Украинадагы орус аскерлери Сирияга жөнөтүлдү

396
0

Кремль бардык этибарын Асадды колдоого каратып, Украинадагы тандалма аскерлерин да Сирияга жөнөтө баштады. Россия күчтөрү сентябрь айынын аягында Асад армиясын колдоп, Сирия калкын абадан чабуул кыла баштаган убакта президент Владимир Путин орус армиясы кургактыктан чабуулга өтпөстүгүн билдирген эле. Бирок, орус аскерий жооптууларынын билдиришинче, милдети белгисиз болгон бир топ аскерлер Сирия майданына жөнөтүлгөн.

“Атайын даярдыктан өткөн аскерлер Украинадан чыгарылып, Сирияга жөнөтүлдү”, – деди Россия коргоо министрлигинин жооптууларынын бири.

Жооптуунун айтымында, бул аскерлер Украина чыгышындагы россиячыл жикчилдер көзөмөлүндөгү аймактардан артка чегинишкен. Кудум ушул жооптуу жогорудагы аскерлерди АКШнын “Delta Force” тобуна салыштырды.

Орус дипломаттарынын бири өткөн апталарда Сирияга жөнөтүлгөн күчтөрдүн арасында “Zaslon” тобу да бар экендигин билдирди. Бул топтун милдети дипломаттар жана жооптуу кызматкерлерди коргоо. Дипломаттын айтымында, Асад разведкачылары менен кызматтатыкта иштөө үчүн көп сандуу адистер да Сирияга жиберилген.

Бирок, Россия коргоо министрлиги бул даабаларды четке кагууда. Министрликтин билдиришинче, Россия тарабынан Асад күчтөрүнө жиберилген аскерий программалар тууралуу билим берүү максатында аскерий адистер Сирияга жөнөтүлүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here