Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (2)

60
0

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (2)

(cаясий маалыматтар, жаңылыктарды күзөтүү)

 Саясий анализ — бул кыял эмес, түшүнүү. Ошондуктан түшүнүккө жетүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын топтому болушу шарт. Бул керектүү маалыматтар эки түргө бөлүнөт: биринчиси, учурдагы окуялар жөнүндө жаңылыктар. Экинчиси, ошол окуяларга жана аларды курчап турган шарттарга байланыштуу маалыматтар. Мына ошол экинчи бөлүктү биз «саясий маалыматтар» деп атайбыз.

Саясий маалыматтар — бул окуяга байланышкан жана аны курчап турган маалыматтар. Мисалы, тарыхый өңүт, саясий география, окуяга байланышкан эл, окуяга таасир кылган мамлекеттер жана алардын өз ара мамилелери. Бул маалыматтар теориялык жактан каралбайт, тескерисинче, алардын саясий жагына тиешелүү бөлүгү колдонулат.

Окуяга байланыштуу саясий маалыматтар төмөнкүчө болот:

Биринчиден: саясий география. Өлкөнүн жайгашкан жери, географиялык өзгөчөлүктөрү жана ресурстары анын саясатына таасир кылат, демек, ошол өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларды түшүнүүгө да таасир кылат. Мисалы, дүйнөлүк соода жолдоруна ачык жайгашкан мамлекет башка өлкөлөр менен кеңири байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алат, бул өзүнөн-өзү анын ири мамлекет болуусуна шарт түзөт. Эгерде өлкөдө кысыктар, деңиз каналдары сыяктуу маанилүү географиялык объекттер болсо, ал ошол аймак аркылуу өткөндөргө таасир кыла алат жана байлык топтой алат. Эгерде өлкөдө мунай, алтын, сейрек кездешкен жер казынасы же уран сыяктуу чоң ресурстар бар болсо, анын байып, дүйнөгө таасир кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле өлкөнүн тоолуу, кыйын өткөөл жерлери өзүн коргоого шарт түзөт жана башка ушул сыяктуу факторлор каралат.

Экинчиден: тарых. Дүйнөлүк маселелер ар дайым тарыхый өңүткө ээ болуп келет жана ошол тарых окуяларга өз көлөкөсүн түшүрөт же тарыхый эс тутумду ойготуп, окуяларга түрткү берет. Мисалы, Европа менен Россиянын мамилесин караганда, алардын мамилесинде кастык мамиле бар экенин көрөбүз. Бул кастыктын түпкү себеби тарыхта жатат: Россия үч жолу Европадан, батыш дарбазаларынан чабуулга кабылган.

Үчүнчүдөн: калктардын сыпаттары. Мамлекеттин жалпы багыты өз элинин сыпаттарынан бөлүнбөйт. Мисалы, эгерде элде башкалар үчүн жоопкерчилик алууга даярдык сыпаты болбосо, тескерисинче, өзүнүн гана иши менен алектенүү мүнөзү басымдуу болсо, анда мындай мамлекеттин саясаты көбүнчө чабуул жана кеңейүүгө эмес, өзүн коргоого багытталат. Ошондуктан саясий түшүнүктө элдердин сыпаттарына көңүл буруу зарыл.

Төртүнчүдөн: эл аралык абал. Бул — дүйнөдөгү мамлекеттер ортосундагы мамилелер түзгөн түзүлүш. Эл аралык абалга таасир кылган мамлекеттер — бул башка мамлекеттерге өзүнүн тышкы саясаты аркылуу таасир кыла алган мамлекеттер. Дүйнөдө бир же бир нече күч пайда болуп, ал күчтөр дүйнөгө таасир этүүгө зарыл болгон шарттарга ээ болгондо, дал ошол күчтөр ушул мамилелердин түзүлүшүн жана ошону менен бирге эл аралык абалды белгилеп беришет. Эл аралык абалды белгилеп бере алган мамлекет дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп саналат. Ошондуктан мындай мамлекетти таанып-билүү зарыл.

