Акыркы эки жылда карама-каршылык абалында болуп келген эки мамлекеттин президенттери Барак Обама менен Владимир Путин Сирия маселесинде тил табышты, – деп жазат The New Yorker басылмасы.
Обама ошол эле учурда дүйнөнүн тартиби Сирияда сыноодон өтүп жаткандыгын баса белгиледи. Обама карама-каршы тараптар болгон Асад жана ИШИМди адамзатка каршы кылмыштарды кылгандыкта айыптады. Анын позициясы анык: ИШИМди жок кылуу жана Асадды бийликтен кетирүү.
Ал эми Путин башкача пикирде. БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө ал АКШнын башка мамлекеттерде революцияларды уюштурушуна нааразы болду. Ал муну СССРдин тактикасына салыштырды.
Айтылышынча, ушул күндөрдө Путин Россияны Жакынкы Чыгыштагы эӊ күчтүү оюнчулардын бирине айландыруу үчүн аракет кылууда, Обама да ага тоскоолдук кылбай жатат. Эгерде Россия менен Иран Асаддын кетишин камсыздаса, Обаманын бул мамлекеттер менен кызматташууга даяр экендиги айтылууда.