Ислам көлөкөсүндөгү урмат менен көз каранды режимдердин алдындагы кордуктун ортосунда чоң айырма бар

38
0

Басма сөз баянаты

Ислам көлөкөсүндөгү урмат менен көз каранды режимдердин алдындагы кордуктун ортосунда чоң айырма бар

Судан аттестаттык экзамендеринин жогорку комитети эл аралык коомчулукка жана тиешелүү уюмдарга кайрылып, Билим берүү министрлигинин аракеттерине колдоо көрсөтүүнү жана өзгөчө согуштан жана татаал гуманитардык абалдан жапа чеккен аймактардагы бардык судандык окуучулардын экзамен тапшыруусуна жардам берүүнү суранды. (СУНА, 26.06.2025)

Өз боордошторубуздун арасынан дагы деле Бириккен Улуттар Уюмуна жана анын астындагы уюмдарга үмүт артып, жардам күткөндөр табылып келет. Бирок тарых бул уюмдардын Аллах үчүн эч нерсе бербегенин далилдеп турат. Алар кайрымдуулук уюмдары эмес, тескерисинче, ар дайым исламга жана мусулмандарга каршы ачык душмандыгын көрсөтүп келишет.

2016-жылы ЮНЕСКО «экстремизмге каршы күрөш» боюнча жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында «Жакынкы Чыгыштагы жана экстремисттик идеялар күч алган башка аймактардагы окуу программаларын өзгөртүү маселесин чечүү зарыл» деген чечим кабыл алынган.

Бул «экстремисттик идеялар» деген термин менен, негизинен исламга каршы күрөш гана максат кылынган. Себеби бүгүнкү күндө дүйнөнү башкарган Батыш өлкөлөрү динди турмуштан, башкаруу жана саясаттан, экономика жана коомдук тартиптен ажыратылган руханий гана исламды каалашат. Алардын максаты — өз пландарын тоскоолдуксуз ишке ашыруу жана мусулмандарга каршы кылмыштуу аракеттерин улантуу. Түштүк Судандын бөлүнүп кетиши да, бүгүн Суданда жүрүп жаткан согуш да капиталисттик түзүмдүн жана алардын кылмыштуу уюмдарынын жолун ээрчүүнүн натыйжасы.

Адамзатка жардам берүүчү уюм деп аталган бул уюмдардын ролу жарыяланган милдеттеринен ашып түшөт. Алар иштеп жаткан аймактардагы чыныгы абал тууралуу элге жалган маалымат таратуу аркылуу коомдук пикирди адаштырып, өз иштерин улантууга шарт түзөт. Мындан тышкары, бул уюмдар эл аралык күчтөрдүн кызыкчылыгына шектүү чалгындоо иштерин да жүргүзүп келет. Көптөгөн байкоочулар аларды заманбап колонизаторлуктун куралдары деп аташат! Чынында, алар эл аралык күрөштөгү эң коркунучтуу куралдардын бири.

Суданда бул эл аралык уюмдардын батыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн чалгындоо жана тыңчылык иштерин жүргүзүп жатканы канча ирет ашкере болду! Алар маалымат чогултуу менен эле токтоп калбастан, калк ичиндеги кектешүүнү, кастыкты, тирешүүлөрдү күчөтүүгө да себепчи болушууда. Мисалы, Түштүк Суданда болгон окуяларда бул уюмдар кагылышуунун бир тарабына жан тартып, чыр-чатактарды ого бетер татаалдаштырып жиберген. Мунун баары аларга берилген ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу аркылуу ишке ашкан. Иш-чараларды башкаруу жана коомдук иштерди көзөмөлдөө бул уюмдарга ишенбөөнү талап кылат. Себеби алардын иш-аракеттери көптөгөн күмөн саноолорду жаратат жана кызыкчылыктардын кагылышынан улам, ошондой эле колдоочу мамлекеттердин турумунун бүдөмүктүгүнөн улам, ишмердүүлүгү ачык-айкын эмес.

Кутулуу жолу душмандарыбыздын колунда эмес, өз колубузда. Бул айдан ачык душмандык кылгандар да, эки жүздүүлүк кылып дос көрүнгөн, «өнөктөш» же «донор» болуп чыккан мамлекеттер да баары бизге зыян гана алып келет. Эң маанилүү тармак, жаңы муундарды калыптандыруу жана тарбиялоо үчүн негизги курал болгон билим берүү маселесин мындай күмөндүү уюмдарга байлоо бул саясий жактан өзүн-өзү өлтүрүү менен барабар жана коом үчүн чоң апаат. Мунун кыйратуучу кесепеттери сөзсүз жакын арада билинет.

Билим берүү — мусулмандар ойгонушунун негизги тиреги. Ал өз максатына жетиши үчүн Ислам дининин улуу акыйдасына негизделген саясий түзүм болушу шарт. Бул түзүм мамлекетине өз алдынча, бийик, өзгөчө жана көз карандысыз саясий көз карашты берет. Ал адамзатты капырчылыктын, адашуунун жана наадандыктың караңгылыгынан Исламдын нуруна жана адилеттүүлүгүнө алып чыгат. Ислам бул адилеттикти акыйда, аң-сезим, саясат, экономика, илим, технология жана жашоонун бардык тармагында алып келет.

Бул саясий түзүм — эч шексиз Пайгамбарлык минхажындагы рашид Халифалык болуп саналат. Ал Исламды жана анын бардык системаларын толук кандуу колдонууга милдеттүү. Мындай халифалык кылымдар бою дүйнөнү башкарууда илимий мекемелердин үстөмдүгү, өнүгүп жаткан жаңылыктар, ачылыштар жана адамзаттын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы менен айырмаланган. Демек, Ислам көлөкөсүндөгү урмат менен көз каранды режимдердин алдындагы кордуктун ортосунда чоң айырма бар.

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы маалымат бөлүмү

26.06.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here