги кимселерге да төмөнкүлөрдү айтабыз: «Дүйнөдөгү колонозаторлордун лидерлеринин артынан, айрыкча Сириядагы баасчы нусайрий режимдин азыркы тогут жана анын тогут атасы доорундагы кылмыштарын жашырып келе жаткан Америка артынан алдастап желип-жортуп жүргөнүңөрдөн уялып калуунун убагы келбедиби? Же дагы деле “Аллах жана Расулуна каршы согушуп жаткан БУУ Сирия жана анын калкына же бардык жердеги мусулмандарга жакшылыкты каалайт” деген куру кыял менен жүрөсүңөрбү? Араңарда кыпындай болсо да жакшылык сакталып калган адам бар болсо, ага Американын тузак арканын ыргытып, Аллахтын арканына бекем жабышуусу важиб. Кимде-ким дагы деле Американы ыраазы кылуу үчүн желип-жортуп жүргөн болсо ал акыреттен мурда бул дүйнөнүн өзүндө да кордук жана шерменделикке дуушар болот».

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُواْ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّواْ عَن سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُواْ إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ

«Албетте, кафирлер мал-дүйнөлөрүн Аллахтын жолунан тосуу үчүн сарпташат. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафирлер (Аллах) тозокко салышы үчүн топтолушат»   [8:36]

 

Усман Баххош

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы0hizb-340x264-300x233

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Бейрут-Ливан

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here