Россиянын Ооганстан өкмөтүн таануусу аймакта Ислам түзүмүнүн пайда болушуна тоскоол болуу багытындагы кошумча кадам

54
0

Басма сөз баянаты

Россиянын Ооганстан өкмөтүн таануусу аймакта Ислам түзүмүнүн пайда болушуна тоскоол болуу багытындагы кошумча кадам

Россия бейшемби күнү Ооганстандын жаңы элчисинин ишеним грамоталарын расмий түрдө кабыл алганын жарыялады. Муну менен Россия Талибан өкмөтүн тааныган биринчи мамлекет болуп калды.

Хизб ут-Тахрир / Ооганстан вилаятынын маалымат бөлүмү бул окуя азыркы түзүмдү эл аралык улуттук, секулярдык мамлекеттик система менен акырындык менен интеграциялоо процессинин бир бөлүгү экенин билдирет. Бул процесс убакыт өтүшү менен Талибанды Аллах Тааланын динин орнотуу жана жайылтуу деген негизги исламий максатынан алыстатууга каратылган. Мындан тышкары, бул таануу Ооганстанды аймактык жана дүйнөлүк державалардын тирешүү аянтчасына айландыруусу мүмкүн.

Ооганстанда бийлик алмашкандан бери Россия жаңы бийлик менен күчтүү мамиле курууга тырышып келет. Бул саясий өзгөрүү Россиянын улуттук коопсуздук коркунучтарынан жана Борбордук Азиядагы стратегиялык кызыкчылыктарынан келип чыккан. Москва исламий саясий кыймылдардын күчөшүнөн, Халифалыктын кайра тикеленишинен жана мусулмандардын биригишинен коркуп келет. Россия учурдагы Ооганстан өкмөтүн Борбордук Азиядагы мужахиддерди басууга милдеттендирет. Мына ушул себептен улам, 2024-жылдын 4-июлунда президент Путин ачык айткан: “Талибан — терроризмге каршы күрөшүүдө биздин өнөктөшүбүз”. Бул билдирүү Россиянын Ооганстан өкмөтүнө пайдалануу жана манипуляциялык көз карашын ачык көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө «таануу» деген түшүнүк күчтүү мамлекеттер өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн колдонуп жаткан заманбап саясий курал болуп эсептелет. Бул Россиянын стратегиялык эсептерине негизделип берилген саясий артыкчылык. Россия Ооганстан өкмөтүн бул пайда үчүн сактап калууга, материалдык кызыкчылыктарды биринчи орунга коюуга, ал эми бардык башка баалуулуктарды, анын ичинде мабдаий исламды жана баалуулуктарды четке кагууга мажбурлайт.

АКШ президенти Дональд Трамп жаңы сириялык түзүмдөн көп нерсе күткөндөй эле, исламга жат мамлекеттердин мындай кооптонуулары алардын биргелешкен стратегиясын ачып берет. Алар исламий саясий кыймылды чектөө жана аймакта Ислам түзүмүнүн кайра жаралышына жол бербөөнү максат кылат.

Мындан тышкары, Россия сыяктуу душман мамлекеттерден мындай саясий пайда табууга умтулуу исламий ишенимден чыккан эмес, тескерисинче, прагматизмге жана пайда табууга негизделген акыйдасыз менталитеттен келип чыккан.

Учурунда Аманауллах Хан да Владимир Ленинге расмий кат жөнөтүп, СССРден саясий колдоо сураган жана аны тааныган алгачкы мамлекет болгон. Бирок, тарыхый жактан да, учурда да Россия Исламдын жана мусулмандардын эң чоң душмандарынын бири бойдон калууда. Ал мусулмандардын биримдигине негизги тоскоолдук. Россиянын мусулмандарга каршы кылмыштары Россия ичинде, Борбордук Азияда, Кавказда, Сирияда, Ооганстанда жана башка аймактарда жашырылгыс факт.

Шексиз, каапыр мамлекеттер менен дипломатиялык, саясий жана экономикалык мамилелерди жүргүзүүгө Ислам уруксат берет жана мунун тарыхый мисалдары да бар. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ доорунан баштап, төрт халифтин мезгилине жана андан кийинки доорлорго чейин мусулмандардын тышкы мамилелери ар дайым исламий акыйда жана «аль-валя» менен «аль-бара» (Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн жек көрүү) өкүмдөрүнө ылайык жүргүзүлүп келген. Халифалыктын тышкы саясаты Исламга даъват кылуу жана жихад аркылуу исламий башкарууну кеңейтүү миссиясына кызмат кылган. Мунун ачык мисалы катары, Пайгамбарыбыз ﷺ ошол учурдагы императорлордун сарайларына элчилерди жөнөткөнүн айтуу мүмкүн.

Исламдагы дипломатия — динди ачык көрсөтүү, «аль-валя» жана «аль-бара», жана аймактарды «Дарул-Ислам» же «Дарул-Куфр» деп классификациялоо сыяктуу түшүнүктөргө негизделет. Бул түшүнүктөрдүн секулярдык улуттук мамлекет системасында орду жок. Тескерисинче, алар көп учурда коркунуч катары кабыл алынат. Азыркы система, эгер анын максаты түздөн-түз Исламга негизделген саясий түзүм орнотуу болбосо исламий тышкы саясат жана дипломатияны жүргүзө албайт. Бул саясат пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалыкты калыбына келтирүү аркылуу гана мүмкүн. Болбосо, азыркы мамлекет акырындап секулярдык дүйнөлүк түзүмгө аралашып, саясий реализм жана эл аралык системага сиңип кетүү аркылуу адашууга кирип кетет.

Тилекке каршы, бул — саясий адашуу. Мындай жолго башка мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары да кирип, бүгүнкү күндө дагы ошол жолдо бара жатышат. Бул болсо алардын колдорун эл аралык түзүмдүн кишендерине байлап салды.

﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ العِزَّةَ لِلّهِ جَمِيعاً﴾
«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса сүрөсү, 139-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Ооганстан вилаятындагы маалымат бөлүмү

05.07.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here