Муслималар муӊ-зарына кулак салуучу адам барбы?

325
0

 Мусулман боордошторубуз Асаналиев Мирбек жана Керимбеков Алтынбектердин жубайлары социалдык тармактар аркылуу калкка кылган кайрылуусуна таянган абалда, алардын үйлөрүнө 1-декабрь күнү таӊкы саат 6.30 чамасында УКМК кызматкерлери бастырып киришкени туурасында кабарлаган элек. Ошол кайрылууда карындаштарыбыз УКМК кызматкерлери күйөөлөрүнө кошуп өздөрүн да жаш балдары менен алып кеткени жана телефондорун тартып алып, бул окуя жөнүндө жакындарына кабар берип коюуга мүмкүнчүлүк беришпегени, кечке чейин ачка абалда кармап турушкан соӊ, кечки саат 11лерде жалгыз көчөгө чыгарып жиберишкени туурасында арызданышкан болчу. А бирок, бул алсыз аялдардын муӊ-зары жетекчилерден эч кимдин кулагына жетип барбады.

 Ошол себептен да бул муслима карындаштарыбыз кечээ күнү дагы кайрадан калкка кайрылышты. Алардын айтымында, УКМК кызматкерлери  күйөөлөрүн алып чыгып кеткенине 15 күндөн ашып кетсе да, алардын кайда экендиги, кайсы жерде кармалып тургандыгы жана кандай айып тагылганы жөнүндө таптакыр кабар берилген эмес.  Акыйкатта болсо, бул өкмөт өздөрү үчүн ыйык кылып белгилеп алган конституцияга ылайык “эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык кармалып турушу мүмкүн эмес”. А бирок, мусулмандарды “конституциялык түзүмгө каршы чыккандыкта” айыптоого чебер болгон расмий өкмөттүн өзү ар дайым конституцияны бузуп келет.

Карындаштарыбыз күйөөлөрүнө карата болуп жаткан акыйкатсыздыктан арызданып, президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага жана Омбудсменге кат аркылуу кайрылышкан. Өкүнүчтүүсү, бул жетекчилердин бири да багуучусу жок калган, кош бойлуу аялдардын арызына көӊүл буруп да койбоду. Алар жок дегенде кат аркылуу болсо да жооп кайтарып коюшпады.

 Кыргызстан бийлиги да, күч түзүмдөрү да Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан күрөшүндө бирер өлчөө же адамдык баалуулуктарды көзүнө илбей калды. Алар мусулмандарды жаманатты кылуу үчүн доомат жана жалаа жабууда эркектер эле эмес, аялдар менен жаш балдарды да аябай жатышат. Алар муслима карындашыбыз Бурулай Рахманжан кызын колундагы үч айлык баласы менен камакка алып, ушунчалык төмөндүккө барышты.

 Ооба, Кыргызстан өкмөтү Россия, Кытай, АКШ… мамлекеттеринен арзыбаган акчаларды алуу үмүтүндө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күндөн-күнгө күчөтүп жатышат.  Эгерде алар аз болсо да акылын иштеткенде, калкынын 85 пайызын түзгөн мусулмандарга каршы күрөшүүнүн ордуна мусулмандар менен биригип, колонизатор мамлекеттер тарабынан өздөрүнө карата болуп жаткан басымдарды жокко чыгарууда мусулмандар күчүнө таянышат болчу.

Азыр да кеч эмес! Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн план түзүп, буйрук берип жаткан, же бул буйруктарды ишке ашырууда аздыр-көптүр салымын кошуп жаткан мусулман кызматкерлер тообо кылып бул иштерден баш тарткыла. Антпесеӊер, бул дүйнөдө кордукка жүздөнүп, акыретте болсо Аллахтын азабына кириптер болуп калышыӊар мүмкүн, андай натыйжадан Аллах сактасын.

Абдурахман

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here