Тажикстанда мечиттер көӊүл ачуучу борборлорго айландырылат

329
0

Исламга каршы күрөштө Өзбекстандын жолу менен жүрө баштаган Тажикстан республикасында каттоодон өтпөгөн мечиттердин ишмердүүлүгү токтотулуп, көӊүл ачуучу борборлор катары пайдаланыла турган болду. Тажик өкмөтү тарабынан Душанбеде расмий түрдө каттоодон өтпөгөн мечиттер жабылышы тууралуу токтом чыгарылды. Ушуга ылайык, иш жүзүндө белгиленген стандарттарга туура келбеген мечиттердин бардыгы жабылат.

Мечиттердин жабылышы туурасындагы токтомго Душанбе шаарынын акими Махмад Саид Убайдуллаев кол койду. Токтомго ылайык, шаардын долбооруна, архитектуралык талапка жооп бербеген о.э. өрткө каршы күрөш, саламаттык жана гигиена эрежелерине туура келбеген мечиттер жабылат. Жеке адамдын каражаты менен курулган мечиттер да жабылат.

Бийлик өкүлдөрүнүн бири Ассошиэйтед Пресс ахборот агенттигине берген интервьюга ылайык, 7-ноябрда кол коюлган токтомго ылайык жабыла турган мечиттерге караштуу кичинекей имараттар көӊүл ачуу борборлору, жумушчу орундар о.э. ден соолук жана коопсуздук борборлору катары пайдаланылат.

Душанбе шаарынын акими Махмад Саид Убайдуллаев буга чейин да конфискация кылынган мечиттерде аялдар үчүн жумушчу орундарды түзүү туурасында өзүнүн жардамчысы Жамила Лангоровага буйрук берген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here