Брюсселдин палестиналыктардын сөөгү үстүнө курулган “терроризм” тууралуу баяны
Душанбеде «Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн терроризмге каршы күрөшү боюнча диалог» өттү. Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү Европа Биримдигинин делегациясы менен террористтик коркунучтарга каршы чараларды, анын ичинде радикалдашууга каршы күрөштү, экстремисттерди куугунтуктоону, онлайн пропагандага каршы турууну жана кайтып келгендерди реабилитациялоону талкуулашты. Европа Биримдиги адаттагыдай, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоонун маанилүүлүгүн кайрадан баса белгилеп, өзүн «баалуулуктар» жана “моралдык үлгү” ээси катары көрсөттү. Кийинки жолугушуу Брюсселде өтүшү күтүлүүдө.
Бирок Европа Биримдигинин мындай позициясы, анын кош стандарттуу саясатын эске алганда, көптөгөн суроолорду жаратат. Ал көп жылдар бою Азия, Африка же Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү саясий исламдын ар кандай көрүнүштөрүнө өзгөчө сезимталдык менен мамиле кылып, аларды радикалдашуу коркунучу менен байланыштырып келет. Ошол эле учурда өзүнө союздаш өлкөлөрдүн репрессиялык иш аракеттерин көз жаздымда калтырып, керек болсо аларды актап да келет.
Бул өзгөчө Европа Биримдигинин “Израилге” карата саясатында ачык-айкын көрүнүп турат. Газадагы бомбалоолордун натыйжасында жүздөгөн тынч жашоочулар каза болуп, үйлөр, мектептер, ооруканалар талкаланып, ондогон жылдар бою уланып келаткан жалпы жазалоо блокадасы уланууда. Бирок бул көрүнүштөргө Брюссель айыптоо айтпайт, санкция да салбайт. Тескерисинче, калкка каршы массалык зомбулук болуп жатса да, европалык чиновниктер “Израилдин” «өзүн-өзү коргоо укугуна» шилтеме кылып тим болушат. Эгер мусулмандар каршылык көрсөтсө — дароо “экстремизм” деп баа берилет. Кыскасы, Европанын көз карашында заманбап ракеталары жана ядролук арсеналы бар мамлекет алсыз, курчоодо турган элге каршы согуш жүргүзсө — бул жөн гана «коопсуздук» чарасы болуп эсептелет.
«Радикализм» термини басым жасоо куралы катары колдонула турган болуп калды. Ал өнөктөш өлкөлөрдүн ичинен ээн баштарын багындырууга, айрыкча исламга ыктагандарды же Батыш саясатына каршы чыккандарды айыптоо үчүн ыңгайлуу каражат болууда. Бирок “израил” тарабынан ачык эле “диний улутчулдук“ же “саясий экстремизм” кылынган учурлар сындан сыртта калууда. Талаалап көчүп жүрүшкөн жарандардын массалык түрдө кыргын кылынуусу, журналисттердин өлтүрүлүшү, сот-сопкутсуз камоолор жана жашы жетпегендердин түрмөдө кармалышы — булардын бири да европалык адам укуктары диалогунда таптакыр талкууга алынган жок.
Ушуларды эске алганда Европанын Борбор Азия өлкөлөрүнө каратылган тарбия берүүчү сыпатындагы кайрылуусу, жумшак айтканда, эч кандай ишенимди пайда кылбайт. Өзү кабыл кылган пикирий эрежелерди тебелеп тепсегенин тоготпостон, укуктар жана мыйзам жөнүндө сөз сүйлөөсү — бул лидерлик эмес, курулай пропаганда. Таң каларлыгы, Борбор Азия аймагынын өкүлдөрү бул карама-каршылыктарды белгилөө мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан жок. Балким, буга саясий же экономикалык абал себеп болсо керек. Бирок эки жүздүүлүккө сүкүт сактоо бул күнөөгө шерик болуу.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн Палестинадагы мусулмандардын кыргын болушун жана Батыштын исламга каршы ачыктан ачык саясатын толугу менен көз жаздымда калтыруусу жана анын үстүнө мындай демилгелерге катышуусу жөн гана дипломатиялык комформизм эмес — бул өз элинин кызыкчылыктарына кыянаттык кылуунун бир түрү. Анткени аймактагы өлкөлөрдүн калкынын көпчүлүгү мусулмандар, жана буга окшогон намыссыз, паскеч тышкы саясат алардын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Ислам баалуулуктарын дайымий түрдө тебелеп тепселегендерге, мусулмандарды азаптагандарга карата баш ийүүчү абалда алардын сүйлөшүүлөрүнө катышуу, азапталуучулардан кол үзүү жана тарыхый жоопкерчиликтен баш тартуу катары баалоо зарыл.
Латыфуль Расых