Казакстан Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын кабар беришинче, Казакстандын башкы прокурору Асхат Даулбаев жана АКШ президентинин атайын жардамчысы, АКШ улуттук коопсуздук кеңешинин Россия жана Евразия маселелери боюнча директору Селест Анна Уоландер Казакстан менен АКШнын терроризм, наркобизнес жана курал-жарак соодасына каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Кабарда белгиленишинче, “тараптар аймактык коопсуздукту камсыздоо, терроризм, экстремизм, уюшкан трансулуттук кылмыштуулук, наркобизнес, кибер кылмыштуулук жана курал-жарак соодасына каршы күрөшүү маселелеринин мындан кийинки багыттары боюнча пикир алмашышты”.
Башкы прокурордун айтымында, эки мамлекет ортосунда укуктук тармактагы эки тараптуу кызматташуу жемиштүү ишке ашып келүүдө.
Маалымат кызматынын кабарына ылайык, Казакстан Башкы прокуратурасы Американын ыйгарым укуктуу органдары менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыш иштери боюнча эл аралык жардам көрсөтүү жана кылмышкерлерди тапшыруу тармагында өз ара достук принциптери негизинде активдүү кызматташып келүүдө.
Казакстанга барышынан мурда АКШ президентинин атайын жардамчысы Селест Анна Уолландер 13-июнь күнү Өзбекстанда болуп президент Каримов жана Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен да жолугушкан болчу.
Өзбекстан президентинин маалымат кызматынын кабар беришинче, Каримов менен Селест Уолландер ортосундагы жолугушуу маалында талкууланган маселелер арасында Борбор Азияда ядролук куралдан таза болгон аймак түзүү туурасындагы келишимдин Коопсуздук кепилдиктери туурасындагы протокол да бар болгон.
Жогорудагы протоколдун АКШ жана ядролук укукка ээ болгон “беш” мамлекет тарабынан кол коюлушу ядролук куралды таркатпастык туурасындагы келишимди иш жүзүндө колдонуу о.э. “регион жана эл аралык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү тарабы болуп эсептелет”, деп айтылат расмий кабарда.
2014-жылдын 6-майында БУУнун Нью Йорктогу башкы штабында ядролук “бештик” – АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай жана Россия ортосунда Борбор Азияда ядролук куралдан таза аймак түзүү туурасындагы келишимдин Коопсуздук кепилдиктери туурасында эл аралык документке кол коюлган болчу.