Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо

92
0

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо

Саясат сөзү иштерди башкаруу дегенди билдирет. Ошондуктан ар бир адам саясатчы боло алат. Анткени ар бир адам өзүнүн карамагындагы адамдардын иштерин көзөмөлдөйт. Бирок “саясатчы” деген сөз айтылганда элдин ою бул чындыктан бурулуп кетет. Себеби өзүнүн гана иштерин көзөмөлдөгөн адамдын таасири өзүнөн тышкары чыкпайт, анын ой-жүгүртүүсү да өз керектөөлөрүнөн ары барбайт. Ал эми “саясатчы” деген сөздү укканда эл адатта бүтүндөй Үммөттүн, мамлекеттин же андан да чоң иштерди көзөмөлдөгөн адамдарды элестетет. Андай саясатчылардын таасири Үммөтүнө, мамлекетине же андан да кеңири чөйрөгө жайылат.

Саясатты “мүмкүн болгон нерселердин өнөрү” деп сүрөттөгөндөр болгон. Бул сүрөттөлүш бир жагынан туура, экинчи жагынан жаңылыш. Эгер “мүмкүн” деген сөз “мүмкүн эмес” же “милдеттүү” дегенге карама-каршы мааниде колдонулса, анда бул сүрөттөлүш туура. Анткени саясатчы мүмкүн эмес иштер менен алек болбойт. Эгер бул сүрөттөлүш саясатчы болгон окуялар менен гана эсептешип, мүмкүн болгон нерселерден баштап саясат жүргүзөт деген мааниде айтылса, анда бул жаңылыш. Мындай саясатчылар эгер үммөтүнүн башкаруусуна келип калса, алар өз эли үчүн кооптуу болушат. Анткени алардын саясаттары азыркы вакыйлыктан гана азык алып, ошол вакыйлык менен чектелип калат. Эгер бул вакыйлык душмандары тарабынан таңууланган болсо, анда үммөт ошол душмандын курган капканынан чыга албай калат. Эгер бул вакыйлык өзү тарабынан түзүлгөн болсо да, аны менен алга жыла албайт жана жакшы жагын сактап кала албайт, тескерисинче артка кайтат.

Ал эми өз үммөтүн өнүктүрө алган саясатчылар – бул вакыйлыкты ашып өтө алган, өз үммөтү үчүн жаңы вакыйлыкты элестетип, аны максат кылып, ошол максатка алып баруучу саясаттарды иштеп чыккан адамдар. Аллах ﷻ  бизге ушундай саясатчынын үлгүсүн сүрөттөп берген, ал өз үммөтүнүн иштерин көзөмөлдөп, бузулган вакыйлыкта калбай, ага каршы чыккан дааватчы. Аллах ﷻ  айтат:

﴿أَوَ مَن كَانَ مَيۡتٗا فَأَحۡيَيۡنَٰهُ وَجَعَلۡنَا لَهُۥ نُورٗا يَمۡشِي بِهِۦ فِي ٱلنَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُۥ فِي ٱلظُّلُمَٰتِ لَيۡسَ بِخَارِجٖ مِّنۡهَا﴾

«Оболу өлүк (кафир) болгон, кийин Биз аны (динге нускоо менен) тирилтип, адамдар арасында өзү менен бирге алып жүрө турган нурду (ыйманды) берип койгон бир адам караңгылыкта калып кеткен жана андан эч качан чыга албаган адамга окшойбу?!». (Анъам: 122).

Пайгамбарыбыз ﷺ  бул жаатта эң мыкты үлгү болгон. Ал элчи болуп жиберилген кезде, коом ичиндеги адамдар бири-бири менен тынымсыз тирешип, бири-биринин канын төгүп жаткан, бирок перстер менен румдуктардын алдында басынган бир эл болчу. Пайгамбарыбыз ﷺ  аларды ошол кордук жана кемсинүү вакыйлыгынан чыгып, дүйнөнүн башына чыга турган улуу макамга жетүүгө чакырган. Бул сөздөр Курайштын башчылары Пайгамбарыбыз ﷺ  жөнүндө нааразылык билдирип, Абу Талибге келишкендеги окуя менен далилденет. Ошондо Абу Талиб андан сураганда, Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деп жооп берген:

يا عمّ، أريدُهم على كلمةٍ واحدةٍ تدينُ لهم العربُ وتؤدِّي العجمُ إليهم الجزيةَ)

«Оо, агам! Мен аларды бир эле сөзгө чакырам, эгер алар аны кабыл алышса, арабдар аларга моюн сунуп, ажамдар аларга жизя төлөшөт». (Муснад Ахмад, №2008).

