Маккол: Израиль АКШнын региондогу эң жакшы союздашы

399
0

АКШ конгрессинин республикачылар жана демократтар партиясынын мүчөлөрүнөн түзүлгөн бир комитет Бенямин Нетаняхуну зыярат кылуу үчүн Израилге барды.

Израилдин премьер-министри Нетаняхунун офисинен берилген жазма билдирүүдө айтылышынча, АКШдан келген конокторду кабыл алуу учурунда сөз сүйлөгөн Нетаняху АКШнын Израилге берген жардамын жогору баалаган. Нетаняхунун айтымында, АКШнын Израилге көрсөткөн жардамы Израиль улуттук коопсуздугунун негизин түзөт.

“АКШнын Израилге көрсөткөн колдоосу жана аны менен кызматташуусу Израиль улуттук коопсуздугунүн негизин түзөт”, – деди Израиль премьер-министри.

О.э. АКШ өкүлдөр палатасындагы ички коопсуздук комитетинин жетекчиси республикачы Майкл Маккол Израиль АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын союздашы экендигин баса белгиледи.

“Уруксатыӊыз менен комитеттин атынан төмөнкүнү айтып өтүүнү каалайт элем, биз бүгүн бул жерге демократтар же республикачылар катары эмес, Израиль мамлекетин колдоп-кубаттаган америкалыктар катары келдик. Израиль биздин региондогу эң жакшы өнөктөшүбүз. Израиль демократиялык мамлекет жана ушул региондогу үмүт чырагы болуп эсептелет”, – деп Израилге мактоолорду жаадырды республикачы Майкл Маккол.

Мындан мурда Американын вице-президенти Жон Байден болсо өзүнүн сионист экенин жана адамдын сионист болуу үчүн яхудий болушу шарт эместигин айтып, Израилдин бар болуп турушу дүйнөдөгү яхудийлер тынчтыгын сактоо үчүн зарыл экендигин билдирген эле.

Билдирүүдө АКШдан келген комитеттин Израилге качан келгендиги, канча күн конок болушу жана качан АКШга кайтып кетиши туурасында бир да маалымат берилбеди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here