Ислам акыйдасы кутулуунун негизи жана жашоонун багыты

100
0

 Ислам акыйдасы кутулуунун негизи жана жашоонун багыты

Акыйданын тилдик мааниси бекем ишенүүнү билдирет. Шариятта болсо, Аллага, Анын периштелерине, Китептерине, Пайгамбарларына, Акырет күнүнө жана тагдырга, жакшылык менен жамандык Алладан экенине ишенүүнү түшүндүрөт. Бухарий жана Муслим риваят кылган хадисте Умар ибн аль-Хаттаб (р.а) мындай дейт: “Бир адам келип Пайгамбарыбыздан ﷺ : Ыман эмне? деп сураганда, Ал ﷺ  мындай деп жооп берген:

«أَنْ تُؤْمِنَ بِاللهِ وَمَلاَئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ وَتُؤْمِنَ بِالْقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ».

«Аллага, Анын периштелерине, Китептерине, Пайгамбарларына, Акырет күнүнө жана тагдырга, жакшылык менен жамандык Алладан экенине ишенүү».

Мына ушул далилге негизделген, вакыйлыкка туура келген, бекем ишеним. Ислам акыйдасы акылга негизделген акыйда. Адам өз акылы менен Жараткан Аллахтын анык бар экенин, Анын бул ааламды жоктон жаратканын, эч бир жаратылган нерсеге окшобой турганын, Куран Аллахтын сөзү экенин жана Мухаммад ﷺ  Аллах тарабынан жиберилген пайгамбар экенин далилдеши керек. Андан кийин, наклий далилдерге негизделген ыймандын башка негиздерин кабыл алат жана акылдын милдети аларга толук жана шексиз ишенүү менен токтойт. Анткени наклий нерселерге акыл далил боло албайт.

Ислам акыйдасы саясий акыйда, башкача айтканда, бул дүйнөнү жараткан бир Жараткан бар экенин ишенип коюу менен гана чектелген кудайжүйөлүк акыйда эмес. Ал адамдын жашоосунан бөлүнүп калбайт. Тескерисинче, ал саясий акыйда болуп, андан адамдын жашоосун жана кызыкчылыктарын башкаруучу түзүм келип чыгат, коомду ушул негизде башкарууну талап кылат. Анткени ушул акыйдадан ислам шариатынын өкүмдөрү келип чыгат, бул өкүмдөр адамдын бардык мамилелерин жөнгө салат. Жаратуучу менен болгон мамилеси, өзү менен болгон мамилеси жана башкалар менен болгон мамилелерин тартипке салат. Бул мамилелердин ичинде башкарууга тиешелүү мамиле да бар. Анда бүткүл ааламдын ээси болгон Аллах Таала жалгыз Өзү башкарууга, жараткан нерсесин өз эрки менен жүргүзүүгө укуктуу экени айтылат. Ошентип, акыйданын бир талабы хакимият маселесин тартипке салуу. Мусулман башкаруу Аллахка гана таандык экенине ишенет. Ошондон улам «хакимият акыйдасы» деген түшүнүк келип чыккан.

Акыйда — адамдын акылын жана ички дүйнөсүн түп-тамырынан өзгөртүп, аны исламий шахсияга айлантуунун негизи. Ал таухид сөзүнүн لا إله إلا الله محمد رسول الله  биринчи талаптарынын бири. Эгерде хакимият акыйдасы болбосо, анда таухид сөзү чыныгы маанисин жоготот, анын таасири кадимки эле ураан сыяктуу болуп калат. Башкаруу исламий жашоонун иш жүзүндөгү, амалий талабын билдирет. Башкача айтканда, бул ислам менен куфрдун ортосундагы күрөштүн негизи. Хакимият назарий жактан акыйда шархтагандардын түшүндүрмөсүндө эки маселени камтыйт:

Биринчи маселе, таквиний хакимият, башкача айтканда, Аллах Таала ааламга жаратуу, тагдыр жана аны белгилөө жагынан толук ээлик кылат, тагыраак айтканда, Ааламды Өзүнүн кудурети менен жараткан жана аны башкарууга жалгыз ээлик кылат. Бул нерсени атеисттерден башка эч ким танбайт. Бирок биз бул жерде экинчи маселе жөнүндө сөз кылабыз.

