Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер Американын Россияга каршы кадамыбы?

87
0

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим

Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер

Американын Россияга каршы кадамыбы?

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен Бакуга расмий сапар менен барды. (Өзбекстан президентинин расмий сайты)

Комментарий:

Бакуда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Шавхат Мирзиёев менен Илхам Алиев эл аралык жогорку деңгээлдеги өкмөттөр аралык кеңештин экинчи жыйыны тууралуу чечим кабыл алышты. Мамлекет башчылары бир катар эки тараптуу документтерге да кол коюшту. Ошондой эле, Мирзиёев 4-июлда Ханкенди шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитине катышты. Бул иш-чарага Азербайжандын президенти Илхам Алиев төрагалык кылып, ага Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан, Ооганстан лидерлери, Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ассад Мажид Хан жана башка аймактык өлкөлөрдүн жана уюмдардын делегация башчылары катышты.

Бул лидерлерге көңүл бурганда, АКШ баш болгон Батыштын Орусияны Азияда ачууландыруу, анын күчүн алсыратуу жана акырында таасирин азайтуу аракети экенин түшүнүүгө болот. Мисалы, Мирзиёев жана башка өлкөлөрдүн лидерлеринин Азербайжандагы жыйыны аларды кандайдыр бир деңгээлде Россияга каршы көбүрөөк тайманбай аракеттенүүгө шыктандырып жаткандай көрүнөт. Себеби Азербайжан учурда Орусияга каршы ачык жана тайманбас билдирүүлөрү менен баарын таң калтырып жатат жана аны иш жүзүндө да көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Маселен, Орусиянын коопсуздук күчтөрү Азербайжан жарандарына рейд жүргүзүп, эки адамды өлтүргөн окуяга жооп катары Азербайжанда россиялыктарга каршы кампания баштады. Ал эми Азербайжандын мамлекеттик телеканалы “Урматтуу Путин, эмне болду?” деп ачык сынга алууда.

Орус режиминин каапыр бийлиги азерилерди гана эмес, кыргыз, казак, тажик, түркмөн жана өзбек сыяктуу боордош элдерди да экинчи сорттогу адамдар катары көрөрүн өзгөчө баса белгилеп кетүү керек.

Мирзиёевдин Азербайжанга болгон сапары Россия менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер мындан да начарлап жаткан шартта өткөнү өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Эгер кылдат карап көрсөк, Борбор Азия лидерлигине умтулган өзбек режими Россия менен өтө жумшак мамилени сактап келатат. Ошого карабастан, Борбор Азияда эң чоң зыянды каапыр Россиядан Өзбекстан көрүп жатканын айтсак, аша чапкандык болбойт. Бул өлкөнүн экономикасына Россиянын кийлигишүүсүнөн тартып, өзбек мусулмандарына карата катуу кысымга чейин ачык көрүнүп турат.

Аймактагы башка өлкөлөр, айрыкча Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан, айрым учурларда Россияга карата бир аз болсо да тайманбастык көрсөтүп жатышат. Бирок, аймактын жүрөгү деп саналган Өзбекстан бул жаатта баарын артка тартып жаткандай. Өлкөбүз жана элибиз Россиядан эң чоң зулумду жана зыянды көрүп жатканына карабастан, өзбек режими “Россия менен мамилени бузбоо” деген жүйө менен баарын көз жаздымда калтырып келет!

Ошентсе да, Борбор Азияда Россияга каршы турууну жана анын таасирин мүмкүн болушунча азайтууну Өзбекстансыз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ушул жагынан алганда, Мирзиёевдин Азербайжанга сапары аны Россияга карата көбүрөөк тайманбас болууга шыктандыруу үчүн ылайыктуу мүмкүнчүлүк катары бааланат. Бул жагынан Азербайжан Өзбекстан үчүн даана үлгү боло алат. Себеби Москва Азербайжандын өзүнө каршы аракеттерине мурдагыдай катуу жооп кайтарбай жатат.

Мунун өзү Путин режиминин акыркы убактарда тышкы саясатта бир топ алсырап калганын, ал эми азыр мактанып жаткан аскердик күч анчалык ишенимдүү эместигин кыйыр түрдө тастыктап жаткандай. Туура, сүйлөшүүлөр учурунда жана бир нече жолугушууларда Россия жөнүндө түздөн-түз эч кандай сөз болгон жок. Бирок, бул маани алардын маңызында жатканы эч кыйынычылык туудурбайт. Албетте, мунун артында Батыш, айрыкча Америка турат. Анткени Азербайжандын жалгыз өзү Россияга каршы тайманбай чыгышы күмөндүү. Шексиз, бул кайратты ага Түркия аркылуу Америка берип жатат. Балким, бул Абрахам келишимине кошулуунун сыйлыгы болсо керек, анткени Азербайжан бул келишимге кошулуу аркылуу Америкадан колдоо алууну каалап жатат. Ошентип, Азербайжан Өзбекстанды кошо алганда, Борбор Азия өлкөлөрүн Россиядан алыстатуу милдетин өз мойнуна алгандай болуп жатат. Мунун баары түрк элдеринин биримдиги деген ат менен жасалууда. Туура, Россияга каршы биригүү абдан маанилүү жана Украина кризисинин шартында Россиянын алсырашынан пайдаланып калуу да ылайыктуу. Бирок мындай биримдик жана каршы туруу Америка же башка колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылбашы керек. Болбосо, бул болгону бир залимди экинчиси менен алмаштыруудан башка нерсе болбойт!

Бул мамлекеттер мусулмандарга дал ушундай тандоону сунуп жатышат. Алар эки жамандыкты салыштырып, бирин танда деп жатышат! Бирок, дагы бир туура жол бар. Ал Исламга кайтуу, ага моюн сунуу, Ислам негизинде биригүү жана аны Халифалык мамлекетинде толук колдонуу. Ошондо гана каапырлардын мусулмандарга үстөмдүк кылуусу түп-тамырынан жок болот жана Аллахтын жардамы менен жеңиш келет.

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса сүрөсү, 141-аят).

Ислам Абу Халил

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here