Окуя биринчи мамлекетте эмес, башка мамлекетте болуп өтүшү мүмкүн. Ошондуктан ошол окуя болуп жаткан мамлекеттин абалын жана ал мамлекет менен дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин ортосундагы мамилени, бул мамиленин табиятын түшүнүү зарыл. Эгерде эл аралык абал эске алынбаса же окуяларды дүйнөдөгү биринчи мамлекеттен бөлүп карасак, анда каралган бурч тарып, туура эмес түшүнүк пайда болот, натыйжада дүйнөлүк окуя жергиликтүү окуяга айланып калат.

Мисалы, 2010-жылы Нигерде төңкөрүш болду. Маалым болгондой, Нигер Францияга баш ийген мамлекет болчу жана Франция ал жакта уран казып алчу. Төңкөрүштө Франциянын агенти Мухаммед Танжаны бийликтен кулады. Демек, Нигер Франция сыяктуу ири мамлекетке көз каранды болгон. Ал эми ошол учурда дүйнөдөгү биринчи мамлекет Америка болчу. Америка Африкада Франциянын таасирин азайтууга аракет кылып жаткан. Америкалыктардын билдирүүлөрүн караганда, алар Мухаммед Танжаны күнөөлөп, аны кайра бийликке кайтарууга же төңкөрүшчүлөр менен кулатылган президенттин ортосунда диалог жүргүзүүгө чакырышкан эмес. Бул маалыматтардын баары Америка бул төңкөрүштүн артында турганын көрсөтүп турат.

Бешинчиден: окуяны жүзөгө ашырып жаткан мамлекетке тиешелүү саясий долбоорлор. Мисалы, 2023-жылы Суданда кагылышуулар болгондо, бул маселени түшүнүү үчүн эл аралык абалды, ошондой эле Судандын дүйнөдөгү биринчи мамлекет менен болгон мамилесин билсек да жетиштүү болбойт. Мындан тышкары, Суданга карата түзүлгөн саясий долбоорлорду да караш керек. Ошондо дароо эле эске британдыктар бийлеп турган мезгилден бери аны бөлүү долбоору келет. Анткени британдыктар Судандын административдик бөлүнүшүн кийинчерээк аны бөлүүгө ыңгайлуу болсун деп курган. Бул долбоор Батыш өлкөлөрүндө макулдашылган. Ал эми башка бир азыркы долбоор — Европанын Судандагы бийликти өз тарабына тартуу аракети. Бул — «жарандык башкаруу» долбоору. Ал Судандын Умaр аль-Баширге каршы көтөрүлүшүн пайдаланып ишке ашырылууда. Демек, бул окуяларды караганда, ушул долбоорлорду четке кагып салууга болбойт. Эгерде кандайдыр бир саясий долбоор жок болсо, анда изилдөө башка нукка бурулат.

Алтынчыдан: жакынкы шарттар. Эгерде бир мамлекетте же аймакта окуя болуп, эл аралык абал түшүнүктүү болсо жана ал окуяны жүзөгө ашырган мамлекет менен дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин ортосундагы байланыш белгилүү болуп, ошол мамлекетке карата түздөн-түз долбоор жок болсо, анда жакынкы шарттар каралат.

Мисалы, Америка 2017-жылы Австралия, Индия жана Жапония менен альянсты жандандырууга киришти. Бул мамлекеттер үчүн атайын долбоор жок экенин билсек да, бул альянс Американын Кытайды ооздуктоо долбоорунун алкагында жандандырылган. Бул долбоор Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө башталган жана андан кийин да уланган. Демек, бул шарттарды эске алуу менен, бул альянс Кытайды чектөө багытында жандандырылган деп түшүнүлөт.