Үммөтүнүн, мамлекетинин же андан да чоң масштабдагы иштерди көзөмөлдөөнү каалаган саясатчы сөзсүз саясат жүргүзө билүүгө тийиш. Болбосо ал назарий (теориялык) түшүнүктөн чыга албай, амалий таасир бере албай калат. Ал саясат жүргүзө алышы үчүн окуяларды саясий түрдө түшүнө билиши, эл аралык мамилелерди да саясий түшүнүк менен аңдай билиши шарт. Ошондой эле ал дүйнөгө өзгөчө бир көз караш менен карай билип, саясатын дал ошол көз карашка таянып курушу керек. Саясий аң-сезим — Ислам үммөтүн ойготууга аракет кылгандар үчүн аба адам үчүн кандай керек болсо, дал ошондой зарыл. Ислам үммөтүн ойготууну каалаган адам өзүн баалап жатканда, келечекте эмне натыйжаларга жетем деген жагынан баалашы зарыл. Анткени анын максаты — өз үммөтү үчүн мабданы көтөрүп чыккан, дүйнөлүк ири держава болууга умтулган, ал тургай дүйнөгө жетекчилик кылган мамлекет түзүү. Андай мамлекет дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлеши керек, анан Аллах Таала Пайгамбарына ﷺ  жер жүзүнөн кандай бийлик берген болсо, дал ошондой бийликке жетиши керек. Бул максатка жетүү үчүн мусулман бул ишке себеп болгон бардык аракеттерди көрүшү зарыл. Бул себептер мамлекетти курууга алып баруучу шаръий жол менен алек болуу жана өзү менен кошо өзүнүн саясий уюмун да ири державалар менен атаандашууга жөндөмдүү кыла турган деңгээлде даярдоо. Ошондо гана ал дүйнөлүк ири күчтөрдү тарых барагына бүктөп жок кыла алат. Мунун баары бир гана шарт менен мүмкүн болот: эгер коомду ойготуу иштерине киришкен адамдын саясий аң-сезими туура негизде курулган болсо. Ошондо гана анын жыйынтыгы чыныгы ийгилик болот. Болбосо анын аракеттери куру кыялга, элеске айланып, өз үйүнүн бурчунан чыгалбай туруп, дүйнөгө жетекчилик кылууну кыялдануу менен эле чектелет.

Адамдын ойготуу ишинен дүйнөнү Ислам менен башкарууга жана ага жетекчилик кылууга өтүшү ага тиешелүү саясаттарды туура белгилөөнү талап кылат. Бул болсо, өз кезегинде саясий түшүнүктү туура калыптандыруудан, максаттарды туура тандап аныктоодон, ал максаттарга жеткирүүчү аракетти туура тандоодон жана ошол аракет менен максаттардын ортосунда себеп-натыйжа байланышын так түзүүдөн гана келип чыгат.

Ошондуктан бул тармакта иш алып барууга жөндөмдүү экенин сезген ар бир адам үчүн жол ачып бере турган маанилүү негиздерди аныктоо зарыл болууда. Бирок саясий түшүнүктү калыптандырууга тиешелүү негиздерди эле билип алуу жетиштүү эмес, бул жаатта чыныгы ийгиликке жетүү үчүн улантуу, машыгуу жана тажрыйба топтоо да абдан маанилүү. Ошондо гана бул жөндөм калыптанат. Анткени билим алуу заматта келе калчу нерсе эмес, ал туруктуу аракет, сабыр, бекем чечим жана күчтүү эрк менен келет. Адам муктаж болуп туруп үйрөнсө, ал билим көңүлгө бекем орнойт, жүрөккө сиңет жана аны үйрөнгөн адамды билимдүү ишмерге айлантат. Ал эми максатсыз же муктаждыгы жок үйрөнүү — бул жибин ийрип, кайра үзгөн адамдай же эгин эккен соң аны колдонбостон чиритип жок кылган адамга окшош.

