Америка Иракты бөлүп салууда,
колонизатор кафирлер анын артынан көлөкөсүндөй ээрчүүдө!
Алар мусулман өлкөлөрүн ыдыратууда өз ара
чыр-чатактарын унутушат!
Иракта окуялар 2014-жылы 10-июнда козголоңчулар Масулга киргенден тартып үрөй учурган көрүнүштө ылдамдап барууда. Ирак армиясынын Масул жана Тикритте ийгиликсиздикке учурашы дээрлик багынып берүүгө, кала берсе, армия башкы командачылыгынан алынган буйрукка окшойт. Маликий армиянын ордуна куралдуу отряддарды түзүүгө чакырышы, Диялидеги, Багдад жанындагы чабуул жана чегинүү, жада калса, Байжидеги нефтини кайра иштетүүчү эң чоң заводго ракеталар атылышы, самолёттор менен бомбаланышы… кийин абалдын Талль-Афарга көчүшү жана башкалар, булардын баары кудум алдын ала даярдалгандай өтө тездик менен ишке ашты… Бул окуялар менен бир учурда (шиа) жетекчилери тарабынан мазхабчылык жана тайпачылык чакырыктары жаңырды. Акыбетте, фитна чегине жетти, бир кездерде дүйнөнүн борбору болуп, халифасы булутка кайрылуу жасаган Рофидайн (Тигр жана Ефрат дарыялары) жеринде козготулган бул фитна үрөй учуруп өкүм сүрө баштады!
Бул окуялар курчуп бара жаткан болсо да, бирок, мамлекеттердин буга билдирип жаткан мамилелери ушул окуялардын даражасында болбоду. Анткени, саясатчылардын билдирүүлөрү кандайдыр бир эсепке таянды, окуя көлөмү даражасында болбоду. Айрымдары айыпты Сириядагы кризиске шылтаган болсо, башкалары Ирактагы суннийлердин укугу тебеленгенине т.а. Маликийдин диктаторлугуна шылтады… Негизи, бул айыптоолордун баары жаңылык эмес! Ошентип, бул окуяларга мамлекеттер тарабынан анын көлөмүнө ылайык таризде тез баа берилбеди. Мындай абал бул жерде саясий майданга таасир өткөргөн күчтүү оюнчулар тарабынан алдын ала өз ара тил бириктирүү жана алдын ала кабардарлык болсо гана жүзөгө келет. Мына ушул билдирүүлөрдөн эң көзгө көрүнгөнү Обама берген билдирүү болду, ал 2014-жылы 13-июнь күнү, эгер дүйнө Иракта нефть боюнча зыян көрө турган болсо, анын ордун Булуң мамлекеттеринин запастарынан алынган нефть менен толтурушун жарыялап дүйнөнү тынчтантты. Бул болсо, Ирактагы окуялар Америка жетекчилиги үчүн күтүлбөгөн абал болбогонун, тескерисинче, Америка жетекчилиги ар кандай нефть кризисинин алдын алуу үчүн алдын ала пландарды даярдап койгонун анык көрсөтүп турат. Кала берсе, Обама 2014-жылы 13-июнда: «Вашингтон ирактыктар алга сүргөн эч бир саясий план жок болгон учурдагы шартта эч бир аскерий операцияда таптакыр катышпайт», деп билдирди. Акыйкатта болсо, Америка менен Ирактын ортосунда коопсуздук келишими бар, кала берсе, Ирак тышкы иштер министри Зибарий 2014-жылы 18-июнь күнү Жиддада: «Багдад Вашингтондон куралдуу согушкерлерге абадан соккуларды берүүнү талап кылды», деп билдирди. Ошого карабастан, Обама жогоруда айтылган билдирүүсүн берди. Муну Америка башкы штаб башчысы генерал Демпси да конгресс жыйынында баса белгиледи. Бул болсо Америка аралашууга шашылбай жатканын, башка бир планды ишке ашыруу үчүн аралашууну кечиктирип жатканын түшүндүрөт. Британия болсо, анын Ирактагы кызыкчылыктары Американын кызыкчылыктарынан айырмаланышына карабастан, маселе мусулман өлкөлөрүн ыдыратууга байланыштуу болгондуктан, Американын жолун карманды! Ошондуктан, Британия тышкы иштер министри Уильям Хейг 2014-жылы 16-июнда Британия радио корпорациясына интервью берип, аралашуу болбой жатканы жөнүндөгү суроого минтип жооп берди: «Иракка аралашуу ыктымалына алакадар нерселерде Кошмо Штаттардын кубаты жана даярдыгы Британиядан көрө көбүрөөк».
