Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо–жооп
Мусулман өлкөлөрүндөгү институттар
Жума Алсаадга
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
Суроо: “Хизб-ут-Тахрир түшүнүктөрү” китебинин 80-бетинде – жогорудан 10-сапта төмөнкүдөй текст жазылган: “балким, өлкөнү, институттарды жана пикирлерди баскынчылардан бошотуу менен каапыр колонизаторлор түзгөн шарттарды түп тамырынан жок кылуу үчүн иштейт” Цитата аяктады.
“Институттар” дегенде эмне максат кылынган?
Аллах сизди өзү сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге багыттасын.
Бир тууганыңыз Ради.
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баркаатуху.
Сиз сурап жаткан жер Хизб-ут-Тахрир түшүнүктөрү китебинин аягында, 83-бетте, Word файлында келет:
“Мына ушул себептен Хизб-ут-Тахрир исламий аймактарды бардык колонизаторлуктан бошотуу үчүн аракет кылууда. Ал колониализмге каршы келишпес согуш менен күрөшүп жатат, бирок ал жөн эле чыгып кетүүнү гана талап кылбайт, жасалма көз карандысыздыкты да талап кылбайт. Тескерисинче, ал –бул басып алуу аскерий, пикирий, маданий, экономикалык же башка жол менен болсун айырмасы жок, өлкөнү, институттарды жана пикирлерди басып алуудан азат кылуу менен каапыр колонизаторлор түзгөн шарттарды түп тамырынан жок кылуу үчүн иштейт. Жана бүткүл дүйнөгө Ислам динин жеткирүү үчүн Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоо кайра башталганга чейин колонизаторлуктун кайсы бир жагын коргогон ар бир адам менен күрөшөт. Биз Аллахтан суранабыз жана ага жалбарабыз, бул улуу милдеттерди аткаруу үчүн бизге жардам беришин сурайбыз. Ал – Угуучу, Жооп кылуучу” Аягы.
Бул контексттеги “институттар” деген сөз окуу жайларды, мектептерди, колледждерди, университеттерди ж.б. камтыйт. Бардык окуу жайлары бул контекстте “институттар” деген терминге кирет. Себеби, каапыр колонизатор мусулман өлкөлөрүндө өзүнүн көз карашына жана жашоого болгон көз карашына карап билим берүү саясатын койгон. Бул окуучулардын аң-сезимин ууландырып, аларды Ислам пикирлеринен жана анын жашоого болгон көз карашынан алыстатты. Ошондуктан алардын билим берүү саясаты Исламга ылайык болуусу учүн азат кылуу процессине мусулман өлкөлөрүндө бар институттарды да камтууга туура келди. Биз “Мамлекет” китебинде Word файлынын 224-226-беттеринде бул маанини тактаган мазмун айтылган, анда мындай дедик:
“Каапыр колонизатор өлкөнү басып алаары менен Батыштын бардык мыйзамдарын Исламга эч кандай байланышы жок жарандык мыйзамдар деп эсептеп, аны дароо колдонду. Ал эми шаръий өкүмдөр ташталды, ошентип куфр өкүмү түзүлдү жана Ислам өкүмү алынып салынды. Буга анын түркүктөрүн түзүшү жана бардык иштерин өзү түзгөн билим берүү саясатынын жана өзү белгилеген окуу программаларынын негизинде түзүшү жардам берген. Бул бүгүнкү күнгө чейин бардык Ислам өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Ал- көпчүлүгү бул программаларды кайтарууга жана коргоого жооптуу болгон мугалимдердин эбегейсиз чоң армиясын түздү. Алардын көбү ишти колго алып, каапыр колонизаторлордун каалоолоруна ылайык жүрүшөт. Ал билим берүү саясатын жана окуу пландарын эки негизге негиздеген: Алардын бири – диндин жашоодон бөлүнүшү, бул табигый түрдө диндин мамлекеттен бөлүнүшүнө алып келет. Бул мусулман уулдарынын Исламий мамлекетти тикелөөгө каршы күрөшүүсүн талап кылат, себеби бул саясат аларга үйрөтүлгөн негизге карама-каршы келет. Экинчи принцип – каапыр колонизатордун кулк-мүнөзүн жаш акыл-эске толтуруучу негизги билим жана маалымат булагы кылуу. Бул колонизатор каапырды ал каапыр болсо да аны урматтап, улуулап, аны тууроого жана ээрчүүгө аракет кылууну талап кылат. Ошондой эле мусулманды жек көрүү, андан алыстап, андан жийиркенүү жана андан өкүм алуудан тыйылууну талап кылат. Бул Ислам мамлекетин тикелөөгө каршы күрөшүү жана аны реакциячыл деп эсептөөгө алып келет. Колониализм өзү жетектеген же анын ордуна түзүлгөн өкмөттөр көзөмөлдөгөн мектептердин окуу программаларына эле чектелип калган жок. Балким , ал анын жанына таза колониялык негизде негизделген миссионердик мектептерди жана туура эмес саясий, сакофий багытка багыттай турган жоопкерчиликти өзүнө алган маданий институттарды да койду. Ошентип, түрдүү мектептердеги жана маданий институттардагы интеллектуалдык (пикирий) чөйрө үммөттү Ислам мамлекети жөнүндө ойлонуудан алыстата турган жана ал үчүн иштөөсүнө тоскоол боло тургандай тарбиялоочу чөйрөгө айланды.
Анын жанына, бардык ислам өлкөлөрүндөгү саясий окуу программалары динди жашоодон бөлүү негизинде түптөлдү. Динди мамлекеттен бөлүү интеллигенциянын жалпы адаты болуп калды. Карапайым элдин арасында дин саясаттан бөлүнүп, натыйжада мусулмандардын артта калышынын себебин динди кармануу деп, кайра жаралууга (ойгонууга) алып баруучу бирден-бир жол улутчулдук жана ал үчүн аракет кылуу деп ырастаган интеллигенция өкүлдөрү пайда болду…] Аягы.
Демек, колонизатордун пикирлеринин тамыры үзүлүп, үммөттүн пикири таза болушу үчүн, Ислам өлкөлөрүн, институттарды, мусулмандардын пикирлерин колонизаторлордун ар кандай кемтиктеринен куткаруу керек.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рашта.
1447-х, 21-мухаррам.
2025-ж, 16-июль.