Бул макалалар саясий түшүнүк жана саясий анализ жүргүзүүнүн вакыйлыгына, саясий аң-сезимдин жана саясат жүргүзүүнүн абалына жана булардын бардыгына керек болгон саясий маалыматтарга жарык чачат. Бирок бул макалаларды окуган адам дароо саясатчы болуп кетпейт. Ал саясатчы болуу үчүн бул макалалардан өзүнө пайдалуу нерсени алып, тынымсыз улантуу, терең түшүнүү, саясий аң-сезимди өнүктүрүү жана коомго таасир берүү менен алектениши зарыл.

Бул эмгекти мен бүткүл Ислам үммөтүнүн колуна тапшырам. Бул үммөт адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт. Айрыкча, ойгонууга чын ниеттен умтулуп жаткан даъват көтөрүүчүлөргө багыттайм. Алардын ичинен өзгөчө саясий вакыйлыкты туура түшүнүүнү үйрөнүүгө аракет кылып жаткан шабабдарга арналат. Бул макалаларды окуган ар бир адамга айтарым: аларды жөн гана саясий аналитик болуп калуу үчүн колдонбогула. Анткени бул нерсе адамдын турмушуна таасир бербейт, ал тургай суроо берүүчүлөр да аны максат кылбайт, болгону кызыккан адамдар гана кайрылат. Тескерисинче, бул макалаларды үммөт ичиндеги ой жүгүртүүнүн деңгээлин көтөрүүчү васила кылгыла. Аларды туура саясий вакыйлыкты аңдап, ага Ислам акыйдасынын негизинде баа берүүчү жана адамдардын иштерин көзөмөлдөөчү, багыт берүүчү куралга айланткыла.

Аллах Таала бизди түз жолго баштасын.

Саясий анализ

Саясий вакыйлыкты түшүнүп, ага жараша аракет кылууну каалаган адам үчүн саясий анализ ажырагыс талап. Ошондой эле, бул нерсе саясат жүргүзүүчүлөр үчүн да зарыл. Ошондуктан саясий анализ үммөттү ойготууга аракет кылган саясий уюм үчүн да, мамлекет үчүн да абдан маанилүү. Саясий анализдин туура болушу уюмду, мамлекетти жана үммөттү айланасын курчап турган коркунучтардан сактап калат жана аларга зыян жеткирбөөчү, душмандын амалын бузуп жокко чыгарчу же өз максаттарына жетүүгө жардам берүүчү саясаттарды аныктоого мүмкүндүк берет.

Саясий анализ — бул саясий вакыйаларга байланыштуу саясий пикирди жаратуу. Ал саясий маалыматтарга жана аларды өз ара туура байлоого таянат. Саясий анализ саясий вакыйлыкты түшүнүү аркылуу ишке ашат. Бул жөн гана ойду каалаган тарапка учуруп, ар бир жаңылык же окуя менен байланыштуу элестетүүлөрдү түзүү эмес. Эгер акылга эркиндик берилсе, ал саясий анализдин чегинен чыгып, элестетүүгө, жоромолго жана логикалык изилдөөгө айланып кетет. Ал эми мындай ыкма чыныгы жыйынтыктарга алып барбайт.

Буга карама-каршы түрдө, эгер туура саясий түшүнүктөргө байланса, анда ал чыныгы натыйжаларга жеткирет. Анткени саясат — бул саясатчылардын аракеттери, ал эми бул аракеттер алардын мамлекетинин көз караштарына, багыттарына жана тарыхтан бери сиңген мүнөздөмөлөрүнө негизделет. Демек, саясатчылардын абалын, алардын мамлекеттери көтөрүп жүргөн көз караштар менен багыттарды жана ошол мамлекеттердин жана саясатчылардын мүнөзүн түшүнүү, ошондой эле болуп жаткан вакыйынын табиятын түшүнүү жана мунун баарын туура саясий түшүнүктөргө негиздеп туташтыруу жоромол эмес, элестетүү эмес, чыныгы түшүнүккө негизделген анализ болуп эсептелет. Мындай ыкма кичинекей элементтерден турган чоң сүрөттү так жана анык алкактын ичинде жыйноо сыяктуу. Эгер сүрөттүн айрым бөлүктөрү жок болсо да, калган бөлүктөргө карап, ошол жок бөлүктүн мүнөзүн аныктап, акылда бүтүн элестетүү жаралат. Мына ушунун өзү саясий анализ болуп эсептелет.