Болуп жаткан окуяларды кылдат күзөтсөк, бул окуялар бир жараяндын бир бөлүгү экенин көрөбүз, Америка бул жараянды Иракты басып алган кезде гана эмес, басып алуудан мурун, 1991-жылы Ирактын түндүгүндө учууга тыюу салынган зоналарды белгилеген учурда эле баштаган. Ошолкезде эле Күрдстан региону дээрлик бир мамлекетке окшоп калган болчу! Ал эми, Америка 2003-жылы Иракты басып алганда Ирактын америкалык акими Бреммер Иракты бөлүп салуу уругу эгилген конституцияны иштеп чыгып, бул конституция мазхабчылык жана тайпачылык негизинде бөлүнүүнү камтыды. Бул урук өсүп, өндү. 2011-жылдын декабрь айына келип Америка аскерий тышкы көрүнүшү менен чыгып кетип, саясий жана коопсуздукка тиешелүү түпкү жүзү менен калган учурда фитна дарагынын мөмөсү дээрлик бышып калды. Америка Ирактагы бийлик башында мазхабчылыкты козгой турган тогутту калтыруу менен бул даракты азыктандырып өстүрдү. Ошондон кийин Маликий атайлап, болуп көрбөгөндөй текебердик менен Ирактын түндүк-батышындагы региондорго зомбулук жана зулум кылды. Фитна жалыны өчсө, ушул региондордун кыжырын козгоо үчүн ыплас иштер жана сөздөр менен атайлап бул фитнаны кайра алоолонтту… Мазхабчылык душмандыгы шиалардын куралдуу топторун түзүүнү дагы да күчөттү жана буга карама-каршы түрдө Мамлекет уюмуна (Ирак жана Шам Ислам Мамлекети уюмуна) жан үрөп «суннийлик терроризми» деп басым жасалды. Акыйкатта болсо, Масул, Тикрит жана башка шаарларга кирген уюмдар бир нече кыймылдардан турат, Мамлекет уюму алардын бири гана… Иш ушуну менен гана токтоп калбады, тескерисинче, мамлекеттер Америка саясатын ишке ашыруу үчүн мазхабчылыкты ашыра көрсөтүүдө бир-бири менен мелдешти. Американын артынан Британия, кийин малайлар бара жатат. Алар Ирактын бүтүн болушун каалашпайт, тескерисинче, майдаланып, бир-бирине касташкан, бир-бирин өлтүргөн регионго айланышын каалашат! Ар бир тарап өзүнө бир регионду бөлүп алууну сабырсыздык менен күтүүдө. Ошондуктан, регионго ээ болууга жана бөлүнүүгө ачык чакыра башташты… Иштер жашыруун болбой ачык бара жаткандыктан Күрдстан региону кырдаалды түшүнүп калды. Ошондуктан, козголоңчулар Масулду ээлеген кезде Күрдстан регионуна таандык Пешмерга күчтөрү Киркукту жана анын тегерегиндеги региондорду толук ээлеп алды. Рейтер 2014-жылы 15-июнда Барзаний аппаратынын башчысы Фуад Хусайндин ушул сөздөрүн келтирди: «Ирак жаңы баскычка кирди, бул баскыч Масул ээленишинен мурунку баскычтан бүтүндөй айырмаланат, ошондуктан күрддөр бул жаңы Ирак менен мамиледе болуу жолдорун издейт».
Эй мусулмандар! Эй арабдар! Эй күрддөр! Эй суннийлер! Эй шиалар!
Эй Рофидайн калкы!
Силердин каныңар төгүлдү, байлыгыңар талап-тонолду, үйлөрүңөр, кала берсе, мечиттериңер ойрон кылынды. Ирак чабуул кылган колду кайтара албай турган күчсүз, кыйраган мамлекетке айланып калды… Араңарда окуяларга сереп сала турган рашид киши жокпу? Америка, анын союздаштары жана малайлары… баары фитнаны курчутуп, кийин бул арамзалар бир-бири менен мелдешип араңдан зорго биригип турган үч калкка, үч бөлүккө, үч регионго: күрддөр, суннийлер жана шиаларга чабуул кылып жатканын көрбөй жатасыңарбы! Деги, андай эмеспи?! Америка Күрдстан регионун кантип коргогону жөнүндө сурабайсыңарбы? Бреммер өзүнүн конституциясында тайпачылык жана мазхабчылык негизинде бөлүнүү уругун кандай эккени жөнүндө сурабайсыңарбы?! Америка азыркы бийликке мазхабчылык фитнасын уялбай козгогон тогутту кантип алып келгени жөнүндө сурабайсыңарбы?! Америка күрддөрдү арабдардан, суннийлерди шиалардан алыстатып, аларды бир-бирине душман кылуу үчүн кырдаалды кантип күзөтүп, фитна жалынына май куюп жатканы жөнүндө сурабайсыңарбы? Америка Британия жана малайлар менен кандай бириккени, баары ушул фитнаны курчутуу жолун карманып жатканы жөнүндө сурабайсыңарбы?! Негизи, Америка жана Британия кызыкчылыктары бир-биринен айырмаланат, бирок, бул колонизаторлор мусулман өлкөлөрүн ыдыратууда биригишет! Ушул нерселерди көрбөй жатасыңарбы?!