Жетинчиден: окуяны түздөн-түз жүзөгө ашырган адамдар. Анткени саясатты адамдар жасайт, ошондуктан окуяны жүргүзгөн адамдарга көңүл буруу зарыл. Ошондо окуянын багыты кайда бара жатканын түшүнүүгө болот, муну окуяны жүзөгө ашырган адамдын багыты аркылуу билебиз.

Мисалы, 2023-жылы Газага каршы согуш болгондо, ал кезде яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху болчу. Биз эл аралык абалды жана жакынкы шарттарды билип турсак да, Биньямин Нетаньяхунун ким экенине көз чаптыруу зарыл. Ал Америкадагы AIPAC менен байланышы бар, андан колдоо алат, ошондой эле ошол учурдагы америкалык президент Жо Байдендин катуу атаандашы Дональд Трамптын республикачылары менен да байланышы бар. Ал жылы Америкада шайлоо жылы болчу. Мындан тышкары, Нетаньяхунун яхудий түзүмү үчүн өзүнүн долбоору бар, ал АКШнын «эки мамлекет» долбооруна каршы келет. Ал Газанын Батыш Жээк аймагынан бөлүнүп турушун сактоо үчүн күч жумшап келген. О.э анын үстүнөн сотто коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери бар.

Мына ошондо, эмне үчүн ал Америка ишке ашырууга аракет кылган тынчтык келишимдерин жана туткундарды алмашуу келишимдерин үзгүлтүккө учуратканын түшүнөбүз. Эгерде яхудий түзүмүнүн премьер-министри башка бирөө, Америкага толук кынтыксыз баш ийген башка адам болгондо, анда анын саясаты башкача болмок.

Сегизинчиден: окуядан пайдалангандар. Булардын изилдениши пайдалуу, бирок окуянын чыныгы абалын аныктоо үчүн кошумча далилдерди талап кылат. Анткени окуя болгондо, андан бир нече тарап пайдаланышы мүмкүн. Айрымдары аны пландаган болсо, башкалары пландоого катышпайт, бирок пайда көрөт. Эгерде маалымат ушул гана нерсеге негизделсе, анда түшүнүк абдан алсыз болуп, ага таянуу мүмкүн болбой калат.

Мына ушулар саясий түшүнүк үчүн керектүү маалыматтар. Биз булардын айрымдарын кийинчерээк кененирээк түшүндүрүп өтөбүз.

Жаңылыктарды күзөтүү

Биз саясий түшүнүккө жетүү үчүн маалыматтар керек экенин айткан элек. Бул маалыматтардын бири учурдагы окуялар тууралуу жаңылыктарды күзөтүү, экинчиси саясий маалыматтар. Жаңылыктарды күзөтүү деген жөн гана үстүртөн карап чыгуу эмес, бул атайын максат менен кабарларды изилдеп, изине түшүп окуу дегенди билдирет.

«متاباعة» «Изине түшүү же изилдөө» деген сөз тил жагынан алганда мурунку кадамды кийинки кадамга байланыштыруу дегенди түшүндүрөт. Мисалы, изине түшүүдө биринчи кадамды билүү керек, андан кийин ошол кадамдан кийинкисине өтөсүң. Жаңылыктарды күзөтүү да дал ушундай: ал угуу жана окуу аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңылыктарды күзөтүү маанилүүсүн да, майдасын да көз жаздымда калтырбай, керектүү маалыматты издөө түйшүгүн көтөрүүнү билдирет. Анткени майда көрүнгөн кабарда да окуяга байланышкан маанилүү маалымат болушу мүмкүн же болбошу да мүмкүн. Ал эми жаңылыктарды угуп жаткан адам керектүү маалымат кайсы учурда чыгаарын алдын ала билбегендиктен, аны тапканга чейин казып издеши зарыл.