Экинчи маселе, ташриъий (шаръий) хакимият. Туура, капырлар Исламды толук колдонууда болушун каалашпайт. Бирок алар үч негизги багыт боюнча аракет кылышат. Эгер булардын бирөөсүндө гана ийгиликке жетишсе, анда алар Исламга жана мусулмандарга үстөмдүк кыла алышат.

  1. Куран нусустарынын ыйыктыгын жокко чыгаруу.

Капырлар Курандын ыйыктыгына шек келтирүү багытында аракет кылышкан. Алар бул үчүн «Куран тарыхы» деген китепти жазышкан, аны жазууга 80 жылдай убакыт кеткен. Бул китепти чыгарган Лондеке деген чыгыш таануучу (Шайтан) болгон. Алар Куранды адамдын сөзү, талкууга, сынга, илимий изилдөөгө жана акыл менен ой жүгүртүүгө ачык текст деп кароону каалашат. Алар үчүн Куран шексиз ыйык нерсе эмес. Бирок бул багытта ийгиликке жете алышкан жок, анткени мусулмандар кандай гана кырдаалда болбосун китебин ыйык деп эсептешти.

  1. Сүннөттү жокко чыгаруу жана хадис китептерин сынга алуу.

Сүннөттү жокко чыгарууга Бухарий, Муслим сыяктуу хадис жыйнактарын сынга алуу аркылуу жетишмекчи болду. Бул багытта да жалпы мусулмандар арасында ийгиликке жетишкен жок, бирок өздөрүн «агартуучу» деп атаган айрым адамдарды өз тарабына тарта алышты. Ошентсе да, алар ууланган идеяларын жалпы үммөткө сиңире алган жок, ошондуктан сүннөттү жокко чыгаруу аракеттери да натыйжасыз болду.

  1. Хакимият акыйдасына каршы күрөшүү.

Үчүнчү жана негизги багыт, хакимият акыйдасына каршы күрөш. Мына ушул жерде алар чындап ийгиликке жетишти жана мусулмандарга үстөмдүк кылышты. Бул кандайча ишке ашты? Мисалдар аркылуу түшүндүрөлү:

  • Куран Аллахтын жиберген арканына бекем карманууну буюрат. Бирок алар үммөттү бөлүп-жарып, бөлүнгөн мамлекеттерге айландырышты.
  • Куран капырларды дос тутпоого буюрат. Бирок бүгүнкү мусулмандар капырлардын кызыкчылыгына иштеген Бириккен Улуттар Уюмуна, Эл аралык сотко таянат. Бул уюмдар колонизатордук түзүмдөр жана муну вакыйлык өзү далилдеп турат.
  • Куран Аллахтын сөзүн үстөм кылуу үчүн жихад кылууну буйруйт. Бирок бүгүнкү күндө мусулмандар бир-бирине каршы согушуп, ватан (улут, жер) үчүн курал алышат, «Чындыгында момундар бир туугандар» деген аятты унутушат.
  • Куран ислам түзүмүнөн башка бир да түзүмдү кабыл албайт, бирок бүгүнкү мусулман өлкөлөрүнүн башкаруу системалары республикалык, падышачылык ж.б. системалар. Булар Ислам акыйдасына каршы келет жана үммөттүн бөлүнүшүн калыптандырат.
  • Куран бизге дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун мусулман бир туугандарыбызга жардам берүүнү буйруйт. Бирок бүгүн Газа кырылып жатса да, мусулман аскерлер Сайкс-Пико келишими аркылуу түзүлгөн чек араларды кайтарып турушат.

