Мусулман кыздардын кийими Россиянын башкаруучуларын тынчсыздандырууда

37
0

Мусулман кыздардын кийими Россиянын башкаруучуларын тынчсыздандырууда

«Коммерсантъ» гезити 2025-жылдын 29-июнунда мындай деп жазды: «Россиядагы мектеп формасы боюнча улуттук стандарт 1-июлдан тартып күчүнө кирет. Бул формага карата талаптардын ичинде анын секулярдык мүнөзүн сактоо талабы да бар».

Комментарий:

Россиянын башкаруучулары Исламдын жайылышына көмөкчү болгон нерселерге каршы ачык душмандыгын жашырууга аракет кылууда. Алар уят жерлерин жаап жүргөн ар-намыстуу мусулман кыздарынан коркушат, анткени бул кыздар орус элинин Исламга багыт алуусуна, аларды колдошуна жана үлгү алышына себеп болушу мүмкүн. Башкаруучулар бул маселе боюнча ачык сүйлөгүсү келбейт, анткени бул алардын Исламга каршы күрөшүн ачык көрсөтүп коёт жана шариаттын талап кылган кийимин тыюу жалпыга эмес, дал мусулмандарга багытталганын ачыктап коёт.

Бирок сыр эмес, аларда христиандар менен яхудийлердин кийимине эч кандай маселе жок. Исламга болгон бул кастык жалпы сөздөрдүн артында жашырыла албайт. Ошондой эле, «терроризмге каршы күрөш» же «фундаментализм» деген шылтоолор менен мусулмандарды куугунтуктап жаткандай эле, шариаттагы кийимдерди да тыюуга болбойт.

Россиянын Батышка каршы саясатын ислам өлкөлөрүнө пропаганда кылып, ага суктанган адамдар түшүнүшү керек. Россиянын тарыхы толугу менен мусулмандардын жерлерин басып алуу менен өткөн. Канчалык өзүнүн тышкы саясат отчеттору аркылуу бул көрүнүштү башкача көрсөтүүгө аракет кылбасын, бул Москва эч качан Ислам жана мусулмандардын досу болбогонун далилдейт. Ошондуктан мусулмандардын Россия менен болгон мамилеси Аллахтын душмандарына тийиштүү болгон мамиле болушу керек.

Али Абу Айюб

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here