Жаңылыктарды күзөткөн адам, негизинен, эки жол менен издейт: биринчиси — алдын ала бар деп болжолдонгон маалыматты издөө, экинчиси — жөн гана кайсы бир маалыматты издөө. Алдын ала бар деп болжолдонгон маалымат адамдын аң-сезиминде окуя тууралуу толук эмес сүрөт бар болгондо пайда болот. Анда белгилүү бир бурч жетишпей турат жана издөөнү дал ошол бурчту толуктоо үчүн багыттайт.

Эгерде аң-сезимде сүрөт али толук калыптана элек болсо же таптакыр жок болсо, анда ал жалпы маанилүү маалыматты издейт. Анын так белгилери билинбесе да, аны тапканда маанилүү экенин аныктоого болот.

Саясий маалыматтардын айрымдары түздөн-түз окуя тууралуу болот, кээ бирлери окуяга саясий жактан байланышкан шарттар, окуяны жүргүзгөн адамдар, окуяга тиешелүү саясий долбоорлор же жакынкы шарттар тууралуу болот. Маалыматтар мына ушинтип алынат. Ал эми окуяга тиешеси жок, телеканалдар рейтинг үчүн таратып жаткан окуялар же ага байланыштуу, анын айланасындагы окуялар жөнүндөгү маалыматтар алынбайт.

Изилдөөчү күзөтүп жаткан жаңылыктар, негизинен, үч түрдө болот: окуя жана ага байланышкан маалыматтар жөнүндө жаңылык кабар, окуяны жана анын шарттарын сүрөттөгөн маалымат макаласы же окуя жөнүндө пикир билдирген бир автордун көз карашы.

Бул жерде саясий изилдөөчү эмнени алыш керек экенин, эмнени албай коюу керек экенин так ажырата билиши зарыл. Жаңылык кабарды уккандан кийин аны аң-сезимде дароо сорттоо керек: ал кабар алынуучу маалыматпы же ташталып кете турган маалыматпы? Алынуучу маалымат — бул окуяга түздөн-түз байланышкан маалымат. Ал эми окуяга тиешеси жок ар кандай маалыматтар, ошондой эле ар кандай анализдер же жеке пикирлерди алуунун кереги жок.

Анткени саясий изилдөөчү өзүнүн анализин өзү түзүшү керек, башкалардын анализине таянбоого тийиш. Себеби пикир жазган автор саясий изилдөөчү менен бирдей түшүнүктөрдөн улам ой жүгүртпөшү мүмкүн. Кээ бир аналитиктерде так калыптанган түшүнүк болбойт, алар көбүнчө божомолдорго, элестерге, логикалык жүйөлөргө таянып жаза беришет. Андан тышкары, атайын бурмалап жазгандар да болот, же окуядагы тараптардын бирине жан тартып туруп пикир билдиришет, же окуяларды туйгуга алдыртып карагандар болот.

Ошондуктан жаңылыктар жана маалымат макалалары пикир макалаларына караганда маанилүүрөөк. Бирок, пикир макаласында да кээде автор алган маанилүү маалымат болушу мүмкүн. Ошондуктан пикир макалалары да күзөтүлүп турат, бирок алардын артыкчылыгы башка кабарларга салыштырмалуу артта болот.

Ал эми саясатчы жаңылыктарды жана макалаларды алып турган булактар — бул ишенимдүү жаңылык каналдары жана олуттуу гезиттер. Башкача айтканда, бул булактар өз кабарларын тактап, документтештирүүгө маани берген булактар болушу керек. Ошентсе да, саясатчы бул булактардын айткандарын толугу менен кабыл албашы зарыл. Ал дайыма эстен чыгарбоого тийиш: ал пайдалуу маалыматты издөөдө ал маалыматты бул булактардан табышы мүмкүн же таппай калышы да мүмкүн.