Куранда Аллахтын хакимияты тууралуу алтымыштан ашык аят бар. Бүгүнкү күндө болсо бул аяттарга амал кылынбай калды жана бул хакимият акыйдасына каршы күрөштүн ийгиликтүү натыйжасы болуп эсептелет. Ошондуктан адамдардын жашоосуна карап көрсөк, ар ким ар башка өлчөө менен жашайт, ар кимдин өзүнүн жеке көз карашы же критерийи бар. Бирөөнүн өлчөөсү, жеке кызыкчылык болуп калат. Мындай адам коомго да, мамлекетке да, керек болсо өз динине да көңүл бурбайт. Динден ал карманган жалгыз нерсе, өзүнө тиешелүү болгон ибадаттар: намаз, орозо сыяктуу амалдар. Аны «Жараткандын ишин Жаратканга кой» деген сөздөн таанууга болот. Мындай адамдын жашоосу менен жашабаганы бирдей: ал өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн жашайт. Ал эми Аллах Таала мындай абалдагы адам жөнүндө айтат:

{ أَفَرَءَیۡتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَـٰهَهُۥ هَوَىٰهُ وَأَضَلَّهُ ٱللَّهُ عَلَىٰ عِلۡمࣲ وَخَتَمَ عَلَىٰ سَمۡعِهِۦ وَقَلۡبِهِۦ وَجَعَلَ عَلَىٰ بَصَرِهِۦ غِشَـٰوَةࣰ}

«(Эй Мухаммад), көңүл каалоосун өзүнө «кудай» кылып алган жана Алла аны билген соң жолдон аздырып, кулак менен көңүлүн мөөрлөп, көз алдына парда тартып койгон кишини көргөнсүңбү?» (Жаасия сүрөсү, 23-аят).

Жеке кызыкчылыкты өлчөө кылган адам сөзсүз нафсисине ээрчийт, анткени ал Аллахтын динине өзүнө пайдалуу нерселерди гана кабыл алып, каршы келгендерге кулак салбагандай мамиле кылат.

Экинчи өлчөө адамдын өзүнүн үстүндө турган бирөөгө (мейли ал кожоюн болсун, мейли шейх же башчы болсун) көз каранды болушу. Мындай адам өзүнө окшогон бир пенденин башкаруусун Аллахтан жогору коёт. Хадисте айтылышынча,

Адий ибн Хатимден риваят кылынат:

أَتَيْتُ النَّبِيَّ ﷺ وَفِي عُنُقِي صَلِيبٌ مِنْ ذَهَبٍ

«Мен Пайгамбарыбыз ﷺга келдим, мойнумда алтындан жасалган крест бар эле. Аны менен сүйлөшүп жатканымда, ал мындай деди:

﴿اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَاباً مِنْ دُونِ اللهِ﴾

«Алар Алланы коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рахибдерин (монахтарын) Кудайлар деп билишти». (Тообо сүрөсү, 31-аят).

Мен айттым:

“يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّهُمْ لَمْ يَكُونُوا يَعْبُدُونَهُمْ. قَالَ: «أَجَلْ، وَلَكِنْ يُحِلُّونَ لَهُمْ مَا حَرَّمَ اللهُ فَيَسْتَحِلُّونَهُ، وَيُحَرِّمُونَ عَلَيْهِمْ مَا أَحَلَّ اللهُ فَيُحَرِّمُونَهُ، فَتِلْكَ عِبَادَتُهُمْ لَهُمْ”.

 «Оо, Аллахтын Элчиси! Алар тигилерге сыйынып жатышкан жок эле го!».

Ал ﷺ  айтты: «Ооба, бирок алар Аллах арам кылган нерселерди аларга адал деп айтышса, алар муну адал деп кабыл алышкан; алар Аллах адал кылган нерселерди арам деп айтышса, алар муну арам деп кабыл алышкан. Мына ушул аларга сыйынуу» (Тирмизи, Ахмад).

Үчүнчү өлчөө, акыйдага негизделген адамдын өлчөөсү. Мындай адам жашоодо Аллахтын өкүмү менен жашайт, далил кайда болсо, ошол жакка багыт алат. Эгерде далил анын жеке кызыкчылыгына каршы келсе да, далилди тандап, өз напсисин эмес, Аллахтын буйругун жетекчи кылат. Мындай адам үчүн өмүрүндөгү жалгыз башкаруучу Аллах. Ал жашоодо Аллахтан башка башкаруучуну тааныбайт.

Устаз Мияс аль-Мукарди — Йемен вилаяты

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here