Кыргызстан хурлары: террорчулукта айыпталыштыбы же террорчу мамлекетте жашообу?

353
0

Басма сөз баянаты

Кыргызстан хурлары: террорчулукта айыпталыштыбы же террорчу мамлекетте жашообу?

Кыргызстан милициясы 2015-жыл, 3-март күнү Бишкек шаарында Хизб-ут-Тахрирдин мүчөлөрүнөн 4 аял кармалгандыгы туурасында билдирди. Айрым маалымат каражаттарында Ош шаарында 22-жаштагы Бурулай Рахманжан кызы да камакка алынганы айтылды. Анын 2 уулу бар болуп, алардын бири 3 айлык наристе болгон бул карындашыбыз тыюу салынган далил заттар – 13 даана китеп, 23 даана компакт диск – табылгандыгы шылтоо кылынып камакка алынды. Андан кийин милиция 19-март күнү да Баткен областында Хизб-ут-Тахрирдин мүчөлөрүнөн бир нече аялдар камакка алынгандыгын билдирди.

Чындыгында, бул өкмөт таат-ибадатта болгон муслималарга каршы ырайымсыз кампанияны баштады жана аларды “тыюу салынган далил заттар табылды” деп жалган айыптоолор менен камакка алууда. Бул куралсыз аялдарда бар деп коркуп жатышкан жана мамлекетке, улутка кооп-коркунуч келтирип жаткан кандай далил зат болушу мүмкүн? Кантип эле, исламий китеп жана дисктерде шектүү жана мусулмандарга коркунуч туудура турган нерселер болсун? Бул милиция абийир ээлерин камакка алуу менен мактануудан уялышпайт болду бекен? Аллахка ант болсун, бул иш “коопсуздук сакчылары, жарандар коргоочулары” болуп эсептелген мекемедегилер маӊдайына шерменделик тамгасы болуп басылып калат. Үммөттүн адал калыс адамдары бул тамганы аларга ар дайым эстетип турушат. Эртеӊки күнү халифа кыйноого салынган, зулм кылынган ар бир муслима үчүн алардан эсеп-китеп талап кылат о.э. аялдарга зомбулук кылып жаткан буга окшогон өкмөттөр заманында коркутулган ар бир аял үчүн албетте өч алат.

Каршыбыздагы мамлекет “терроризмге каршы күрөш” деген жалган дааба менен жарандарды коркутууда, аялды коргоонун ордуна ага зулум кылууда, коркуудан тынчтандыруунун ордуна аны коркутууда… Исламды жеткирип жаткандарга жана аны менен өкүм кылууну катуу талап кылып жаткандарга карата душмандык сезими бул мамлекеттин көзүн көр кылды. Ал эмчектеги наристеге камкордук кылуунун, коргоонун жана азаптан сактоонун ордуна, аны камакка тыгып ыйлатты… Мына, азыр ушул үч айлык наристе “китептер жана компакт дисктер табылды” деп айыпталган энеси Бурулай менен бирге камакта жатат. Акыйкатта болсо, бул китеп жана дисктер мусулмандар акылдарына азык болуу менен нафсиясын бекемдеп, Роббиге итаат кылууга жардам берет эле. Бул иш кылмыш кодексинин «жаран террорчулукка тиешелүү далил заттарды сактаса же таркатса жазаланат» деп айтылган 299-беренесине тескери болушуна карабастан, алар Бурулайды камакта сактоодо катуу туруп жатышат. Алар өздөрүнүн вазъий (адамдар чыгарган) мыйзамдары үстүндө айла-амал иштетип, жарандардын ишине камкордук кылуунун ордуна аларга зулум кылып жатышат.

Жасалма демократия, жалган эркиндиктер дааба кылынып жаткан бул өлкөдө Хизб-ут-Тахрирге дагы деле тыюу салынууда жана ал «террорчу уюм» деп айыпталууда. Элдин баарына белгилүү болгондой, Хизб Набий Aдын мамлекет куруудагы тарыйкатына амал кылган абалда, эч кандай зомбулук иштери менен алектенбейт. Бүгүн Кыргызстандагы соттор жана маалымат каражаттары согушунун турган турпаты курулай доомат жана жалган жалаадан турат. Хизб-ут-Тахрир ишмердүүлүк ыкмасында саясий аракет алып барышы жана зомбулук ишине аралашпастыгы туурасында расмий билдирүүлөрдү берип келген. Бирок ошого карабастан, алар Хизбдин таасирине чек коюу жана тил бириктирүүлөрүн, кыргынга алып баруучу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Хизбге каршы күрөшүп жатышат. Терроризмге каршы күрөштү ушул терроризм фалсафасын кеӊири жаюу, андан коркутуу, зулум таркатуу менен жүргүзүп жатышат. Ошондуктан да ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жыл, 11-марттагы маалымат жыйынында милициянын санын бир нече эсеге көбөйтмөкчү экендигин ачыктады. Алар муну менен элдин арасында коркуу пайда кылып, аны күндөн-күнгө күчөп бара жаткан «исламий күчтөр коркунучуна» ишендирмекчи болушууда.

﴿وَلَا يَحِيقُ الْمَكْرُ السَّيِّئُ إِلَّا بِأَهْلِه

«Жаман айла-амал өз ээлерин ороп жок кылат» [35:43]

﴿إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَذَكَرُوا اللَّهَ كَثِيرًا وَانْتَصَرُوا مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا ۗ وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ

«Бирок ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган о.э. ар дайым Аллахты зикир кылган жана мазлум болгондон кийин жеӊип чыккан заттар(мындай эмес), залим кимселер болсо жакында кандай акыбетке карай бара жатышкандарын билип алышат»   [26:227]

 Хизб-ут-Тахрирдин

борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

 уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

Факс: 00961 130 75 94

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here