«Росбалт» маалымат сайты Хизб ут-Тахрирдин бекем акыйдасынан тынчсызданууда

335
0

2015-жыл 10-августта «Росбалт» интернет сайты «ГТА кылмышкерлер тобу: таяктан баштап тапанча жана тикенге чейин» деген макала басып чыкты. Макалада өткөн жылы ызы-чууларга себеп болгон тергөөлөрдүн кезектеги версиялары туурасында сөз болгон. Өкүнүчтүүсү, укук коргоо органдарына караштуу булактардын бири айткандай, бул сайттын окуяга Хизб ут-Тахрир мүчөсүн байланыштырышы биринчи жолу болуп жаткан жок.

«Росбалт» сайтынын Хизб ут-Тахрирди мынчалык каралоосунун артында коопсуздук кызматы тургандыгына шек-күмөн жок. Себеби, окурманга Хизб ут-Тахрир ишмердүүлүгүнүн чыныгы маани-маӊызын бурмалап жеткирүүгө коопсуздук кызматы кызыкдар. Дагы адаттагыдай эле кыялдагы бир кимсени Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү кылып көрсөтүп жатышат. Анын аты да, үй-бүлөсүнүн аты да белгисиз жана мындан кийин да белгисиз бойдон калышы мүмкүн. Себеби, ал түпкүлүгүндө жок адам болушу, коопсуздук кызматы жана маалымат каражаттары Хизб мүчөлөрүн каралап, кылмышкерлер катары көрсөтүү максатында бул атты ойлоп тапкан болушу да мүмкүн.

Эмне деп айтышпасын, Хизб ут-Тахрир саясий Хизб катары таанылган. «Росбалт» сайты болсо Хизб ут-Тахрирден болбогон бир адамды кылмышкер деп айыптоодон башка чара таба албаган. О.э. Хизб ут-Тахрирдин чоӊу менен ИШИМ уюмунун ортосун байланыштырууну да унутпаган.

Кылмышты уюштуруучу Рустам Усманов болсо камакка алуу операциясы учурунда өлтүрүлгөн имиш. Демек, эми ал тууралуу жалган сценарийлерди токуп чыгаруу өтө оӊой болот.

Биз маалымат каражаттарын, айрыкча, «Росбалт» маалымат сайтын журналистиканын негизги принциптерине жана этикасына таянууга бир нече жолу чакырганбыз. Ошого карабастан, бул сайт дагы деле коопсуздук кызматынын жалааларын таркатууну токтотпой жатат. Т.а. Хизб ут-Тахрирге көө жабууга ыӊгайлуу учур табылары менен андан пайдаланууга аракет кылып жатат. Бул болсо, ушул сайт Хизб ут-Тахрирди канчалык жек көрүшүн адамдарга ачыктоодо.

Четке кагып болбой турган факт ушул, бүгүн Россиянын маалымат каражаттары коомчулукка акыйкат жана туура маалыматты жеткирүү сыяктуу өзүнүн табигый милдетин өтөй албастан, мамлекеттик агитацияны таркатуучу жарчыларга айланып калышты.

 Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Расмий сайт: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here