ТАШКЕНТТЕ ШКУНУН АЙМАКТЫК АНТИТЕРРОР ТҮЗҮМҮНҮН АТКАРУУ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН ОН ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

321
0

Жогорудагы иш-чарада ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, Аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Чжан Синьфэн, Аймактык антитеррор түзүмү кеӊешинин мүчөлөрү, ШКУга мүчө мамлекеттер, күзөтүүчү мамлекеттер жана уюмдун шериктери о.э. Аймактык антитеррор түзүмүнүн алакаларын жолго койгон эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин чечимине ылайык 2004-жылдын 17-июнунда Ташкентте ШКУнун Аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитетинин расмий ачылышы болгон эле.

Аймактык антитеррор түзүмүнүн ишмердүүлүгү терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштө ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жардамдашууга жана алардын кызматташтыгын ылайыкташтырууга каратылган.

Расмий ММКлардын кабар беришинче, өткөн  он жылдын ичинде Аймактык антитеррор түзүмү тарабынан ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара кызматташтыгынын көп тараптуу жана эки тараптуу механизмдерин өз ичине алган жалпы жандашууларын иштеп чыгуу боюнча салмактуу иштер ишке ашырылды. Терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштө бекем эл аралык укуктук база калыптандырылды, башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен өз ара пайдалуу кызматташтык жолго коюлду. Аймакта коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоодо ШКУнун ыйгарым укуктуу органдарынын ишмердүүлүгүн ылайыкташтыруу жаатында Аймактык антитеррор түзүмүнүн аткаруу комитети натыйжалуу иш жүргүзгөндүгү айтып өтүлдү.

 Туркистон: Каримов үчүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуу, ЖККУ, Бажы бримдиги же Евразия экономикалык кызматташтыгы уюмдарына мүчө болууга караганда пайдалуу болгондуктан Өзбекстан бул уюмдагы ишмердүүлүгүн токтотпой же сынга албай улантып келе жатат.

 ШКУну түзүүдөн көздөлгөн негизги максат терроризм жана экстремизмге каршы күрөш болгондугу Каримовго аябай жагып, диний көз караштары себептүү куугунтуктоого жана кысымга дуушар болгон о.э. жан сактоо үчүн Өзбекстандан качып чыккан “террорист” жана экстремист”терди СНГ курамына кирген мамлекеттерден уурдап келип, жырткычтык кыйноолор астында кылбаган кылмыштарды моюнга алууга мажбур кылып көптөгөн жылдарга камакка таштап жатат.

 Өзбекстандын атайын күчтөрү Россия, Кыргызстан, Казакстан жана башка мамлекеттерде кудум өз үйүндө жүргөндөй беймарал, эч кандай тоскоолдуксуз жүрүшү о.э. Каримов үчүн “кооптуу” болгон “кылмышкерлерди уурдап, ар қандай чегара көзөмөлүн четтеп өтүп Өзбекстанга алып келиши да мына ушул уюмга мүчө экендигинин “шарапатынан” болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here