Көптөгөн жүйөлөр бар… бирок жыйынтык жок!
Мисирдеги регионалдык жолдо жана көпүрөлөрдүн урашында болгон акыркы окуялар бул өлкөдөгү режимдин «жетишкендик иллюзиясын» улантып жатканын көрсөттү. Ал батыш хазаратынан алынган материалдык колдоого таянууда. Ошол эле учурда иштерди баалоодогу чыныгы өлчөм алардын шарият өкүмдөрүнө дал келиши жана элдин иштерине чыныгы камкордук көрүлүшү экенин көз жаздымда калтырууда. Режим бул жолдорго миллиондогон долларларды коротту, бирок алардын курулушунун сапаты же пайдасы тууралуу эч ким сураган жок. Натыйжада, жолдор тыгындарды, кырсыктарды, транспорт чыгымдарынын кымбаттоосун чечпеди, тескерисинче, коррупция менен начар башкаруунун ачык мисалы болуп калды.
Режим жана анын маалымат каражаттары жооп бергиси келбеген суроо мындай: Бул долбоорлор Мисирди экономикалык кризистен куткара турган чечим катары жарнамаланган эмес беле? Регионалдык жол жана башка долбоорлор Мисир тарыхындагы эң чоң долбоор катары көрсөтүлгөн эмес беле? Анда Мисирдин экономикасы азыр кандай абалда?
• Акча жана бизнес ээлери, мисалы, Нагиб Савирис жана башкалар, бийликтин ашынган кысымы жана бардык тармактардагы шалаакылыктан улам качып жатышат. Өз эли качкан өлкөгө кандайча чет элдик инвестор келет? Болбосо, аларга бийлик Мисир элинин эмгеги менен топтогон акчасын талап-тоноого шарт түзүп берип жатабы?!
• Заводдор жана ишканалар жабылып, миңдеген жумуш орундары жок болуп жатат. А түгүл, 155 жылдан ашык элге кызмат кылган Абу Коркас кант заводу да жабылды. Натыйжада өлкө өндүрүшсүз, керектөөчү базарга айланды.
• Туризм Мисирдин чексиз байлыктарына жана ресурстарына караганда чындыгында анча зарыл болбосо да — электр жарыгынын үзгүлтүгү, тазалыктын начардыгы, аэропорттордогу кызмат көрсөтүүнүн сапатсыздыгы себептүү, азыр толук кыйраган абалда.
Бул долбоорлор экономикалык жактан эч кандай жыйынтык бербегени айкын болгондо, режим жаңы жүйөнү ойлоп тапты. Жолдор аскердик максаттар үчүн курулган деп айта баштады. Бул жүйөсүн коңшу мусулман өлкөлөрдөгү окуялар менен негиздөөгө аракет кылууда. Бирок бул жүйө да чындык алдында кулайт:
• Булжолдордункөбүиришаарлардыбайланыштырганыменен, аскердикжактанэңмуктажболгон Синай сыяктууаймактарда эски, каралбайэскиргенжолдор эле колдонулупжатат.
• Биздин курал-жарактын көбү Америка Кошмо Штаттарынан келет, ал эми АКШ бизге бир да ок бербейт, Куддус жана Мубарак Палестина жерин басып алган яхудий түзүмү менен согушпастан, тескерисинче, ошол түзүмдү коргоо үчүн аскердик жардам берип келет.
• Биздин стратегиялык ресурстарыбыздын көбү, айрыкча жаратылыш газы, яхудий түзүмүнөн импорттолот жана бул көз карандылык азыркы режимдин тушунда ого бетер күчөдү. Эгер бул режим кагылышуунун чыныгы мүнөзүн түшүнсө, Мисир менен Ислам үммөтүнүн душмандарынын бут астына мойнун такабайт эле.
• Тарых далилдеп турат, согуштар мамлекеттин бюджети менен курулган жолдор аркылуу эмес, күчтүү экономика жана Исламды ыйман негизинде кабыл алган, эркин чечим кабыл алган армия менен гана жеңишке жетилет. Батыш колонизаторлоруна көз каранды куралы менен эмес!
Бул себептердин баары жана яхудий түзүмүнө кылынган тынымсыз жагалдануу, аэропортторун алардын жетекчилерине ачып берүү, аларды режимдин ар кандай иш-чараларына киргизүү баары акыл ээлерине бул режим яхудий түзүмү менен согушууга даярданбаганын, тескерисинче, тактысын сактап калуу үчүн тышкы колдоого муктаж экенин ачык көрсөтүп турат.
Бүгүн Мисир элине бул жолдор экономикалык да, аскердик да пайда алып келбеси айкын болду. Сот чечимдеринде да бул жолдор коомдук транспорт үчүн да жараксыз экени көрсөтүлдү. Мунун өзү мисирликтерге азыркы секулярдык, саткын режимдин ийгиликсиздигин, алсыздыгын, АКШ кресттүүлөрүнө болгон көз карандылыгын жана Мисир элин, анын байлыктарын сатып жиберүү аракетин ачык түшүнүүгө себеп болушу шексиз.
Бул табигый, анткени биз бул башкаруу системасын Батыштан алып келип, Исламдын улуу түзүмүн алмаштырдык. Ислам болсо элдин иштерине адилеттик жана жакшылык менен кам көрүүнү, мусулмандарды бириктирүүнү жана армияларды Палестинаны жана башка басып алынган ислам жерлерин бошотууга багыттоону буюрат. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ اللهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَى وَيَنْهَى عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ﴾
«Албетте, Алла адилеттикке, жакшы иштерди кылууга жана тууган-урукка күйүмдүү болууга буюрат, ошондой эле бузукулуктан, жаман иштерден жана зомбулуктан кайтарат. Ал Зат балким эскертме – өрнөк болоор, деп силерге нарк-насыят кылат». (Нахл сүрөсү, 90-аят). Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер». (Бухари жана Муслим риваяты).
Ислам мыйзамдары так жана ачык, бирок алар бүгүнкү турмушубузда колдонулбай келет. Бул жерде «Хизб ут-Тахрир» партиясынын ролу көрүнүп турат, бул партия чыныгы жана чынчыл жол башчы, үммөтүн алдабаган партия. Ал Исламий жашоону кайра баштоо жана пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкты куруу үчүн иш алып барып жатат. Бул аркылуу бийлик үммөттүн колуна өтүп, мыйзам үстөмдүгү Исламга таандык болуп, мусулмандар Батыш колонизаторлорунун жана алардын башкаруучу курал режимдеринин көз карандылыгынан бошойт.
Ислам үммөтү бул улуу долбоорду колдоого жана Аллах ыраазы боло турган, адилеттикти орнотуп, Батышка болгон уяттуу көз карандылыкты токтотуучу Ислам мамлекетин курууга чын жүрөктөн аракет кылгандар менен чогуу иштешүүгө тийиш.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал сүрөсү, 24-аят).
Абдурахман Шакир — Мисир вилаяты
Роя гезити