Москвада 100 адам Хиз бут-Тахрирге мүчө болгондукта айыпталып кармалды

378
0

Россия ИИМи таркаткан кабарда айтылышынча, Москвада 100 адам Хизбут ут-Тахрир уюмуна мүчө болгондугу себептүү кармалган.

Учурда 20 адам камакка алынган. Москванын Мещан сотунда аларды камакка алуу боюнча 20 материал топтолгон.

“20га жакын адам, ошону менен бирге, уюмдун жетекчиси да кармалган. Алар тыюу салынган эктремисттик адабияттар о.э. мыйзамсыз акча жүгүртүү, террордук актыларды даярдоо иштери менен алектенишкен ”, – деп айтылат маалыматта.

Туркистон:Россиянын Жогорку соту 2003-жылдын февралында эч кандай негизсиз эле Хизб ут-Тахрир уюмун террористтик уюмдардын тизмесине киргизип алгандан кийин, даъват иштерин жүргүзүп жаткан Хизб жигиттерине каршы аёосуз күрөшүн баштап жиберди.Россия өкмөтү жана Жогорку соту өзүнүн бул даабасын актоо, Хизбдин террорчу уюм экендигине калкты ишендирүү үчүн Хизб жигиттерин кармоо учурунда аларга курал, ок-дары жана жардыруучу заттарды таштап, тинтүү жараянын телевидение аркылуу көрсөтүп келүүдө. Өкмөткө караштуу басылмалар болсо, бул иш акыйкатка туура келишин же туура келбешин текшерип да көрбөстөн, өкмөттүк органдар берген кабарларды таркатууга киришип кетишти.

 Түпкүлүгүндө, Россия өкмөтү Хизб ут-Тахрир же башка бир исламий жамаатка каршы эмес, тескерисинче, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп, Ислам дини орус коомчулугу арасында жайылышына тоскоолдук кылууга аракеттенүүдө. Ошондуктан да орус бийлиги исламий жамааттардын ишмердүүлүгүнө эле эмес, Курани Каримдин котормосуна жана пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллаху алайхи ва салламдын хадистерине да тыюу салып койду.

2015-жыл, 20-августта Роскомнадзор мекемеси айрым сайттарга тыюу салуу туурасында бир добуштан токтом кабыл алган эле. Ошол токтомго ылайык, “alhassanain.org” сайтындагы “Куран тафсири” о.э. islam-book.info сайтындагы “Рамазан баалуулуктары” китептери экстремисттик адабият деп табылып, тыюу салынган адабияттар тизмесине киргизилген болчу.

 Ислам динине карата такаатсыздык жана душмандыкты көрсөтүүдө Путин режими кудайсыз коммунисттерден да ашып түшүүдө. Ошол себептен да Исламга каршы тентектик жана душмандык негизинде күрөшүүдө. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here