Ислам силерди узак кылымдар бою бириктирип келди, анын байрагы астында узак замандар жакшы жашап келдиңер. Натыйжада күчтүү, азиз болдуңар, жакшылыкты бирге өткөрдүңөр, карасанатайлыкка каршы бирге күрөштүңөр… Өлкөңөр каармандыктардын жери, Кодисия жери, Бувайб, Фарс Ярмуку жери, Харун-ар-Рошид жана Муътасим өлкөсү, Салахиддин өлкөсү, мурунку фатихтер – инша Аллах – келечектеги фатихтер өлкөсү. Бир бүтүн Ирак өз калкы менен күчтүү, майдаланган Ирак ыдырашы менен күчсүз… Ошондуктан, эгер күрддөр Күрдстан регионунун же Күрдстан мамлекетинин пайда болушу аларга азиздик алып келет деп ойлошсо, жаңылышат, тескерисинче, эч канча убакыт өтпөстөн кыргындарды алып келет… Эгер, суннийлер өздөрү үчүн Ирактын түндүк-батышында бир регион жүзөгө келиши жыргал турмушту алып келет деп ойлошсо, жаңылышат. Анткени, ал да арзыбаган доордон ары өтпөйт. Мына ошондон кийин алардын башына бактысыздык жана мусийбат түшөт… Эгер, шиалар өздөрү үчүн түштүктө бир регион пайда болсо, бул регион аларга зор кубатты берет деп ойлошсо, алар да жаңылышат. Анткени, ал да бир аз убакытгана турат. Мына ошондон кийин абал дагы күчсүздүк жана кордукка айланат.
Эй мусулмандар! Эй арабдар! Эй күрддөр! Эй суннийлер! Эй шиалар!
Эй Рофидайн калкы!
Жетекчи өз калкын алдабайт. Хизб-ут-Тахрир силерге насаат жолдойт: Америка жана Европага ишенбегиле, алар силерге кымындай да маани бербейт. Тескерисинче, алар силерге кырсыктуу сокку берүүгө жан үрөп аракет кылат… Ушул максатта алар аты гана мамлекет деп аталган Иракта тамтыгы чыккан «жип» менен бири-бирин байлап турган үч мамлекетчени пайда кылат, максат кийинки баскычтарда бул «жипти» бүтүндөй үзүп салууга чөйрө даярдоо… Биз албетте Америка жана Батыш уу-заар найзаларын биз тарапка эмне үчүн багыттап жатканын түшүнө алабыз… Бирок, Ирак калкы муну кабыл алышы, кабыл алып гана калбастан, аны ишке ашыруу үчүн бир-бири менен күрөшүп жатканы, ар бири Америкадан жардам сурашы, бул, шек-күмөнсүз ачык-айкын жамандык.
«Зулумдук жолун кармаган адамдарга берилип кетпегиле, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок, кийин (Аллахтан башканы дос тутсаңар) силерге нусрат-жардам берилбейт» [11:113]
Акыйкатта болсо, силер бөлүнүшү арам болгон бир бүтүн үммөтсүңөр:
«Баарыңар Аллахтын арканынабекем жабышкыла жана бөлүнбөгүлө!» [3:103]
Ошондуктан бири-бириңерге каршы күрөшүүңөр – арам! Жаңжалдашууну токтоткула! Антпесе, кубатыңар кетип, душманыңар силерди олжо кылып алат.
«(Өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет» [8:46]
Эй Рофидайн калкы, бул иш албетте анын башы эмне менен оңдолгон болсо ошону менен гана оңдолот: Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүү жана Аллах жолунда жихад кылуу… Аллахтын арканын бекем кармоо жана Аллахтын душмандары менен алаканы үзүү… тайпачылык жана фанатикти четке ыргытуу менен гана оңдолот.
«دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»
«Аны (тайпачылык, текчилдикти) таштагыла, анткени ал ыплас нерсе». (Бухарий Жабирден чыгарды). Тайпачылык жана мазхабчылык атамаларын четке ыргытып, Аллах силерге ысым берген наамга бекем жабышкыла:
«(Аллахтын)Өзү силерди мусулмандар деп атады» [22:78]
Аллахка кайткыла, Анын мамлекетин, рошид Халифалыкты тикелегиле. Ушул мамлекет менен гана азиз болосуңар, ушул мамлекет астында гана дагы булуттарга кайрылуу жолдойсуңар, ушул мамлекет астында гана дагы Аллахтын боордош пенделерине айланасыңар.
«Албетте, мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (т.а. чын жүрөктөн) кулак салган киши үчүн эскертме-ибраттар бар» [50:37]
Хизб-ут-Тахрир 21-шаъбан,1435-х.
19-июнь, 2014-м.