Жапаров Жер кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Жер кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 4-июнда талкуусуз кабыл алган.
Аталган мыйзам долбоору буга чейин калк арасында нааразылык пайда кылып, жер-жерлерде митингдер өткөрүлгөн. Анткени, сунушталып жаткан мыйзамда менчик жерлерди мамлекетке өткөрүүдө компенсациянын көлөмүн өкмөт белгилей турган болгон. Тагыраагы, канча сумма берилишин же эч нерсе берилбешин белгилөөгө өкмөттүн токтому жетиштүү болмок. Бирок, калктын нааразылыгынан улам президент аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга мажбур болгон. Мындан улам, атайын макулдашуу тобу түзүлүп мыйзам долбоору кайра каралып чыкты.
Өзгөртүлгөн вариантта жер тилкесин мамлекетке алып коюуда базар баасына кароо тартиби кайра киргизиле турган болду. Андан сырткары, туннелдер жана жер алдындагы курулмаларды куруу үчүн берилген жерлер тууралуу тартиптер каралган.
Комментарий:
Анткен менен өкмөт аймактарда жана шаарларда ар кандай долбоорлордун алкагында менчик жерлерди соттун чечимисиз тартып алган учурлар арбын кездешүүдө. Айрыкча, үстүбүздөгү жылдын башталышы менен мамлекеттик деңгээлде жол жээгиндеги турак-жайларды сүрдүрүү иштери күжүрмөндүк менен жүргүзүлүп жатат.
Жогорудагы мыйзам долбоору мамлекет тарабынан жеке менчиктеги жер тилкелерин тартып алууну жеңилдетүүгө жол ачат. Ал эми, калктын турак-жайга ээ болуусун ипотекалык жол менен чечмекчи болууда. Ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн эл аралык каржы уюмдардан аз пайыз менен кредиттер алынып, аны үстөк пайыз менен калкка тапшырууда. Тагыраагы, өкмөт калкты турак-жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин пайда табуучу долбоорго айлантып жатат. Мындан да кооптуу тарабы, мусулман калктын муктаждыгын шариятта арам болгон кредиттик саясатка байлап, капиталисттердин пайда табуусуна шарт түзүп берип жатат.
Мунун каршысында Ислам бийлик ээлерине калкты негизги муктаждыктын бири болгон турак жай, жер тилкеси менен камсыз кылууну милдет кылган. Ошондой эле, менчик мүлк мамлекет же жеке тарап үчүн болобу айырмасыз, кол тийгис болуп эсептелет. Буга Ибн Аббастын азирети Умарга жер тилкесин мечит үчүн бөлүп бербей соттошуусу ачык мисал боло алат:
“Умар (р.а)нун халифалык доорунда жергиликтүү жамааттын көбөйгөнүнө байланыштуу Алланын Элчисинин (с.а.в) мечитин кеңейтүүгө муктаждык пайда болот. Мындан улам, мечитке жакын жерлерди, үйлөрдү сатып алуу чечими кабыл алынат. Айланадагы мусулмандар бул чечимди кубануу менен кабыл алышат. Бир гана адам өз менчигиндеги жерди мечит үчүн бөлүп берүүдөн баш тартат. Ал пайгамбарыбыздын абасы ибн Аббас (р.а) болчу. Ошондо момундардын амири Умар (р.а) өзү ортого түшүп, сунушталып жаткан каражат аз болуп жатса көбөйтөөрүн жана курулушту тез арада бүткөрүү каалоосун айтат. Буга карабастан ибн Аббас сунуштан баш тартат. Натыйжада, Умар (р.а) казыга кайрылууга мажбур болот. Ошол учурда казы өзүнүн фикх илими менен белгилүү Убайй ибн Кааб (р.а) болчу. Халиф казыга кайрылып: “Мен мамлекет жетекчиси катары Аббаска жер тилкесин сатуусу үчүн базар баасынан кымбат каражатты сунуштадым. Ал каршылык кылуусун токтотуп, жерин сатуусу керек”, – дейт. Ал эми, Аббас (р.а) айтат: “Бул менин жеке менчик мүлкүм. Аны кымбат баага да, мечит үчүн берүүнү да каалабайм. Казы менен менчик укугумду мамлекеттен коргоп бериши керек”. Казы Убайй ибн Кааб эки тарапты уккан соң төмөнкү чечимди чыгарат: “Эч кимдин менчик мүлктү күч менен тартып алууга укугу жок. Бул мечитти кеңейтүү үчүн болсо да мүмкүн эмес. Аббастын мүлкү өзүндө калат. Эч ким, халиф дагы аны сатууга мажбурлай албайт”.
Тараптар эшикке бет алып баратканда, ибн Аббас казыга кайрылып сурайт: “Оо Убай, казынын өкүмү күчүнө кирдиби?”. Ал “ооба” деп жооп берген соң Аббас (р.а) айтат: “Андай болсо мени уккула, ушул мүнөттөн тарта жер тилкемди кайтарымсыз түрдө мечиттин кеңейүүсү үчүн тапшырдым. Ушул учурдан тартып менин жерим халифтин башкаруусуна берилди. Буга таң калган Кааб сурады: “Оо, Аббас! Беш мүнөт мурда жериңди кымбат баага сатууну каалабаган элең. Өкүм чыккан соң аны белекке берүүгө түрткү болгон нерсе эмне? Буга Аббас (р.а) мындай деп жооп берет: “Мен дүйнөгө Ислам менчик мүлктү канчалык коргоп берүүсүн көрсөтүүнү кааладым”.
Нурдин Асаналиев