Саясий анализ жүргүзүлүшү үчүн үч негизги элемент зарыл:

  1. Саясий маалыматтар,
  2. Саясий жаңылыктардан дайыма кабардар болуп туруу,
  3. Саясий жаңылыктарды туура тандоо.

Бул теманы Хизб ут-Тахрир 1974-жылдын 27-мартында жарыялаган «Саясат жана эл аралык саясат» аттуу билдирүүсүндө кеңири түшүндүргөн. Анда саясий маалыматтар тууралуу мындай деп айтылган: «Саясий маалыматтар — бул тарыхый маалыматтар, айрыкча тарыхтагы чыныгы фактылар, ошондой эле саясий жактан мааниге ээ болгон окуялар, аракеттер жана аларга байланышкан адамдар жөнүндөгү маалыматтар. Мындан тышкары, бул — жеке адамдардын, мамлекеттердин же идеялардын ортосундагы саясий мамилелер жөнүндөгү маалыматтар. Дал ушул маалыматтар саясий ойду түшүнүүгө шарт түзөт, мейли ал жаңылык болсун, аракет болсун, акыйдага байланыштуу болсун же өкүм болсун. Эгер бул маалыматтар болбосо, адам канчалык акылдуу жана зээндүү болбосун, саясий ой-пикирлерди түшүнө албайт. Себеби бул жерде кеп акылдын күчүндө эмес, түшүнүктүн бар-жогунда».

Ал эми учурдагы жаңылыктарды, өзгөчө саясий жаңылыктарды билип туруу да маанилүү. Анткени алар — учурда болуп жаткан окуялар жөнүндөгү маалыматтар. Бул жаңылыктар — саясий түшүнүктүн жана изилдөөнүн негизи. Ошондуктан алардан кабардар болуу зарыл.

Турмуштук окуялар ар дайым өзгөрүп, жаңыланып, бири-бирине карама-каршы келип турат. Ошондуктан аларды тынымсыз байкап туруу керек. Бул «поезддин азыр өтүп жаткан станциясында туруу» дегенге барабар. Болбосо, адам поезд бир саат мурун өткөн, бирок азыр өзгөрүп калган станцияда туруп калат. Ошондуктан саясий жаңылыктарды үзгүлтүксүз жана ар дайым байкап туруу зарыл. Мейли ал жаңылык маанилүү болсун, же болсун, эч бирин көз жаздымда калтырбаш керек. Айрым учурларда адам бир ууч буудай табыш үчүн самандын үймөгүн аңтарышы керек болот, кээде таппай да калышы мүмкүн. Себеби маанилүү жаңылыктын качан келери белгисиз.

Ушундан улам, адамга маанилүү болобу же маанилүү болбойбу, бардык жаңылыктарды байкап туруу зарыл. Анткени бул жаңылыктар бири-бири менен тыгыз байланышкан шурулар сыяктуу. Эгер шурунун бир даанасы жоголсо, бүтүндөй чынжыр үзүлөт жана маселенин чыныгы маңызы түшүнүксүз болуп калат. Кээде жаңылыкты туура эмес түшүнүп, учурдагы вакыйлыкты мурдагы эбак бүткөн жаңылык же ой менен байланыштырууга алып келет. Ошондуктан саясий аң-сезимди калыптандыруу үчүн жаңылыктарды үзгүлтүксүз жана тынымсыз байкап туруу — саясий түшүнүккө жетүүнүн жалгыз жолу.

