Хусит кыймылы секуляризм жолунда өзүнөн мурункулардан озуп чыкты!

44
0

Хусит кыймылы секуляризм жолунда өзүнөн мурункулардан озуп чыкты!

2025-жылдын 14-июлу, дүйшөмбү күнү, Санадагы Жогорку сот төрагасынын зекет боюнча баштапкы сотту түзүү чечими тууралуу маалыматтар маалымат каражаттарында тарады.

Комментарий:

Зекет биздин улуу Ислам динибиздеги эң абзел ибадаттардын бири. Ал Исламдын беш түркүгүнүн үчүнчүсү болуп саналат жана зекетсиз дин толук болбойт. Аны Алла Таала Өзүнүн китебинде фарз кылган, Пайгамбарыбыз ﷺ  сүннөтүндө бекемдеген, сахабалар болсо аны берүүдөн баш тарткандарга каршы согушуу боюнча ижма кылышкан. Ислам мамлекети бар болуп турган 13 кылымдан ашык убакыт ичинде зекет шариятка ылайык жыйналган жана бөлүштүрүлгөн. Мындай тажрыйбанын таасири ушунчалык чоң болгондуктан, Ислам мамлекетинин айрым доорлорунда зекеттин көптүгүнөн кедейлер дээрлик калбай калган. Бирок бүгүн Батыш капыр дүйнөсү бизге таңуулаган капиталисттик түзүм шартында зекет шарияттагыдай фарз ибадат катары эмес, тескерисинче, конституциялык чектер менен алынган мамлекеттик жыйым катары каралып калды. Хуситтердин бийлиги да ушул эле жолду улантып, элди багуу эмес, салык жыйноону гана көздөп жатат. Аталган жыйымдардын азыркы абалына көз чаптырсак, алар төмөнкү жагдайларда Исламга каршы келет:

Биринчиден, зекет атайын шаръий өлчөмдөргө эмес, жеке адамдын каалоосу же субьективдүү баалоосу менен алынууда. Шарият боюнча соода мүлкүнөн зекет берилиши үчүн анын суммасы 20 динар алтынга (85 грамм алтынга) барабар болушу жана бир жылдык мөөнөт өтүшү талап кылынат. Бирок бүгүнкүдөй шартта жыйноочу менен зекет берүүчү ортосунда соодалашуу жүрүп, акыры шариятка негизделбеген болжолдуу бир суммага келишүү менен аяктаган учурлар арбын.

Экинчиден, эски жана кайра өзгөртүлгөн зекет мыйзамында зекет берилчү мүлк түрлөрү такталган. Шариятта каралган алтын-күмүш жана мал-мүлктөн тышкары, бул мыйзам соода максатында колдонулган товарларга да зекет берилет деп кошумчалаган. Мисалы, жерлерге жана кыймылсыз мүлккө жана алардын пайдалануусуна, өсүмдүк-жемиштерге, сатуу үчүн багылган үй канаттууларына ж.б. Бирок бул кеңейтүү пайдадан эмес, мүлктүн өзүнөн зекет алынуусуна алып келди. Бул болсо шариятка каршы келет, анткени зекетти өсүмдүктөрдөн жана жемиштерден алуу боюнча шариятта так көрсөтүлгөн өкүмдөр бар, ар бир тигилген же өндүрүлгөн нерседен эмес.

Үчүнчүдөн, зекет каражаттары тааныш-билиштик жана тууганчылык негизинде бөлүштүрүлүп, шарият боюнча татыктуу адамдарга эмес, бийликтин тарапташтарына ыйгарылууда. Айрым учурларда, зекет каражаттары массалык үйлөнүү тойлорун каржылоого жумшалууда, бирок Исламда мындай чыгымдар мамлекеттик каражаттан жабылышы керек, анткени алар элге кам көрүү милдетине кирет. Ал эми зекет каражаты болсо шариятта так көрсөтүлгөн сегиз топко гана жумшалышы шарт.

Хуситтер бийлиги муну менен эле чектелбестен, Исламга каршы келген Батыш капырларынын мыйзамдарын жокко чыгаруунун ордуна, “Зекет соту” деген жаңы сот түзүп, ал зекет жыйноодо жана бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иш кылгандарды эмес, тескерисинче, төлөй албаган же зомбулукка каршы чыккан муктаж адамдарды куугунтуктап жатат. Ошентип, зекет ырайымдын жана жамааттык тилектештиктин ибадаты болуудан чыгып, басым жана жазалоо куралына айланууда. Бул болсо Исламдын адилеттүүлүк жана ырайым рухуна ачык каршы келет.

Түпкүлүгүндө бул сыяктуу жалган мыйзамдар менен карапайым элди жазалоонун ордуна аны жокко чыгаруу керек болчу. Ал эми, зекетти адилеттүү чогултуу жана бөлүштүрүү экинчи Халифалык орногондо гана ишке ашат. Ал адилеттикти орнотот, өзүнүн көлөкөсүндө жашаган бардык адамдардын мусулмандардын да, мусулман эмес адамдардын да инсаний ар-намысын жана укугун коргойт.

Садык Сырарий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here