Назарбаев: Чыныгы кризис жакындашууда

362
0

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев премьер-министр Карим Масимов менен өткөргөн жолугушууда жакынкы убакта Казакстанды тереӊ кризис күтүп турганын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика экономикасы оор абалда иштеп жатат.

 “Энергетика продукцияларынын баасы төмөндөп кетиши себептүү бюджеттин кирешелери 40 пайызга кыскарып кетти. Мындан тышкары, башка негизги экспорт продукциялары болгон көмүр, кара металл жана түстүү металлдын баасы да төмөндөп кетти. Ушул орунда айыл чарбасында азыраак өсүш күзөтүлүп жаткан болсо да, өндүрүштүк ишканаларда, ошону менен бир катарда машина курууда иштеп чыгаруу төмөндөдү”, – деди президент.

 “Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды, ошону менен бир катарда Европа жана Чыгыш Азиядагы абалды эсепке алганда, абалдын жакын арада оӊолушун божомол кылуу мүмкүн эмес. Элибиз учурдагы абал ишканаларыбыздын кирешеси азайышына жана жумуш орундарынын ыктымалдуу кыскарышына алып келишин билиши керек.Чыныгы кризис жакындашууда, ал 2007-2009 жылдагыга караганда бир топ күчтүү болот. Ушуга байланыштуу мен өкмөткө зарыл болгон иш-чараларды иштеп чыгуу, кризис шартында иштөө жана экономиканы сактоо жолун көрсөтө турган аракеттин планын түзүү жана калкка жеткирүү милдетин жүктөймүн”, – деди Нурсултан Назарбаев.

 Мындан тышкары, Назарбаев иштеп чыгаруучу ишканалардын натыйжалуулугун көтөрүү, алда качан курулган объектилердин мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу маанилүү экендигин баса белгиледи.

 “Ишканалар мамлекет аларды каражат менен камсыздашын күтпөшү керек. Андай болбойт. Улуттук фонддон жаңы объектилерди курууга о.э. жаман иштеп жаткан ишканаларды колдоого, субсидиялар менен камсыздоого тыюу саламын. Мындай абалда кайсы ишканалар натыйжалуу иштеп жатканы, кайсылары тескерисинче экендиги анык болот”, – деди президент.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here