Максим Бакиев артынан

333
0

АКШ бийлиги Максим Бакиевдин эсептерин тоңдуруп койгону кабарланууда. Бул камакка алынган каражаттын жалпы суммасы $74,4 млн.

Кыргызстандык тергөөчүлөрдүн тастыкташынча, Максим Бакиев өз капиталынын ири көлөмүн Латвия банктарына жайгаштырган, ал акчаларды болсо азыр «козел принцтин» жөөт классташы Алексей Елисеев каалагандай калчап жатат.

Максим Бакиев боюнча иштердин алга жылып калышы Америка авиабзасына байланыштуу болушу да мүмкүн.

Азыр Максим Бакиев Британияда.

Мунун айынан Кыргыз президенти “Гардиан” гезитине берген интервьюсунда Британияга карата бир кыйла ачуулуу  сөздөрүн бүркүп алган. Ал:  «Британия Кыргызстанда демократия орношуна жардам бергибиз келет деп айтып жатат. Бул калп. Силер, бизди тоногон адамга баш калка берип жатасыңар», – деген.

О.э. дагы: «Мен жыйырма жыл оппозицияда болдум жана өмүр бою демократия үчүн күрөшүп келгем. Бирок, демократия тууралуу кооз сөздөрдүн аркасында ар дайым булганган калп нерселер турарын билбептирмин. Бул өтө жаман. Британия демократияны түптөөчүлөрдүн бири болуп саналат, бирок, анын бизге каршы аракеттери түшүнүксүз болуп жатат. Улуу Британияга уят, саясат ушунчалык уятсыз жана коррупцияланышканын күткөн эмесмин», – деген сөздөрдү да айткан.

Ал эми биздин ажого айтарыбыз мындай. Урматтуу Алмаз Шаршенович, кече эле Максимди Америка бербей койгон. Демократиянын атасымын деп жаткан бул империянын эки жүздүүлүгүн да ачык айтыш керек. Россия болсо Акаевди үй-бүлөсү менен асырап жатат. Аны да айтыш керек. Акыры бул колонизатор кафирлердин баарынан жүз үйрүш керек. Утуш демократия үчүн эмес, Аллах үчүн жашаган өмүрдүкү…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here