НАТО Украинада расмий өкүлканасын ачат

303
0

Сентябрь айында Украина борбору Киевде НАТОнун расмий өкүлканасы ачылышына тууралуу келишимге кол коюлат. Бул тууралуу Украина коргоо министринин жардамчысы Игорь Долгов билдирди. Европа интеграциясы маселеси боюнча жооптуу болгон Долгов НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Украинага алгачкы жолу сапар кылышын жана ортодо өз ара кызматташтыкка тиешелүү бир нече келишимдерге кол коюлушун билдирди. Мындан тышкары, Киевде Украина-НАТО кызматташтыгы алкагында жарандарды коргоо тармагында ишке ашырыла турган “Украина 2015” деген аталыштагы эл аралык машыгуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин көзөмөлү астында өткөрүлөт.

Долгов тышкы мамлекеттерден Украинага согуштук куралдар алынып келиши тууралуу да жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн айтып өттү. Бирок, бул жолугушуулардын натыйжасы мамлекеттик сыр болгону себептүү бул тууралуу кеӊири маалымат бере албастыгын билдирди.

“Москва Украинанын чыгышына танк, оор куралдар жана жалданма аскерлерди жайгаштырып жатканда эч кимден уруксат алган эмес. Укранага курал берүүдөн өзүн алып качып жаткан мамлекеттер эмнеден коркуп жатышат? Россия муну бир жылдан бери ишке ашырып келет”, – деди Украина коргоо министринин жардамчысы.

Игорь Долгов Украинанын ар кандай союзга мүчө болуу укугу бар экендигин жана ушул себептүү кошуна мамлекеттер менен кызматташтыкты уланта беришин айтып: “Мындай кызматташтыкты өнүктүрүүгө муктаждык бар экендиги анык. Коргоо министрлиги үчүн бул негизги милдеттердин бири болуп эсептелет”, – деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here