Заманбап согуштун келечеги жана жоголгон Халифалыктын ролу
Бүгүн дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда болуп жаткан согуштар, айрыкча Россия менен Украина ортосундагы согуш жана Иран менен яхудий түзүмү ортосундагы кагылыш, дүйнө жаңы жана өзгөчө бир согуш дооруна киргенин ачык көрсөтүүдө. Согуш тууралуу эски көз караштар, тагыраагы, чоң сандагы жөө аскерлер, танктар жана артиллерияга негизделген түшүнүктөр кыйрап, өзгөрүп жатат.
Бүгүнкү күндө АКШ, Кытай жана Россия сыяктуу державалар өнүккөн аскер өнөр жайына миллиарддаган каражат бөлүп жатышат жана жаңы согуш ыкмаларын кайрадан аныктоо үстүндө иш жүргүзүшүүдө. Азыркы фронттордогу согуштар ок-дары жана мылтык менен гана чектелбестен, алгоритмдер, жасалма интеллект, дрондор, кибертүйүндөр жана спутниктик толкундар аркылуу жүргүзүлүүдө. Украинада жөнөкөй эле коммерциялык дрондор орусиялык танктарды жана учактарды жок кылууга жетишти. Газада яхудий түзүмү миңдеген жасалма интеллект менен жабдылган дрондорду колдонуп, жапырт кыргындарды ишке ашырды. Согуштун биринчи күнүндө эле Ирандын жогорку аскер жетекчилерин жок кылды. Кытай болсо кибер армиясын кеңейтти. АКШ лазердик куралдардын жаңы мууну жана электрондук согуш технологияларына чоң инвестиция салууда. Бул күчөп жаткан технологиялык жарыш ачык жана олуттуу бир билдирүүнү алып келүүдө. Келечектеги согуштарда аскердик технология жана коргонуу өнөр жайы боюнча лидер болгон өлкөлөр үстөмдүк кылышат.
Келечектеги согуштар адам жоокерлерине азыраак, ал эми эс албай, чарчабай, коркпой иштеген машиналарга көбүрөөк таяна турган болот. Алдыдагы он жыл ичинде адамга окшогон роботтор өнүккөн армияларда майдандарга жана операцияларга акырындап тартылат. Учкучтардын ордуна автоматташкан системалар келет, ал эми дрондор чалгындоо жана чабуул милдеттерин аткарат. Ал чечим кабыл алуу укугу татаал алгоритмдерге өткөрүлүп берилет. Келечектеги согуштарда үстөмдүк физикалык күчтө эмес, акыл, технология жана заманбап ыкмалар менен шаймандарды натыйжалуу колдонууда болот.
Негизги суроо, биз мусулмандар бул чоң жарыштын кайсы жагындабыз? Ачыгын айтканда, ачуу чындык, бүгүн Ислам үммөтүнүн коргоочусу болгон Халифалык жок. Бир кезде аскерий күч жана согуштагы жаңылык боюнча дүйнөнүн башында турган Халифалык бүгүн жок. Биз бүгүн үммөткө коргон болуу менен гана чектелбестен, аскерий алдын ала чара көрүү жана тоскоолдук жарата турган күчкө ээ болгон мамлекеттен айрылып калдык.
Биздин тарых аскерий үстөмдүктүн даңазалуу мисалдарына бай. Халифалык доорунда мусулмандар ахлакый күчү, тактикалык стратегиясы жана бекем ишеними менен душмандардан сан жана курал жагынан аз болсо да, жеңишке жетишкен. Мисалы, Хандак, Муъта, Йармук, Нехавенд, Шамдын фатх болуусу, Константинополдун багынуусу – мунун баары стратегиялык акылмандыктын, жаңы ыкмалардын жана терең ыймандын жемиши болчу. Бирок, бүгүн Халифалык жок болгондуктан, ошол эле үммөт өз жеринде жардыруулардын, катуу согуштардын курмандыгы болуп калды.
Демек, Халифалык жок болсо биз эмне кылышыбыз керек? Үммөт катары унчукпай, карап турушубуз керекпи? Албетте жок! Мындай шартта үммөт катары биздин милдетибиз бардык күч-аракетибизди жумшап, пайгамбарлык минхажы боюнча Халифалыкты кайра тикелөөгө аракет кылышыбыз керек. Бул аракет жөн гана диний парз эмес, акыйда, саясат жана аскерий тармактагы артта калуубузду жоюу үчүн абдан зарыл болгон чара. Ислам көз карашынан даярдык түшүнүгү үзгүлтүксүз парз жана үммөттүн тарыхый милдети. Куранда келген:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِن قُوَّةٍ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп даярдагыла». (Анфал сүрөсү, 60-аят).
Бул аяттагы «даярдык» түшүнүгү Халифалык тикеленгенден кийин башталуучу техникалык этап эмес, тескерисинче, үммөткө тийиштүү үзгүлтүксүз жана тарыхый милдет. Даярдык жеке деңгээлден коомдук деңгээлге чейин диний парз болуп эсептелет, ал эми аны аткарбоо Аллах Тааланын буйругун аткарбоо болуп саналат.
Ооба, толук жана уюшкан даярдык Халифалык аркылуу гана жүзөгө ашырылат. Бирок бул Халифалык орной электе үммөт такыр жоопкерчиликсиз калат дегенди билдирбейт. Даярдык бүгүн башталышы керек. Мусулмандар аскерий күчтүн пайдубалын бүгүнтөн тарта түптөшү керек. Саясий жана аскерий аң-сезимди өрчүтүү, илимий тармактардын түйүндөрүн түзүү, аскердик өнөр жайга багытталган изилдөөчү топторду калыптандыруу ж.б.
Биз Халифалык тикеленгенден кийин гана даярдыкка киришебиз деп жалкоолук менен күтүп отура албайбыз. Тескерисинче, Халифалык орногондо жаңыдан түзүлгөн мамлекеттен тез арада дүйнөлүк аскерий күчкө айланышы үчүн, техникалык, инженердик, аскердик жана лидердик командалар даяр болушу керек. Бул дүйнөлүк державалардын баары жасаган ыкма. Андыктан, Ислам үммөтүнүн артта калууга укугу жок! Даярдыксыз үммөт мамлекетин артка тартат, даяр үммөт мамлекетин бийик көтөрөт. Даяр эмес үммөт мамлекетине жүк болот, ал эми даяр үммөт мамлекетин даңкка жана улуулукка жетелейт.
Биз Ислам динин желек кылып көтөрүүгө жана адамзатты жетектөөгө милдеттүү болгон үммөтпүз. Бул лидерлик согуш, технология жана өнөр жай жөндөмдөрүнө толук жабдылган күчтүү мамлекетсиз мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺдын үммөтү башкалардын күч көрсөтүүлөрүнө унчукпай көз салып отурган көрүүчү эмес. Ал бул кылымдагы эң чоң аскердик жана технологиялык өзгөрүүлөрдүн жаратуучусу болушу керек! Бул жол болсо, бүгүнтөн баштап пикирий жана саясий күрөш аркылуу, пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи Халифалыкты түзүүгө аракеттенүү менен башталат.
Доктор Абдуррахман Ирфан
Афганистан вилаяты
Роя гезити