ИРАН ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ БИРГЕЛИКТЕ КҮРӨШҮҮНҮ АКШГА СУНУШТАДЫ

396
0

Иран президенти Хасан Роухани терроризмге каршы күрөштө расмий Тегеран Вашингтонго жардам берүүгө даяр экендигин жана мындай кызматташтык Ирак менен эле чектелип калбастыгын билдирди.

Президенттин айтымында, Иран Иракка кошуун киргизүү ниетинде эмес, тескерисинче, эл аралык укук нормалары алкагында жардам көрсөтмөкчү. Президент кошумчалап, бүгүнкү күндө расмий Багдад мындай жардам сурап кайрылбагандыгын айтып өттү.

Роухани: “Эгерде Америка Иракта же башка жерде террористтерге каршы күрөштү баштай турган болсо, биз кызматташтык жөнүндө ойлонуп көрүүгө даярбыз. А бирок, биз эч качан Иракка кошуун жөнөткөн эмеспиз жана келечекте да андай кылуу ниетибиз жок”, – деди.

Иран президентинин жогорудагы билдирүүсүнүн артынан Биртаниянын The Guardian басылмасы Ирактагы булактарга таянган абалда кабар беришинче, акыркы күндөрдө Иракка эки миӊге жакын ирандык согушкерлер ташталган. Булар өкмөткө караштуу “Басиж” милициясынын кызматкерлери экендиги жана алардын максаты “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” кыймылынын алдыга жылышын токтотуу экендиги айтылууда.

Жалганчылык жана эки тараптуу оюн алып барууну өздөрүнө адат кылып алган капиталисттик түзүмдүн саясатчыларынан болгон Иран президенти Хасан Роухани да, Ирандын Иракка кошуун алып кирүү ниети жоктугун айтканына карабастан, өз согушкерлерин Иракка таштады. Жогорудагы согушкерлер өкмөткө караштуу милиция кызматкерлери экендиги о.э. куралдуу күчтөрдүн же Иран революциясын коргоочу күчтөрдүн өкүлдөрү эместиги себептүү президент убадасын бузбаган болуп эсептеле берет. Мындай эки жүздүүлүк азыркы саясатчылар үчүн көнүмүш адатка айланып калган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here