Керри: Россиядан санкциялар Минск келишимдери аткарылышы менен алынат

354
0

Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри: “Украина боюнча Минск келишимдери канчалык тезирээк аткарылса, Россияга каршы киргизилген санкциялар ошончолук тезирээк жокко чыгарылат”, – деп айтты. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлады.

“Баса белгилей кетүүчү нерсе, Минск келишимдери боюнча милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү керек жана Украинадагы келишпестикти жөнгө салуу үчүн иш-аракеттерди улантуу керек. Минск келишими канчалык тез аткарылса, АКШ жана Европа Союзунун Россияга карата киргизген санкциялары ошончолук тездик менен жокко чыгарылат”, – деп айтты Керри.

Мындан бир аз мурда, Керри Минск келишимдеринин аткарылышы боюнча жоопкерчилик Украинадагы бардык тараптардын мойнунда экендигин айткан болчу.

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров “Путин менен Керринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөр анык жана темага тиешелүү болду” деди. Лавровдун айтымында, жолугушуу учурунда Сирия маселеси боюнча алдыга жылуу негизги милдет кылып белгиленди.

Туркистон: Путин 2015-жылдын аягындагы адаттагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Асадды сактап калуу принциби тууралуу айтып өттү. Анда Путин “Асаддын бийликтен кетишин же калышын Сирия калкы гана чечет” деди. Ал Керри менен ушул маселе туурасында кеӊешкенине жана ушул тыянак боюнча экөө пикирлеш экендигине ишара кылды.

АКШ Сириядагы кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып алууда Путиндин ушул күндөгү ички жана тышкы саясий туруксуз абалынан пайдаланып алмакчы. Путин болсо, АКШнын ырайымынан үмүттөнүп, жок  эле дегенде – Ислам Каримовду дүйнөлүк эмбаргого бара жаткан санкциялардан сактап калгандай – Россияны да, Путиндин режимин да сактап калышынан үмүткөр.

Бирок, Россия Өзбекстан эмес. Ал өзүн тикелей башташы менен дагы кайрадан дүйнөлүк гегемондукка умтула берет. Путин болсо, аттан түшсө да ээрден түшкөн жок. Ал ээрден түшө да албайт. Россия жетекчи тобу аны жок кылып жибериши мүмкүн. Путин эмдиги саясий өмүрүндө согуша берүүгө аракет кылат. Ал АКШ уруксат берген жана эл аралык саясатта колдоп турууну убада кылган бардык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, согуштарга кирише берет. Жөнөкөй кылып айтканда, Россия АКШнын короочу ити болууга өзүн сунуштап жатат. Ички саясатында да, аскерге гана таянат, мындай кете беришинде анын башка мүмкүнчүлүгү да жок.

Түркия Россия самолётун атып түшүргөн учурда Россия АКШнын жашыруун берген убадасына ишенип, алгач ызы-чуу көтөрүп жиберди. Кийин болсо, АКШ НАТО аркылуу Түркияны колдоп жиберди. Путин өтө ыӊгайсыз абалда калды. Түркия Россияны коркута баштады. Россия болсо, Түркиядан кирип келе жаткан помидорлорду артка кайтаруу сыяктуу бир катар аракеттери менен бүт дүйнөнүн алдында шерменде болду. Муну менен АКШ Россияга өз ордун көрсөтүп койду.

Эми Керри Путиндин болуп өткөн окуялардан кандай тыянак чыгарганын текшергени жана кээ бир маалымат тармактары айтып жаткандай “капитуляцияны кабыл кылып алганы келди”. Бирок Россия АКШнын ыпылас иштерин гана аткарып жүрүүчү аскерий машинасы болуп күн көрөт. Асадды сактоо милдети эмес, Путин өзү Асаддын ордуна түшүп бара жаткандыктан, өзүн сактоо үчүн аракеттенүү деген жаңы программа кабыл алды. Путин Керри алдында ушул милдетти өз мойнуна алып, өз режиминин өмүрүн АКШнын ыктыярына тапшырат. Россия АКШнын колониясы болууга алгачкы кадамды таштады деп айтууга болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here