Ал эми жаңылыкты тандоо бул жөн гана угуп коюу эмес, аны аңдап, пайдалуусун иргеп алуу менен ишке ашат. Жөн гана кулак салуу жетишсиз. Саясий аң-сезимдүү адам маанилүү жаңылыкты гана «алат». Маселен, ал эгер Франциянын премьер-министри Лондонго барды деген жаңылыкты укса, аны угуп, андан маалымат алат. Бирок Германиянын канцлери Берлинге барды же Вашингтондогу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы менен жолукту деген жаңылыкты укса, угат, бирок «албайт», башкача айтканда, ага маани бербейт. Анткени ал угуп жаткан бардык жаңылыктардан, кайсынысын алуу керек, кайсынысын албоо керек экенин айырмалай билиши шарт. Ал үчүн жаңылык кандай гана маалымат болбосун эмес, чындап пайдалуу жана керек болгону гана тандалып алынышы керек. Бул жаңылыктарды «угуу үчүн эмес, алуу үчүн» көзөмөлдөө дегенди билдирет.

Жаңылыктарды кайдан алуу керек деген маселе да маанилүү. Алар ишенимдүү гезиттерден жана кадыр-барктуу телеканалдардан алынышы зарыл. Себеби мындай булактар өздөрүнүн эл алдындагы ишенимин сактап калууга аракет кылышат, айрыкча саясатчылардын алдында ишенимдүү болууга умтулушат. Ошондуктан алар жаңылыктарды даярдоодо жана макала жазууда окуялардын жүрүшүнө түздөн-түз катышкан тараптар менен байланышууга аракет кылышат жана маалыматты түз булагынан алууга умтулушат.

Ошого карабастан, бул маалыматтарга сокур ишенүү туура эмес. Анткени саясий вакыйларга түз аралашкан саясатчылар көп учурда элди адаштыруу максатын көздөшөт, бул өз багыттарын актоо, максаттарын жашыруу же душмандарына мүмкүнчүлүк бербөө үчүн жасалат. Ошондуктан жаңылыктарды көзөмөлдөгөн адам сөздөрдү жана аракеттерди, алар айтылган учурларды, ким айтканын жана ким жасаганын тыкыр байкап, аларды өзүндөгү түшүнүктөр менен байланыштырып талдоого милдеттүү. Ошондо гана ал жаңылыктын чыныгы вакыйлык же адаштыруучу маалымат экенин айырмалай алат.

Ошондой эле жаңылыктар түздөн-түз саясатчылардын өз оозунан да алынат: мамлекет башчылары, тышкы иштер министрлери, өлкөлөрүнүн атынан сүйлөгөн өкүлдөр жана улуттук коопсуздук жаатында иштегендер. Саясий вакыйлыктарды байкап туруучу адам мындай адамдардын, же мамлекеттери тарабынан белгилүү саясий, аскерий же чалгынчылык тапшырмалар менен жиберилген башка адамдардын чыныгы абалын көз жаздымда калтырбоого тийиш. Алардын өмүр таржымалын, башкача айтканда, өмүр баянын билүү абзел. Болбосо, ал жалпы саясий сүрөттү түзүп турган маанилүү бөлүктөрдүн бирин жоготуп коюшу мүмкүн.

Ооба, саясий анализ өтө маанилүү, бирок ал өз алдынча максат эмес, тескерисинче, бир чоң максатка жетүүчү каражат. Ошондуктан ойгонуу үчүн иш алып баргандар жана мамлекет башкаруучулары саясий анализди колдонууга тийиш. Себеби ал алардын иштеринде чоң пайда алып келет.

Үммөтү ойготуу үчүн иш алып барган ар бир адам өзүнүн саясий уюмун дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөрүүнүн лидери катары карашы керек. Өз үммөтүн болсо Аллах Таала Пайгамбарына ﷺ  жер жүзүнөн кандай бийлик тартуу кылган болсо, ошол бийликке жетчү үммөт катары көрүшү зарыл. Ал эми өз мамлекетин дүйнөдө биринчи орунда турган, кийин болсо дүйнөдөгү жападан жалгыз мамлекетке айлана турган держава катары кабыл алууга тийиш.

(уландысы бар…).

Лукман Харзаллах

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here