Имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы

129
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль- Муслимдин шархы ан-Нававиде “Имамдардын эң жакшысы жана эң жаманы” бөлүмүндө айтылат:

حَدَّثَنَا إِسْحَقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ الْحَنْظَلِيُّ عَنْ عَوْفِ بْنِ مَالِكٍ، عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “خِيَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُحِبُّونَهُمْ وَيُحِبُّونَكُمْ وَيُصَلُّونَ عَلَيْكُمْ وَتُصَلُّونَ عَلَيْهِمْ، وَشِرَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُبْغِضُونَهُمْ وَيُبْغِضُونَكُمْ وَتَلْعَنُونَهُمْ وَيَلْعَنُونَكُمْ، قِيلَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ أَفَلَا نُنَابِذُهُمْ بِالسَّيْفِ؟ فَقَالَ: لَا مَا أَقَامُوا فِيكُمْ الصَّلَاةَ، وَإِذَا رَأَيْتُمْ مِنْ وُلَاتِكُمْ شَيْئاً تَكْرَهُونَهُ فَاكْرَهُوا عَمَلَهُ وَلَا تَنْزِعُوا يَداً مِنْ طَاعَةٍ

Исхак ибн Ибрахим аль-Ханзалий бизге Авф ибну Маликтен риваят кылды, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силердин имамдарыңардын эң жакшылары – силер аларды жакшы көрөсүңөр жана алар силерди жакшы көргөндөр, силер үчүн дуба кылгандар жана силер алар үчүн дуба кылгандар. Силердин имамдарыңардын эң жаманы – силер аларды жек көргөндөр жана алар силерди жек көргөндөр, силер аларды каргагандар жана алар силерди каргагандар. Айтылды: Оо, Аллахтын Элчиси, биз алар менен кылыч менен согушпайлыбы? Ал айтты: Жок, эгер алар силердин араңарда намаз окушса. А эгер акимдериңерден өзүңөргө жакпаган нерсени көрсөңөр, анда анын амалын жактырбагыла жана баш ийүүдөн колуңарду тартпагыла”.

Урматтуу бир туугандар:

Чыгышта да, Батышта да мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларды угуп, көрүп таң каласың. Чыккынчылык менен малайлыктын сүтүн эмген башкаруучулар үммөт жолуна тоскоол болуп анын уулдарын өлтүрүп, улууларын кемсинтип, аялдарын зордуктап, ыйыктыктарын бузушту. Алар үммөттү бытыранды кылып бөлүштү, байлыгын уурдашты, алардын үммөтткө карата кылган кылмыштарынын тизмеси узун жана түгөнгүс. Үммөт алардын бузук жашоосун улантууда. Бирок суроо, канча убакытка чейин? Качанкыга чейин үммөттүн кордугу уланат? Балдарыбыз жыйырма жылдан кийин бул тарыхты кантип окушат? Ошондуктан, бул акимдер асыл хадисте айтылган каргышка татыктуу болушту. Оо, Аллах, Башарга, анын каракчыларына, жалаа жапкандарына жана бардык саткын, бийлиги кулайын деп турган мусулман башкаруучуларына чара көр. Үммөттү алардын жамандыктарынан сакта, анткени алар бул замандын шайтандары. Оо, Аллах, биз аларды жек көрүп жатканыбызга күбөбүз жана алардын бийлигин кулатып, талкалагандан кийин өз өлкөбүздөн шыпырып кууп чыгарууга аракет кылабыз. Оо Аллахым, алардын хан сарайларына чейин кирүүгө насип эт, ондогон жылдар бою алардын түрмөлөрүндө эзилген үммөт уулдарына жардам берүүнү насип кыл. Алардын бийлигинин кулашы менен жаңы доордун башталышын, сыймык жана кадыр-барктуу тамгалар менен, Пайгамбарлык жолундагы Халифалык доорун, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүйүнчүсүн жана Раббибиздин баалуу китебиндеги убадасын жазалы. Андыктан, эй мусулмандар, дүйнө кооздугуна алданбагыла, эгер дүйнөгө алдансаңар бул улуу ишти ишке ашырууга аракет кылып жаткандарга эргешпей бул мол жакшылыктан кур кол каласыңар.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 28-мухаррам.

2025-ж, 23-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here