Ошондой эле бул каналдардын жана гезиттердин багыттарына көңүл буруу зарыл. Мисалы, оңчул багыттагы гезиттерден маалымат алганда алардын ошол жакка ооп турганын эске алуу керек, солчул гезиттерде да дал ошондой. Маалымат бир эле болсо да, оңчул гезиттер аны башкача, солчул гезиттер дагы башкача формада берет. Демек, күзөтүүчү адам тилдик формадагы «капканга» түшүп калбашы керек.

Гезиттин макаласын жазган авторго да көңүл буруу маанилүү. Айрым жазуучулар жана журналисттер окуяга жана аны жүзөгө ашырган адамдарга түздөн-түз байланышта болуп, маалымат тактыгына чоң маани беришет. Мына ушундай адамдардын макалалары жана кабарлары башка жазуучуларга караганда көбүрөөк көңүл бурууга арзыйт.

Ошондой эле саясатчы окуяны түздөн-түз жүргүзгөн же андан таасирленген тараптардын билдирүүлөрүнүн баарын күзөтүп турушу керек. Мисалы, Жакынкы Чыгышта окуя болгондо, АКШнын мамлекеттик катчысынын ошол окуя тууралуу маалымат жыйынын сөзсүз угушу зарыл. Ошондой эле АКШ президентинин, Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчисинин, Ак үйдүн басма сөз катчысынын жана башка окуяны жүргүзүүгө катышкан адамдардын билдирүүлөрүн да угушу керек. Мунун себеби азыркы учурда Америка дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп эсептелет жана Жакынкы Чыгышка толугу менен үстөмдүк кылат.

Бул жерде көп учурда жооптуу адамдардын билдирүүлөрүнүн ортосунда карама-каршылык же билдирүүлөр менен иштердин ортосундагы карама-каршылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Бул түйүндү чечүү үчүн туура кабарды бурмаланган билдирүүдөн ажырата билүү зарыл. Мунун жолу — билдирүүнүн шарттарына көңүл буруу.

Мисалы, АКШ президенти эки каршы келген билдирүү жасашы мүмкүн: алардын бири ички аудиторияга багытталган, экинчиси тышкы маселеге же окуяга багытталган болот. Эгерде ар бир билдирүүнү өзүнүн контекстинде карасак, анда кайсы билдирүү чын, кайсынысы бурмаланган экенин аныктоо жеңил болот. Ошондой эле билдирүүнү жердеги аракеттер менен салыштыруу, окуя тууралуу жеткиликтүү маалыматтар менен салыштыруу, ошондой эле билдирүү жасаган мамлекеттин ошол окуяга же аймакка карата белгилеген максаттары менен салыштыруу керек. Эгерде билдирүү долбоор менен шайкеш келип, ал эми аракеттер долбоорго каршы келсе, анда билдирүү чын болуп, аракет бурмалоо болуп эсептелет. Эгер тескерисинче болсо, анда тескери чечим чыгат. Демек, кабарды анын жалпы абалынан же сүрөтүнөн бөлүп алып карай албайсың. Бурмалоо аракеттерде да, билдирүүлөрдө да болушу мүмкүн. Бул саясатчы үчүн маанилүү аспект. Кафир саясатчылар калп айтып, элди адаштырат. Ал эми мусулман саясатчы калп айтпайт, тескерисинче, «киная» кылып айтат, бул болсо жакын маанини түшүндүрөт, бирок саясатчы алысыраак маанини көздөгөн болот.

Ошондуктан Пайгамбарыбыз ﷺ  аскердик топторду максатынан башка багытка жөнөтчү, андан кийин душман коопсуз деп ойлоп калган учурда, алар багытын өзгөртүп, чыныгы максатка жетчү. Бул ыкма саясий иштерде да, аскердик иштерде да колдонулат.

Жаңылыктарды күзөтүү, алардын ичинен туурасын тандоо жана пайдалуусун алуу — тажрыйбаны талап кылган иш. Убакыттын өтүшү менен бул жөндөм (малака) калыптанып, иш жеңилдеп калат.

(уландысы бар).

Лукман Харзулла – Палестина

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here